Шашылыш кабар:

Мөңгү мыйзамы боюнча мунаса табылган жок

Ноябрь 10, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
209

Өкмөт тегерек столдо Суу кодексине киргизилип жаткан мыйзам долбоору Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүнөн башка бир дагы мөңгүгө тиешеси жок деп кайталады. Деген менен жарандык коом аткаруу бийлигинин айткандарына ынаган жок. Жыйынтыгында активисттер менен өкмөт мүчөлөрү кайым айтышып, жыйын ызы-чуу менен аяктады

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Айтмамат Назаров «Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун тарыхын айтып берди. Ага ылайык аталган документ Темир Сариев премьер-министр болуп турган кезде өкмөттүн токтомунун негизинде парламентке келип түшкөн. Анда Суу кодексинин 62-67-беренелерине өзгөртүү киргизүү сунушу камтылган. Бирок, 62-беренеде стратегиялык мекемелерге, бюджетке чоң акча төлөгөн долбоорлорго, көп адам иш менен камсыз кылынса мөңгүлөргө зыяны тийсе дагы кенди иштетүүгө уруксат берилет деп жазылган. Буга ошол кездеги V чакырылыштын депутаттары каршы чыгып, 2-окууда мыйзамга кандай өзгөртүүлөр киргизилгенин Назаров айтып берди.

— Давыдов менен Лысыйды гана киргизели, ушул экөө кирсин деген жыйынтыкка келишкен. Калган мөңгүлөрдүн бирөө дагы кирбесин жана тийбесин деген чечим кабыл алышкан.  Давыдов менен Лысыйдын буга чейин жок болуп кеткен бөлүгүнө бул мыйзам жайылтылбайт деп жазылган. Буга чейин келтирилген зыян, экономикалык чыгымга ким күнөөлү болсо ошол жооп бериши керек деп жазылган. Ушул тартипте ал 2-окууда кабыл алынган.

Чуулу мөңгү мыйзамы 2015-жылдын 17-июнунда V чакырылыштын 71 депутатынын макулдугу менен 1-окууда колдоо тапкан. Андан соң ошол эле жылдын 26-июнунда документ 52 депутаттын добушун алып 2-окуудан өткөн. Бирок, мыйзам 2015-жылдан 2017-жылга чейин Жогорку Кеңеште каралбай келген. Айтмамат Назаров буга өкмөттүн комитетке документти карабай туруу боюнча жиберген үч каты негиз болгонун кабарлады. Өкмөт болсо мыйзамдын создугуп каралышы боюнча азырынча конкреттүү түшүндүрө элек. Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев дагы бир жолу Суу кодексине кирчү өзгөртүүлөрдүн башка мөңгүлөргө тиешеси жок экенин кайталады.

— 62-67-беренелерге сунушталган өзгөртүүлөр Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүнөн тышкары башка мөңгүлөргө бүгүнкү күндө, мындан ары дагы иштетүүгө тыюу салынат деп жазылган. Ал эми бул өзгөртүүлөр каяктан чыкты? Билесиздер өкмөт «Кумтөр» кенин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылып бериш керек деген 2016-жылкы Жогорку Соттун, 2014-жылкы Жогорку Кеңештин чечими бар. Азыр эки мөңгү түшүп келе жатат. Эгер эртең ал карьерге түшө турган болсо, жумуш токтоп калат.

Анткен менен жарандык коомдун өкүлдөрү бийликтин айткандарына ишенген жок. Алар парламент мыйзам долбоорун кайра 2-окууга кайтарып, карап чыгышы керек деген талапты коюшту. Эске салсак аталган документ 30-октябрда парламент комитетинин 3-окуусунан өткөн. Ушундан улам комитет аны кайра артка кайтара албайт. Коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева сөз болуп жаткан документтен кооптонуп, мына буларга токтолду.

— Кен казылып жаткан жерде мөңгү бар болсо анда аларды алганга, өзгөртүп иш жүргүзгөнгө уруксат берсин деп жатат. Бул жалгыз гана «Кумтөр» кени боюнча эмес жалпы кендер боюнча айтылып жатат.

Вице-премьер-министр Зилалиев тегерек столдо коомдук активисттерге «Кумтөр» кенине чогуу барып, экологиялык абалды көрүп келүүнү сунуштады. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынбай калса кендин иши токтоп калышы ыктымал дейт.

Жыйында ошондой эле «Кумтөрдөгү» мөңгүлөрдүн абалы тууралуу сөздөр айтылды. Аталган кендин аймагында жайгашкан муздарды иликтеген илимий-техникалык эксперттик топтун маалыматында «Кумтөргө» Петров, Лысый, Давыдов, Сары-Төр жана Борду мөңгүлөрү жакын. Бул мөңгүлөрдүн жалпы аянты 95,1 км квадратты түзгөн. Алардын ичинен Лысый менен Давыдов мөңгүлөрүнүн 80 пайызы ээрип жок болгонун өкмөт тастыктады. 20 гана пайызы калган мөңгүлөрдүн ичинен Лысый 5,5 км квадрат, Давыдов 11,6 км квадрат болгон. Жарандык коом мөңгүлөрдүн эришине «Центерраны» айыптаса, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу гидрометеорологиялык агенттигинин орун басары Ырыскелди Асангожоев мөңгүлөрдүн ээришине табигый көрүнүш себеп болгону аныкталган деп жатат.

— Давыдов мөңгүсүнө техногендик, антропогендик кийлигишүү чоң таасир берген. Андан башка Лысый мөңгүсүнө чоң эле залалы тийген. Калган мөңгүлөр жаратылыштын мыйзамы менен эле ээриген.

Анын ишендиришинче иликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен кендин иштеши мөңгүлөрдүн тез ээришине 6,8 пайыз гана таасирин берген, ал эми табигый кубулуштар 93,2 пайызга барабар болгон. Бирок, экологдордун басымдуу бөлүгү бул корутундагы макул болушкан жок. Эгер Суу кодексине өзгөртүү киргизилсе башка мөңгүлөрдүн дагы ээришине алып келет деп кабатыр болушууда. V чакырылыштын депутаты Эркингүл Иманкожоева мөңгүлөр боюнча өкмөткө жооп кайтарды.

— Мөңгү ээрийт. Бирок мынчалык жоготуу болгон эмес да. Бул мөңгүлөр бир жыл, беш жыл же 10 жылда пайда болбойт. Миңдеген жылдар бою катмар-катмар болуп топтолгон мөңгүнү он жылда талкалап салдык. Ачык эле айтпайсыңарбы «Кумтөр» талкалады деп эле. Эмне үчүн ушул сөздү айта албай жатасыңар? Бул жаратылыштын өзгөрүшүнөн дей бербей конкреттүү сүйлөшөлү.

Коомдук активисттер Суу кодексине сунушталган мыйзам долбоору боюнча парламентте коомдук угуу өткөрүү керектигин сунушташты. Ошондой эле өкмөттү аталган документти артка чакырытып алуу талабын коюшту. Бирок, Дүйшөнбек Зилалиев өкмөт андан баш тартаарын айтып жыйын эки тараптын кайым айтышы менен аяктады.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *