Шашылыш кабар:

Октябрь айында Кыргызстанда баалар кескин өстү

Ноябрь 10, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
56

Кыргызстанда октябрь айында баалардын кескин өскөнү байкалды. Статистика комитетинин маалыматында керектөө баалар жана тарифтер мурунку айларга караганда 0,7 пайызга жогору болду. Мындай көрсөткүч  азык-түлүк продукциясынан күйүүчү май жана көмүрдүн баасында өзгөчө байкалды.

Үстүбүздөгү жылдын он  айында  ички дүң продукциясынын көлөмү 3,9 пайызга өстү. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Улуттук статистика комитетинин төрага орун басары Баисбек Касымбеков кабарлады.

Маалыматтар боюнча, 2017-жылдын январь-октябрь айларына карата ички дүң продукциясынын көлөмү 383 млрд сомго өскөн.

“Кумтөр” кенин эске албаганда 346 млрд сомду түздү. Анын ичинде өндүрүш тармагы 179млрд сомго жетип, 13,7 пайызга жогорулаган.

Ички дүң продукциясын түзүмүндөгү эң жогорку үлүш кызмат көрсөтүү тармагына туура келип, ИДПнын жалпы көлөмүнүн  48 пайызын түздү. Өнөр жайдын үлүшү 18 пайызды түзсө, айыл чарбаныкы 15 пайызга жакындады. Курулуштуку  7 пайызды түзүп калды. Кумтөрдү эсепке албаганда январь-октябрь айларында ички дүң продукциянын көлөмү 346 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,5 пайызга жогору.   

Бул мөөнөттө айыл чарба тармагында мал чарбасынын продукциясы 2 пайызга жогорулады. Буга канаттуу эти жана сүттүн көлөмүнүн өскөнү шарттады.

Бирок 2017-жылдын октябрь айында баалардын кескин өсүүсү  байкалды. Маалыматтар боюнча, мурунку айларга салыштырмалуу керектөө баалар жана тарифтер республика боюнча 0,7 пайызга өскөн.

Анын ичинде азык-түлүк  жана алкоголсуз суусундуктун баалары 0,6 пайызга жогоруласа, азык-түлүк эмес товарлардын баасы 1,4 пайызга өстү. Ошондой эле, көмүрдүн баасы 9,3 пайызга кымбаттаган.

Ал эми бензин жана дизель майынын наркы октябрь айы ичинде эле  1,1 пайызга жогорулады.  Баалардын өсүүсү Жалал-Абад жана Нарын облустарында  байкалбаганы менен  кымбатчылык Ош облусунда 6,3 пайызга жеткен.

Комитет январь-октябрь айларына карата  жалпы көрсөткүчтө, тышкы соодага дагы токтолду.  Кыргызстандын  негизги 6 экспорт кылган өлкөнү атады. Биринчи орунда Швецария, Өзбекстан, Кытай, Туркия Бириккен Арап Эмираттары  жана Тажикстан.

Өлкөгө экспорт кылган өлкөлөрдүн тизмесинин сап башында Кытай 1,1 млрд доллар, кийинкиде Түркия 5,1%, АКШ 4%, Өзбекстан 3,8% жана Германия 1,4 пайыз.

Ал эми Евразия экономикалык биримдикте негизги өнөктөш Казакстан 59 пайыз, Орусия 39 пайыз түзөт.

Бирок кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга байланыштуу ишкерлердин чыгымы тууралуу маалымат берген жок. Тышкы сооданын тогуз айынын  гана жыйынтыгын чыгарды.

Эки тараптуу сооданын көлөмү так көрсөтүлгөн жок. Жыйынтыктар кийинки айда гана жарыяланаарын  соода статистика башкармалыгынын башчысы Венера Мамбеталиева айтып берди.

Биз азыр тышкы соода боюнча тогуз адын жыйынтыгын берип жатабыз. Бизге жыйынтыктар бир ай кечиктирилип келгенине байланыштуу декабрда беребиз. Ошондуктан чек аранын өлкөнүн социалдык -экономикалык  тармактарына тийгизген таасирин азыр айта албайбыз.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын Казакстан менен соода алакасы тогуз айда 41 пайызга жогору болгон. Бирок кыргыз-казак чек арасындагы түзүлгөн кырдаалдын жыйынттыгы кирген эмес.

 

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *