Шашылыш кабар:

Мектептеги акча чогултууга жумушчу топ түзүлмөй болду

Ноябрь 10, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
59

Бүгүн Бишкекте билим берүү өкүлдөрүнүн жана ата-энелердин катышуусу менен мектептерде акча чогултуу маселеси талкууланды. Бул багытта Булан институту атайын баяндама жасап, мыйзамсыз кажат чогултууну токтотуунун жолдорун сунуштады. Тактап айтканда чогултула турган акчаны окуучулар аркылуу эмес ата-энелерден түз суроо керектиги белгиленди. Анткени каражатты доолоо балдардын психологиясына терс таасир берери аныкталган.


Кыргызстанда мамлекеттик мектептерде ата-энеден акча чогултуу маселеси чечилбей келе жатат. Айрыкча бул көйгөй Бишкекте курч. Борбор калаанын тургуну Жыпара Медерованын 4 баласы болсо, баарына ай сайын 400 сом коомдук фондго төлөп турат. Ал акча чогултуу мыйзамсыз экенин билсе да, балдарынын билим алуусуна тоскоолдук болбосу үчүн фондго каражат берүүгө аргасыз экенин белгиледи.

-Эң кичүү уулумду мектепке 5 миң сом берип киргиздим. Ай сайын фондго каражат төлөшүм керектигин айтышты. Ал акча ата-энелердин демилгеси менен түзүлгөн коомдук фонддун эсебине түшөрүн билдирген. Топтолгон каражат  чарбалык муктаждыктарга, мугалимдердин айлыгына кошумча катары төлөнөт экен. Буга баары эле макул боло бербейт. Ошондуктан маселени бир жаңсыл кылыш керек болуп турат.

Медеровага окшоп балдары үчүн сураган каражатты таап берген ата-энелер көп. Ошол эле учурда каржатты жоктор да бар. Жакында эле Бишкекте 9-класстын окуучусу акча төлөй албай калганы үчүн басмырлоого кабылып, мектептен чыгарылды. Окуучунун бул окуясы мектептердеги акча чогултуу маселесине көңүл бурууга жем таштады. Мындай көрүнүштү тыюу керекпи же мыйзамдаштыруу зарылбы деген маселе Бишкекте өткөн тегерек столдо талкууланды.

Анда Булан институтунун өлкөдөгү мектептердин бюджеттен жана андан сырткары каржыланышы, ата-энелерден акча чогултуунун мыйзамдуулугу боюнча ири иликтөөсү көрсөтүлдү. Аталган институттун өкүлү Чолпон Орозобекова мектептер каржы булагын ата-энеден да башка жактардан издеши керектигин айтты.

Мыйзам боюнча билим берүү мекемелери бюджеттен сырткары финансылык булактарды издөөгө акысы бар. Бирок учурда мектептер ата-энелерди күчкө салып эле негизги демөөрчү кылып алды. Анын ордуна мектептер бюджеттик долбоорлорду түзгөндү өздөштүрүп, демөөрчүлөрдү эл аралык, коомдук уюмдардын арасынан, бизнес компаниялардан, элчиликтерден издегенге үйрөнүшү керек.

Бишкектеги мектептердин жалпы долбоордук сыйымдуулугу — 75 975 болсо, бүгүнкү күндө билим алып жаткандардын саны – 147 660 окуучу. Бул эки эсе көп. Шаар бийлиги тез арада жаңы мектептерди куруп, орун тартыштыкты жойбосо, билим берүү мекелердин финансылык муктаждыктары өсө бериши мүмкүн.

Булан институту эки айлык иликтөөсүнөн кийин корутунду да чыгарып, бир нече сунуштар айтылды.

Анда коомдук фонддордун ишин текшерүүгө алынышы, ага ата-энелер акчаны шартына жараша төгүшү жана мажбурлоого жол берилбеши керектиги белгиленген. Фондго ата-эне ай сайын бере турган жардамдар шаар жергесинде айына 150 сомдон, дубандарда 100 сомдон ашпасын деген чектөө киргизүү керектиги сунушталган.

Бишкек шаарынын вице-мэри Айгул Рыскулова ашыкча акча чогултууларга чек коюуга болот дейт. Анын оюнча, мугалимдердин айлыгы республикалык бюджеттен каржыланса, калган керектөөлөрдү мэрия төлөп бермек.

Бул маселени өкмөт 2018-жылкы бюджетте карай албайбыз деди. Бирок 2019-жылы бюджетке киргизүүгө аракет кылаарын билдирди. Эгерде мугалимдердин айлыгы республикалык бюджеттен берилсе, шаардагы мектептерде акча чогултуу токтомок. Ал эми мэрия окутуучулардын керектөөлөрүн каржылап бермек.

Тегерек столдо директорлор мектептеги мыйзамсыз акча чогултууну токтото алабы деген суроо коюлуп, мугалимдер акчага кийлигишпөөсү керек деп белгиленди.

Борбор калаадагы №68 мектеп-гимназиясынын директору Канымжан Өмүрова мыйзамсыз ашыкча акча чогултуулар бар экенин танбайт.

Анын айтымында, каражат чогултуунун механизмдери так көрсөтүлбөгөндүктөн мугалимдер андан пайдаланат. Мунун залакасы түз эле директорго тийет.

-Ар бир чогулушда кошумча билим берүүгө төгүү акчасы банк аркылуу жүргүзүлсүн деп айтабыз. Ата-энелер эч качан мугалимдерге жакындабасы эскертилет. Бирок ата-энелер мугалимге таштап кетет. Ушул маселе мектепте болбошу керек. Эгерде мектепке банкомат орнотуу мыйзам ченемдүү болсо, каалаган ата-эне болгон акчасын салып кетсин.

Мурдагы Билим берүү жана илим министри, профессор Ишенгүл Болжурова мектептерге ата-энелер тарабынан каржылык колдоо керек деген оюн билдирди. Ошол эле учурда чогултулган каражатты көзөмөлдө зарыл экенин белгиледи.

-Билим берүү Финляндия өлкөсүндө мыкты өнүккөн. Бул тармакка алар көп каражат жумшайт. Ошого жараша балдары билимге ээ болуп жатат. Бизде каражат аз бөлүнөт. Ошондукта ата-энелер балдарынын билим алуусуна каражатты көп жумшаса жакшы эле болот. Бирок чогулткан акчанын эсебин коркпостон сурап туруш керек. Ошондо ачык айкындуулук болот.

Соңунда мэрия, мектеп директорлору жана ата-энелер Булан институтунун сунуштары боюнча макул болуп, чогултулуп жаткан акча маселеси боюнча жумушчу топ түзүүнү колдошту. Жумушчу топ ар бир мектептин бюджеттин эсептеп, эмнеге жетип, кайсыга көп сарпталып жатканы анализдеп чыгат.  Андан соң чечим чыгарылмакчы.

Айта кетсек, Кыргызстанда учурда 2236 орто мектеп бар.  Анда 1 миллион 73 миң окуучу билим алууда.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *