Шашылыш кабар:

Депутат: «Уй урдагандар камалып, жолдо адам өлтүргөндөр эркиндикте болбошу керек»

Ноябрь 10, 2017 | жарыялаган Канай Анаркулов
48

Өлкө аймагында катталган акыркы жол кырсыктарынан кийин Патрулдук милиция менен биргеликте Жогорку кеңештин дупутаты Дастан Бекешов маалымат жыйын өткөрүштү. Алар жол эрежелерин бузган жана жол кырсыгына себепкер болгондорго карата жазаны күчөтүүгө багытталган иш чаралар тууралуу маалымат беришти. Мындан ары айып пулдарды көтөрүү эле эмес, туугандары менен сүйлөшүп алып, жазадан качкандарга бөгөт коюларын да айтышты.

Жыйында алгач эле 10 айда катталган кырсыктардын жыйынтыгы тууралуу маалымат берилди. Патрулдук милициянын маалымат кызматынын башчысы Медер Шабдановдун айтымында, бул аралыкта  5197 жол кырсыгы катталган, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 8,3% көп. Андан 695 адам каза болгон. Статистикага ылайык, айдоочулук тажрыйбасы 3 жылга жетпеген жарандардын жол кырсыгына кабылуусу 21 %ы түзүүдө. Ал эми жол кырсыгынын кандай түрлөрү көп катталып жатканы тууралуу Шабданов буларга токтолду.

— 42% жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен учурлар. 36,5% кагышуулар, 33,8% ылдамдыкты жогорулаткандар, 24,1% кайрылуудагы эрежелерди сактабагандар, 11,4% каршы тилкеге чыккандар жана 9,2 % мас абалында автоунаа айдагандардын айынан жол кырсыктары катталууда.

Жогорку кеңештин депутаты Дастан Бекешов,  Кылмыш жазык кодексиндеги 281, 284,285-беренелер жарандарды кооптонтпой жаткандыктан, айдоочулар каалагандай жүрүшөрүн билдирди.

-Тагырагы, жол кырсыгына күнөөлүү адамдар, акырында туугандары менен келишип, ортодо акча чечип койгон учурлар көп болууда. Же ашып кетсе, 1 жыл камакка алынып, айып пул төлөп коюшат. Ошондуктан жазаны , жоопкерчиликти күчөтүү боюнча сунушту парламент биринчи окууда колдоп берди. Эми ал кабыл алынса,ич ара келишип алуу дегенге бөгөт коюлат. Күнөөлүү адам сөзсүз жазасын алат. Азыр уй урдагандар, камалып, адам өлтүргөндөр эркиндикте жүрөт. Бул туура эмес.

Бул мыйзам долбоорунда айып пулдар миллион сомго чейин же мурун 3-5 жылга чейин камакка алынса, мындан ары 5-7 жылга чейин жаза мөөнөтүн узартуу каралган. Мыйзам жакында парламенттин экинчи окуусунда каралат. Мунун менен катар эртең менен маршрутка айдагандарды текшербей каттамга коё берген наркологдор бар экенин айткан эл өкүлү, алардын жазасы 5 миң сом экенин маалымдады. Аны да  1 млн сомго чейин көтөрүү каралып жатканын кошумчалады.

Ал эми буга чейин Патрулдук милиция да каршы тилкеге чыккандарга, мас абалында рулга олтургандарга жана башка бир катар беренелер боюнча айып пулдарды көтөрүү менен айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу сыяктуу административдик кодекске өзгөртүү сунушун киргизген. Патрулдук милиция кызматынын жетекчисинин орун басары, Ыманады Саркулов, бул долбоор бир ай коомдук талкууда туруп, андан кийин жалпы министрликтердин кароосуна жиберилгенин айтып, анын жыйынтыктары тууралуу буларга токтолду.

-Бизге Юстиция министрлигинен бир канча жолу олуттуу мыйзам бузгандар, оор жазага тартылат деген пункт боюнча каршы пикир келди. Азыр аны биргеликте кайра иштеп чыгуудабыз. Буйруса, эми өкмөт токтом кабыл алып, жаңы жылга чейин парламентке киргизебиз деген ишенич бар.

Ошондой эле «Коопсуз шаар» долбоору тууралуу Саркулов буларды кошумчалады.

-Жергиликтүү бийлик менен бирге камераларды орнотуу боюнча өкмөттүн токтому чыккан. Андагы талап боюнча, айып пулдан түшкөн каражаттын 40 % мамлекеттик казынага, 50%  жергиликтүү бийликтин бюджетине жана 10% ИИМге түшөт.  Учурда аны тез арада ишке ашыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Азырынча Бишкек жана Ош шаардларына киргизебиз деген пландар бар.

Мындан тышкары депутат Дастан Бекшов, жарандар дагы турак жай же ишканаларына видео тартуучу аппарат коюп,  мыйзам бузууларды аныктоого жардам берүү эле эмес, андан  каражат табууга да шарт түзүү тууралуу мыйзам долбоорун даярдап жатканын кошумчалады.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *