Шашылыш кабар:

Борбор Азия: Кызыкчылыктар кагылышы

Ноябрь 9, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
45

Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгы, кызыкчылыктар жана мамлекеттердин бири-бирине болгон ишенимдин жоктугу талкууланды. Жыйында саясат талдоочулар, эл аралык байланыштар жаатындагы эксперттер ойлорун ортого салышты.

Мурдагы Советтер союзунун курамындагы, кийин 1990-жылдары эгемендик алган Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн учурдагы өз ара кызматташтыгы Бишкекте талкууланды. Анда аталган чөлкөмдөгү мамлекеттердин саясий, экономикалык алакасы жана кызыкчылыктар боюнча сөз болду. Жыйында Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн дипломатиялык карын-катышы начар экенин «Кыргызстан дипломаттары» коомдук бирикмесинин кеңешинин төрагасы Эрик Асаналиев айтты. Ал мындай жагдайга президенттердин амбициясы себеп болуп жатканын мисал келтирди.

— Бул СССР кулагандан баштап ошол учурдагы биздин саясий лидерлердин, саясий элитанын ортосундагы атаандаштык. Ким бул региондо өзүн кандай көргөзө алат? Чоң оюнчулар, эл аралык уюмдар менен кимдин байланышы кандай болот? Ар бир республиканын башчысы ушинтип алдыга озууну көксөгөн. Ошол нерсе азыркыга чейин келе жатат.  

Асаналиев 90-жылдар аралыгында Орто Азия экономикалык биримдиги деген союз түзүлүп ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө болгонун эске салды. Бирок, экономикалык маселелерди чечүү үчүн бириккен өлкөлөр аны кийинчерээк саясатташтырып жиберип, аталган биримдик өз максатына жетпей калды дейт. Ал эми экономика илимдеринин доктору, талдоочу Жумакадыр Акенеев Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин ыксыз атаандашуусун белгилеп, Кыргызстан экономикалык багытта өз жолун чабыш керек деген ою менен бөлүштү.

— Өзбекстан менен Казакстандын ортосунда президенттердин деңгээлинде атаандашуу болууда. Азыр ар бир мамлекет өз жолун өзү тандаш керек. Бирок, ошол эле учурда кошуналар менен жакшы мамиледе болушубуз зарыл. Аны менен катар эч ким менен мамиле бузбай эгемендүү жолубуз менен кетишибиз керек.

Тегерек столдо Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы кырдаал тууралуу дагы сөз козголду. Жумакадыр Акенеев казак тараптын чек арадагы көзөмөлдү бир тараптуу күчөтүшү Кыргызстан өз товарын сыртка алып чыгууга башка жолдорду да издөөгө түрткү болгонун билдирди. Анын натыйжасында кыргыз тарап Өзбекстан, Кытай аркылуу темир жол менен Түркменстан, Орусия, Иран андан ары Европанын базарына чыга алаарын айтууда.

Ал эми Борбора Азиядагы өлкөлөрдүн тил табыша албай жатышынын себептери боюнча түрдүү пикирлер айтылды. Тышкы саясатты анализдөө борборунун директору Азамат Карагулов буга чоң державалардын кызыкчылы негиз болуп жатат деген ойдо.

— Чоң өлкөлөр Борбор Азия боюнча эрегишип жатышат. Ошол эле Американын бул региондогу эң башкы кызыкчылыгы нефть, газ. Бирок, ошол Россия кызганат. АКШны жолотпоого аракет кылат. Бул жакта дагы бир жаңы оюнчу бар. Ал Кытай.

Жыйында ошондой эле тышкы саясат менен ички саясаттагы туруктуулук, диплалаканы жүргүзүүнүн күңгөй-тескейи дагы талкууланды. Бишкекте болгон талкуу кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташыган автоунаалардын саны азайган учурга туш келди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *