Шашылыш кабар:

Лотереядагы коррупцияны депутаттар көзөмөлдөйт

Ноябрь 9, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
65

Өкмөт башчы Сапар Исаков  Мамлекеттик лотерея компаниясы  ишканы өз күчү менен  иштөөгө милдеттендирди.

Анда премьер-министр лотереялык билеттерди даярдаоодо жана аны таратууда дистрибьюторлорду тандоо боюнча тендер өткөрүүдө коррупциялык көрүнүштөр жок экендиги күмөн жаратарын билдирди.

Буга байланыштуу, өкмөт башчы  «Мамлекеттик лотерея компаниясы» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинин жоопкерчилигин кароону тапшырып, аларга бир жума аралыгында мамлекеттик ишкананын өз алдынча иштөөсү боюнча сунуш киргизүүнү милдеттендирди.

Эми мыйзам жагынан өкмөт күмөн санап жаткан коррупцияны жоюп, алдын алуу кандай каралган….  Бул тууралуу мыйзамдын демилгечилеринин бири КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров  «Күн чабыт» программасында айтып берди.

Президенттин 13-майда кол койгон жарлыгына ылайык, Кыргызстандагы жеке ишкерлерге лотерея менен алектенүүгө тыюу салынып мамлекеттин карамагына өткөн. Эми лотереяны өткөрүүдө ачыктыгын камсыздоо үчүн мыйзамдык жактан кандай рычактар бар?

-Бул мыйзамды кабыл алганыбыздын негизги себеби лотереянын артына жамынып алып, мурдагы казино оюндарын кайталап жаткандыгы болду. Ошондуктан лотерея оюндарын бир гана мамлекет жүргүзө алат деген мыйзамды киргиздик. Президент биздин мыйзамды колдоду. Эми аны аткарууда жаңы компания түзүүгө 2016-жылы 10млн  сом тармактык комитет тараптан берилген. Бул каражат аз. Бирок келечекте мамлеккеттик жеке-өнөктөштүк аркылуу же өкмөт өзү жүргүзүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан бул жерде биз мыйзамды чыгаргандан кийин анын аткарылышын көзөмөлгө алып турабыз.

Дистрибьюторлорду тандап алууда коррупция болушу мүмкүн экендигин премьер-министр Сапар Исаков дагы айтты. Бул жерде кандай коррупциялык иштердин болуусу мүмкүн?! 

Бул жерде операторлорду тандап алууда, мамлекеттик жеке-өнөктөштүк аркылуу иш алып барууда болушу мүмкүн. Бирок бул мыйзам кабыл алынгандан кийин мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзам дагы иштеп кетиши мүмкүн. Ошондуктан бул жерде конкурстук негизде өнөктөштөрдү  тандап алышыбыз керек. Ал үчүн конкурстун таза өтүшүн гана көзөмөлдөп беришибиз керек. Бул жактан ЖМКнын жардамы аркылуу ачык-айкындуулук камсыз боло турган болсо,коррупциялык схемалар болбойт дегенге чоң үмүтүбүз бар.

 Жыйынтыктоочу сурообуз болсун. Мамлекет лотереяны толук өзүнө алды. Эми ишти мындан ары улантып кете алабы ?

-Биз мыйзамды жазганда Кыргызстандын жалпы аймагында лотерея оюндарын түп тамырынан бери жок кылуу болчу. Ошондо өкмөт бул жерде 36млн сом бюджетке түшпөй калат деп айткан.Эгер мамлекеттин колуна өтсө,  келечекте 360 млн сом,  тагыраагы он эсе көп каражат бюджетке түшкөндөй кылып иштете алабыз деп укук сурашкан. Депутаттар өкмөт жоопкерчиликти толук мойнуна алгандан кийин гана колдоп бергенбиз. Менин оюмча башка бизнестерге караганда бул эң жеңил тармак.

Маегиңизге рахмат!

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *