Шашылыш кабар:

Кан жолдогу кырсыктарга эмне себеп?

Ноябрь 9, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
98

Кайгуул милиция башкы башкармалыгы жыл башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктарынан 695 киши каза болгонун билдирди. Биз кан жолдо болгон кырсыктар тууралуу Бишкек шаардык МАИ башкармасынын мурдагы жетекчи орун басары Токтосун Сатаров менен «Күн чекитте» маектештик.

Марал: Токтосун мырза тынччылык заманда кан жолдон 700гө жакын адамдын жан беришин сиз эмнеден көрөсүз жана жол кырсыктарын азайтуу боюнча кандай сунуштарды берет элеңиз?

Токтосун Сатаров: Бизде бүгүнкү күнү административдик чара деген жок болуп калды. Азыр айдоочуларга айып пул салып коюп эле ишти аткарып койдук деп жатабыз. Менин пикиримде качан гана видеобайкоо коймоюнча бул кырсыктар токтобойт. Экинчиден автоунааларды каттоо болушу керек. Видеобайкоо аркылуу эреже бузгандарга айыпты дарегине жөнөтүш үчүн. Чачыранды, дайыны жок болуп кеткен унаанын баарын каттоого алыш керек. Машина ээсин жоопко тартуу боюнча административдик бөлүмдөрдү кошуу зарыл. Мисалы жакынкы Орусияда ондогон айып баракчалары келип аны убагында төлөбөсөңүз унааны алат дагы токтотуучу жайга коюп коёт. Анын тууму дагы бар. Керек болсо айдап жүргөн жериңен алып барып камап салат.

Марал: Кыргызстанда учурда тезирээк ишке ашырчу, көбүрөөк каражат талап кылбаган бирок ошол эле мезгилде автокырсыктардын санын азайта турган кандай демилгелерди көтөрсө болот?

Токтосун Сатаров: Айдоочу ылдамдыкты чоңойткону үчүн, авариялык абалга алып келгени үчүн, мас абалда айдаганы үчүн, инспекторго баш ийбей койгону үчүн башкача айтканда ар бир коопту жагдай жаратканы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү керек. Катураак жаза берилчү санкцияларды таап чыгуу зарыл. Ансыз бизде эч нерсе оңолбойт. Учурда видеобайкоо коймоюнча биз миллион жолу какшасак дагы эч нерсе колубуздан келбейт. «Коопсуз шаар» деген долбоорду чаңдатып таштап коюшту эле ошонун жыйынты мына азыр болуп жатат. Ошол эле капчыгайга 15 күнгө жете тургандай кылып видеобайкоолорду коюп туруп, бир жумадан соң бардык маалыматтарды алып туруп айдоочулардын үйүнө санкция берсе болот да. Азыр транспорттун эскиргени дагы жол кырсыгына чоң себеп. Муну дагы ойлонуш керек.

Марал: Депутаттар акыркы беш күн ичинде эле автокырсыктан 30га чукул киши мерт кеткенин айтып оозун жыйгыча эле бүгүн Бишкек-Ош жолунан дагы 6 киши набыт кетти. Айрым эл өкүлдөрү бул жаатта ИИМ жетиштүү иш алып барбай жатат деп сынга алышты. Милиция чын эле тийиштүү иштерди алып бара албай жатабы?

Токтосун Сатаров: ИИМдин техникасы жок болсо, колунан эмне келет? Мамлекет тарабынан керектүү жабдыктар алынып берилбесе алар эч нерсе кыла албайт. Беш кызматкерин көчөгө коюп сүйлөттүргөндөн башка кандай иш кыла алат? Мына ушуга каражат таап бериш керек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *