Шашылыш кабар:

BIF-2017: Альтернативдүү базарга чыгуу жолдору каралат

Ноябрь 9, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
56

BIF-2017 Бишкек инвестициялык форуму  ишкерлер тараптан сапаттуу бизнес долбоорлорду күтүп жатат. Быйылкы жылга республика боюнча  мыкты делген долбоорлор кабыл алынат. 20-ноябрда алардын саны так белгилүү болот.

Бишкек инвестициялык форуму быйыл дагы ишкерлер тараптан сапаттуу бизнес долбоорлорду күтөт. Учурда республика боюнча кабыл алынып жатат. Максаты ишкерлердин каржы маселесин чечүү жана аларга багыт берүү. Тагыраагы ата мекендик ишкерлер бир гана рынок менен эмес, бир канчасына чыгарууну көздөйт.  Бул тууралуу ЖИА Бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга токтолуп альтернативдүү жолдор каралышы керек деди.

Жакында эле Казакстан менен чек ара маселесинде көрдүк. Ошондуктан өзүбүздүн базарды бөлүштүрүп диверсификация кылбасак бизге көйгөй жаратып жатат. Мындан улам биз ишкерлер үчүн жаңы рынокторду карашыбыз керек. BIF2017 форумунда ушул багыттарды талкуулайбыз.

Форум өткөн биринчи жылда ишкерлер тараптан 150 долбоор келип  түшкөн. Анын ичинен 40ы тандалган. Жыйынтыгында  жети долбоор боюнча инвесторлор менен 750миң долларга өнөктөш табылган. Кийинки жылы инвестор менен иштешем деген 250 ишкерден кайрылуу келген. Форумда анын ичинен атаандаштыкка туруштук бере алат делген 60ы инвесторлорго  сунулган. Мындан 5 долбоор 2млн 800миң долларга каражат тапкан.

Уюштуруучулардын айтымында форумда чыккан долбоорлорго кызыгуулар көп. Орто эсеп менен бир долбоорго жылына 5 же 6 инвестор кайрылып жатат. Бирок кызыгып келген  инвесторду кармап калуу жолдорун  ишкерлердагы деле жөндөп кете элек. Ушундан улам быйыл аймактардагы ишкерлерге эки багыттагы окутуулар өткөрүлдү. Анда идеяны долбоор кылып жазуу, инвестор менен сүйлөшүү жана аны кармап калуу сыяктуу  сабактар берилди. Анткен менен Пакыров бул окуулар дагы жетишпейт дейт. Бул багытта биринчи жолу видео роликтер тартылып ишкерлерге социалдык тармактар жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу таратыла баштады.

Тренингдерди дайыма өткөрүүгө чамабыз жетпегендигине байланыштуу  ЖМК, социалдык тармактар аркылуу окутууларды даярдап чыктык. Анда инвестор деген ким?  инвестор менен кандай келишим түзүлөт?  инвесторду кантип кызыктыруу керек? деген темаларда бүгүнкү күндө 3 ролигибиз даяр болуп чыкты.

Аймактардагы ишкерлерди окутуу маалында негизги үч  чоң маселе белгиленген. Бизнес аналитик Санжар Абакиров негизгилеринин бири катары аймактагы ишкерлердин каржы булактарын таба билбегендиги жана инвестор менен иштешүүнү билбегенин атады.

Аймактардагы көпчүлүк ишкерлер инвестор менен кантип иштешүү керектигин, деги эле кандай инестор керек экенин так  билишпейт. Экинчиден каржылоонун баскычтары….Мындан тышкары  белгилей кетүүчү жагдай инвестор бир гана банк же микрокредиттик компания боло алат деген түшүнүктөн алыстоо. Үчүнчүдөн ишкерлер узак мөөнөткө пландоону билбей жатат. Ошондуктан маалыматты көбүрөөк жеткирип туруу зарыл болуп турат.   

BIF-2017 Бизнес форуму жакында декабрдын башында Бишкек шаарында өтөт. Ага ата мекендик ишкерлер жана инвесторлордун көбү  быйыл Монголия, жана Түштүк Кореядан жана Индия сыяктуу өлкөлөрдөн экени айтылууда.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *