Шашылыш кабар:

Министр Т.Батыралиев өзүнө каршыларды тазалап жатабы?

Ноябрь 9, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
39

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батырлиев кызматкерлерди өз кызыкчылыгы үчүн  мыйзамсыз жумуштан кетирип жатат. Мындай пикирди кызмат ордунан бошотулган Бишкектеги медициналык мекемелердин мурдагы жетекчилери айтып чыгышты. Алардын айтымында министрлик тарабынан кызмат ордунан бошотуудан 1 ай мурда эскертүү берилген эмес. Мындан улам кызматтан эскертүүсүз бошотуу Батыралиевдин өзүнүн кызыкчылыгы деген баасын беришти. Ал эми министр Талантбек Батыралиев баарын мыйзамдуу экендигин айтып, СССР учурундагы кызматкерлерден министрлик тазаланыш керек дегени пикирин билдирүүдө.


Коррупциялык көрүнүш, кызмат ордун кыянаттык менен пайдалануу, көмүскө дары-дармек саясаты менен массалык маалымат каржаттарында кызуу талкууга  алынып жүргөн Саламаттыкты сактоо министрлигин бул ирет  кадр саясаты ызы-чуусу курчады. Буга чейин министрлик борбор калаадагы айрым медициналык мекемелердин жетекчилерин кызмат ордунан бошотулгандыгы жөнүндө кабарлаган. Мындай кадамды мурдагы жетекчилердин пенсия жашында болгондугу менен түшүндүрүп, жаштарга жол бошотуу керек деп билдирген. Мындан улам кызмат ордунан бошотулган жетекчилер министрдин бул кадамын мыйзамсыз деп сыпаттап, нааразычылыгын билдирип чыгышты. Кеминде 30 жылдык тажрыйбасы бар жетекчилерди кызмат ордунан бошотуу бул өз кызыкчылыгын ойлоо дейт №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун мурдагы жетекчиси Жыргал Касымалиева. Ал мындай жагдайды жөн гана өч алуу деп сыпаттайт. Анткени кызматтан бошотулгандардын арасында пенсия курагында болбогондор да бар.

-6 жетекчинин ичинде 4 эле жетекчи пенсия жашында. Андай болгон кундө да Эмгек кодексинде пенсиянелер иштебейт деген чектөө жок. Муну менен ал биздин конституциялык укугубузду чектеп жатат. Бул болгону колуман келгенин кылам деген гана мамиле. Өч алуу деп эле айта алам.

Кызматтан четтетилген жетекчилердин арасында Курортология институтунун мурдагы жетекчиси Махмуд Султанмуратов да бар. Ал 6 жылга добуш берүү аркылуу шайланган. Демек, дагы 2 жылдык мөөнөтү бар болгондугун айтат. Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин бул кадамын жеке көз карашка байланыштырат. Анткени ага жумушунан бошотуу боюнча алдын ала эч кандай түшүндүрмө берилген эмес. Негизи 1 ай мурда айтылыш керек болчу дейт.

-Мени коллектив 69% менен шайлаган. Дагы 2 жыл бар. Эптеп жумуштан алуу аракетин кылып 1 жылда 20дан ашык текшерүү жасады. Макул ар бир адамдын көз карашы болот. Бирок мында андай мамилени туура эмес деп ойлойм. Эгерде кызматтан четтете турган болсо, анда алдын ала айтып же эскертүү бериши керек болчу. Түндө буйрук чыгарып, эртең менен айткандай эле мамиле болду.

Мындан улам аталган маселе боюнча министр Талантбек Батыралиевдин өзүнө суроо узаттык. Ал мунун баары 1 күндө эмес, 3 жыл аралыгында жасалган аракеттин жыйынтыгы деп баалайт. Анткени медициналык мекемелер ушул сыяктуу эски учурдун системасы менен жашаган жетекчилердин айынан аксап келет деген оюн айтты.

Эч кандай бир эле күндө чечилип калган маселе эмес. Бул нерсеге биз 3 жылдык эмгек менен жетип жататбыз. Барына эле маалым тилекке каршы Саламаттыкты сактоо министрлиги талкуудан түшпөй жүрөт. Жарандар нааразы. Чындыгында мен өзүм мекемелерди жеринен барып таанышканда чындыгында алар мурдагы система менен жашап калышкан. Милдетин так аткарышкан эмес. Бейтаптарга карата мамилеси канааттандырбайт. 

Деген менен Салматтыкты сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиев, кызматтан бошотулгандардын катарын жалаң гана министрликке сын көз караш менен караган жетекчилер болгондугун айтып, бул министрдин өзүнө жакын кадрларды топтоого болгон аракети деп баалады. Ал эми жаңы системаны киргизе турган болсо мыйзам чегинде иш кылыш керек болчу дейт.

-Кызматтан четтетилгендердин тизмесин карасаң, көпчүлүгү буга чейин министрликке карата сын айтып келишкен. Мындан улам министр өзүнө каршы чыккандарды жок кылуунун аракетин жасап жатабы деген ой келип жатат. Анткени аларга эч кандай негизсиз жумушунан кетирип жатат. Эгерде жаңы кадрларды алып келе турган болсо, анда барын мыйзам чегинде жасаса болмок.

Ал арада министр Талантбек Батыралиев кызматынан бошотулган жетекчилер кааласа кайрадан конкурска катыша аларын билдирди. Ал эми нааразы тарап министрдин бул кадамы үчүн аны сотко беришерин маалымдашты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *