Шашылыш кабар:

Бишкекте 25-универсалдуу эл аралык жарманке өтүп жатат

Ноябрь 9, 2017 | жарыялаган Айжамал Худайбердиева
41

Бишкек шаарында 25-универсалдуу эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтүүдө. Анда түрдүү азык түлүктөр, кийим кече, үй-буюмдарынан тарта косметикалык каражаттарга чейин сатылып жатат.

Кардарлардын айтымында, товарлардын наркы  базардагы баага караганда биртоп арзан. Сатып алуучулар жарманкеде эң маанилүүсү өндүрүүчүлөрдүн өз колунан сапаттуу азык алууга шарт түзүлөөрүн билдиришет.

-Жарманкеде арзаныраак болот. Мисалы, лампочкалар базарда 120 сом болсо, бул жерде 60 сом экен. Таттуулардын түрү, кургатылган жемиштер да бар экен. Дүкөндөр товарды көп алат. Андыктан, айрым азыктардын колдонуу мөөнөтү өтүп да кетет. Ал эми, жарманкеге жаңы жасалган азыктар келиптир. нарктар базарга салыштырмалуу арзан болгондуктан, эл келип жатат.

Жарманкеде Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Монголия жана Корея мамлекеттеринен келген отуздан ашуун фирманын товарлары коюлган. Универсалдуу эл аралык жарманке 13-ноябрга чейин уланат. Бул аралыкта башка өлкөнүн ишкерлери менен алака түзүлүп, биргеликте иш алып барууга жакшы мүмкүнчүлүк болоорун Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын биринчи вице-президенти Амангелди Давлеталиев билдирди.

Мындай жарманкеге биринчи жолу Кореядан келген компаниялар катышууда. Тамак-аш, бут кийим, косметика жана башка түрдүү товарлар бар. Тургундар арзан баа менен сатып алышса болот. Иш-чарага келген чет өлкөлүк ишкерлер жергиликтүү бизнесмендер менен таанышат. Аларга өздөрүнүн товарларын алып келип, Кыргызстандын базарына киргизүү мүмкүнчүлүгү ачылат. Бул жарманке биздин ишкерлер менен биргеликте иш алып баруу максатында уюштуруп жатабыз.

“Бишкек 2017” аталышындагы жарманкенин ачылыш аземине Корея Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Джонг Бёнг Ху да катышты. Ал жарандарга Кореянын товарлары менен танышууга шарт түзгөнүүн айтып, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.

Кыргызстан менен Кореянын элчилик алакасына да 25 жыл болду. Кыргыздар корей элинин фильмдерине жана косметикаларына өзгөчө кызыгаарын билдик. Анын ичинен өзгөчө корей медицинасына кызыккандар көп экен. Дал ушул жарманкеде биздин товарлар менен танышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул иш-чаранын арты менен эки элдин ынтымагы артсын. Уюштуруучуларга терең ыраазычылыгымды айтам.

Иш-чарага атайын өлкөнүн аймактарынан келген саттуучулар да бар. Ысык-Көл облусунан “Ак-Суу байлыгы” ишканасы кыям, ширелерди алып келген. Аталган мекеменин эсепчиси Жаңыл Султанованын айтымында, эл көбүрөөк роза гүлүнүн жалбырагынан жасалган кыямды сатып алууга кызыктар.

-Көргөзмөгө кызыл карагайдын буурчагынан жасалган кыямды алып келдик. Мындан башка ышкын, кара карагат, четин, чычырканактан даярдалган кыямдар бар. Булардын баары токойдо өсүп, таза жерден терилген азыктар. Биз мындай жарманкеге биринчи жолу келдик. Сатуучулар көрүп жатышат. Айрыкча, роза гүлүнүн жалбырагынан жасалган кыямга кызыккандар көп.

Кошумчалай кетсек, жарманке Бишкек шаардык мериясы жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *