Шашылыш кабар:

Уикипедиядагы кыргыз макалалары 80 миңге жетти

Ноябрь 10, 2017 | жарыялаган Түмөнбай Абдинаби уулу
51

Уикипедияга жарыяланган кыргыз тилиндеги макалалардын саны быйыл 80 миңге жетти. Мындай маалыматты “Биздин мурас” фондунун төрагасы Чоробек Сааданбеков айтты. Мында жалпысынан 15тей адам иштеп, көпчүлүк маалыматтар англис тилинен которулган. Бул көрсөткүч менен Кыргызстан Орто Азияда Казакстан, Өзбекстандан кийин турат. Уикипедияга кыргызча маалыматтарды киргизүүдөгү башкы максат азыркы жаштар көп нерсени интернет аркылуу үйрөнүп жатканы себептүү аларга кыргыз тилин өздөштүрүүсүнө шарт түзүү болуп саналат. Ал үчүн уикипедия менен бирге кошумча колдонмо тиркемелер да иштелип чыкканын айтты.

-Уикипедия маалыматтарды башка тилдерге которууга кызыкдар. Ал үчүн атайын колдонмолорун да иштеп чыккан. Биз да котормо үчүн аталган кызматка маалыматтарды бергенбиз. Бул ишти мындан ары улантып, келерки жылы макалалардын санын 100 миңге чыгаралы деген оюбуз бар.

Эми жарандар муну уюлдук телефон аркылуу интернет жок учурда да атайын *319# *455*1# сандарын терүү менен акысыз уикипедия зеро кызматын колдоно алышат. Акыркы 5 айда 20 миңге жакын макала которгондордун арасында Элмурат Аширалиев да бар. Ал учурда таасирдүүлүгү артып бараткан бул кызмат Кыргызстанда акчага байланыштуу болуп калганын белгилейт. Башка өлкөнүн жарандары буга өздөрү эле салым кошуу менен маалыматты окуп жатып эле ката жерлерине өзгөртүү киргизип турушат дейт.

-Биз башында маданият, кино, искусство темаларын которгонбуз. Долбоордун аягында илимий жана технологиялык багыттагы маалыматтарга басым жасай баштадык. Азыр 80 миңге жеткен макаланын жыл башындагы саны 60 миңге жакын болчу. Кыргызстанда эле бул иштин жүрүшү акчага байланыштуу болуп калды. Башка өлкөлөрдө жарандар эле колдоп, алдыга жылып келе жатат.

Уикипедия кыргыз тилиндеги энцклопедиядагы маалыматтардын канчалык так экендиги да маанилүү. Ал үчүн өзгөртүү киргизген адам маалыматтын булагы катары китептин же сайттын, жана башка булактын шилтемесин көрсөтөт. Аны кызматтын атайын адистери карап чыгышат. Кыргызстанда азыр айына бул интернет сайтына баш баккандардын саны бир жарым миллионго жетет. Азыркы учурда мындай шарттардын түзүлүшү жаштардын өзүн калыптандыруусуна, билимин тереңдетүүсүнө жол ачат. Мындай пикирин билим берүү боюнча серепчи Асылбек Жоодонбеков айтты. Ал өз сөзүндө интернет ресурстары аркылуу билим алган окуучулар айрым учурларда мугалимден да көп маалыматка ээ болуп жатканын белгилеп, төмөнкүлөрдү айтты.

-Азыр интернетте, Уикипедия жана ушул сыяктуу чоң ресурстар пайда болду. Аны менен бирге ар бир предметти иштеп чыккан “Хан академиясы” деген түшүнүк да пайда болду. Ушул сыяктуу жаңы нерселер аркылуу окуучуларга мектептен сырткары дагы билим алууга шарт түзүлүп жатат.  Айрым учурларда алар үчүн мектеп программасындагы билимге караганда курстардан үйрөнгөн маалыматы үстөмдүк кылып жатат.

Кошумчалай кетсек, кыргыз тилиндеги Уикипедия энцклопедиясында каталарды кезиктирген жаран аны оңдоп, же кошумча маалыматтар менен толуктап коюуга да шарт бар экенин да белгилешти.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *