Шашылыш кабар:

Бишкекте Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги ачылды

Ноябрь 9, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
38

 

Борбор калаа Бишкекте  белгилүү  актер  Сүймөнкул Чокморовтун эстелиги орнотулду.  Ала-Тоо кино театрынын кун чыгыш тарабынан орун алган эстеликтин  ачылыш аземине премьер-министр Сапар Исаков, Бишкек шаарынны мэри Албек Ибраимов жана актердун бир туугандары жана чыгармачыл замандаштары, анын талантын сыйлаган шаар тургундары катышты.  25 жыл аралыгында чечилбей келген  эстелик   маселеси чечилгенине кубанган   актердун замандаштары Чокморовтун бийик адамкерчилигин эскерип ал  жеткен бийиктике азыр да эч ким жете элек экендигин айтышты.


Бүгүн, 9-ноябрда белгилүү  актер, сүрөтчү  Сүймөнкул Чокморовдун көзү тирүү болгондо 78 жашка толмок. Чокморовдун узак оорудан кийин 53 жашында көз жумганына быйыл 25 жыл болду.

Анын эстелигин коюу демилгеси 1997-жылы көтөрүлүп, бирок каражаттын тартыштыгынан улам токтоп калган. Былтыр бул иш кайра колго алынып, марафондон каражат чогултулган. Айкел Орусиянын Санкт-Петербург шаарында даярдалып жасалып, анын узундугу 3,6 метрди түздү. Архитектору Олег Лазарев, скульптору Азамат Кожегулов.

Эстелик Бишкектин Чүй жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине орнотулду. Анын ачылышына премьер-министр Сапар Исаков, маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов баштаган жетекчилер катышып, Сүймөнкул Чокморовдун кыргыз киносуна кошкон салымы чоң болгонун, маданияттагы ордун белгилешти.

Өкмөт башчы Сапар Исаков бул эстелик мындан бир нече жыл мурун тургузулушу керектигин белгилеп, тарыхта Чокморов алтын тамгалар менен жазылып кала берет деди.

Белгилүү актердун эстелиги Уралда Дубровин чеберканасында даярдалган. Аталган чеберкананын жетекчиси Иван Дубровин билдиргендей, эстеликтин салмагы 600 килограммды түзөт.

Ал дүйнөдө жогорку сапаттагы эстеликтерди жасай турган атайын көркөм колодон жасалды. Аталган долбоор Кыргызстан-Орусиянын биргелешкен иши. Каржы маселеси жабык бойдон калсын.

Сүймөнкул Чокморов атындагы фонддун жетекчиси Сагынбек Абдырахманов актердун эстелигин орнотуу көп жылдан бери чечилбей келгенин билдирди. Буга Бишкек шаарынын мэри чоң жардам бергенин белгилеп кетти. Анын айтымында  Чокморовдун ат минген жезден даярдалган эстелиги Ош шаарын орнотулат. Бул үчүн шаары бийлиги  жер бөлүп берген.

Мен улуу инсандын айкелин орнотуу боюнча 25 жылдан бери Бишкек шаарынын мэриясына кайрылып келдим. Алар айкелди орнотууга ыгын таппай, шарт жок деп келишти. Өткөн жылы мэр Албек Ибраимов борбор калаанын ортосу, сурөтчү өзү иштеген жер «Ала-Тоо» кинотеатрынын жанына орнотууга жардам берди. Жалпы эстеликке 6 млн сомдон ашык каражат кетти.

«Караш Караш» окуясы тасмасындагы дебюттук ролунан тартып ийгилике  жеткен Чокморов  жаркын образдардын бүтүндөй бир галереясын калтырды. Ал таланттуу актер, таланттуу сүрөтчү гана эмес    адамдын да асылы  эле. Азыр коомго Чокморов жетпей турат деп актердун досу, коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев белгилейт.

-Чокморов экөөбүз жакын дос элек. Ал ишинин мыктысы гана эмес ажайып инсан болчу. Досго ал кишидей эч ким бекем болбойт. Анын айкели жаштыгы өткөн «Ала-Тоо» кинотеатрынын жанына коюлганы кубандырат. Чокморов көп ооруду, бизге такыр билгизбейт эле.

Мындай кубанычты колдогон Чокморовдун замандаш кесиптештери  да эстеликтин ачылыш аземине келишкен. Тасмада эле эмес жашоодо да  Чокморовду жакшы билген КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Гулсайра Момунова кеч болсо да ага эстелик тургузулганы жүрөк жылытканын айтып, калкынын эскерип жатканына ыраазы болуп бүгүн анын арбагы бир козголуп  алса керек дейт.

-Чокморов менен замандаш болгонума сүйүнөм. Аны менен биринчи жолу интервью алганы сүрөтканасына барганда таанышканмын. Ал кыргыз элинин өңүн эле эмес бүтүндөй мүнөзүн алып  жүргөн инсан эле. Эстелиги тургузулду деп сүйүнгөнүбүз менен баары бир өзүндөй эмес. Эстелигин карап, анын тиктеп калган көз караштары эсиме түштү.

С.Чокморов адам табиятын терең ачып,кулк-мүнөзүн кылдат түзгөн көп кырдуу талант  эркектин мыкты ролун түзгөндүгү учун Казакстан жана Орто Азия кинофестивалында, Тбилисидеги, Бакудагы, Еревандагы Бүткүл Союздук кинофестивалдарда 4 жолу 1-сыйлык алган  таланттуу  инсан.  Ал Кыргыз ССРинин Эл артисти, СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү,   Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *