Шашылыш кабар:

Парламентте жол кырсыктарын азайтууга каражат бөлүү сунушталды

Ноябрь 9, 2017 | жарыялаган Канай Анаркулов
471

Акыркы учурда Кыргызстандын аймагында унаа кырсыктары көп катталууда деген маалыматтар буга чейин да айтылып келген. Бирок, соңку үч күн ичиндеги окуя элди башкача солкутту. Аткени үч күндө эле 23 адам каза тапты. Арасында жаш балдар дагы бар.

Алсак, 5-ноябрь күнү Бишкектин Чыңгыз Айтматов көчөсүндө 2 унаа кагышып, анын кесепетинен 5 киши каза болгон. Унаа ичиндеги адамдары менен күйүп кеткен. 6-ноябрь күнү кечки саат 8ден өтүп, Бишкек Манас аэропорту унаа жолунда «БМВ» үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып бакты сүзгөн. Анын кесепетинен да 4 адам каза тапкан. Ушул эле күнү Бишкек-Ош жолундагы күйүүчү май ташуучу унаа менен степ үлгүсүндөгү машина кагышып, анда 10 киши көз жумган. Анын дээрлик көпчүлүгү 22 жаштын тегеригиндеги жаштар болушкан.

Ал эми 7-ноябрь күнү кечинде Чоң Чүй каналына  Peugeot үлгүсүндөгү унаа түшүп кетип, айдоочу менен 6  жаштагы уулу каза болгон. 8-ноябрга караган түнү болсо, Таластагы жол кырсыгынан эки адам каза болуп, дагы экөбү реанимацияда.

Бул маселе 8-ноябрдагы парламенттин жалпы жыйынында да көтөрүлдү. Анда эл өкүлү Бакирдин Субанкулов, өкмөттүн “Таза коом” долбоорундагы “Акылдуу шаар” долбоорун тезирээк ишке ашыруу керектигин билдирди.

Жол кырсыгынын негизги үч себеби бар. Алар жолдун талапка жоп бербегени, жолдогу көзөмөлдүн жоктугу жана жол эрежелерин сакталбаганы болуп жатат. Ошондуктан, ИИМ, Транспорт жана жолдор министрлиги менен Каттоо кызматы биргелешип план иштеп чыгышыңар керек. Мен ушул улуу трибунадан бул маселени төртүнчү жолу айтып жатам. Кайдыгер карап олтурганыбыз болбойт. Чогулуп, бул көйгөй менен олуттуу күрөшөлү.

Ал эми депутат Дастан Бекешов, мамлекет тарабынан камераларды орнотууга каражат бөлүүнү сунуштады.

 -Өкмөт тарабынан кайрадан эле каражат маселесин шылтоолой турганы белгилүү. Бирок, ансызда миллиондогон каражаттар оюн-зоокторду уюштурууга, капиталдык алымга жана башкага кетирип жатабыз.  Ошондуктан, Жогорку Кеңеш жолдорго камераларды орнотууга каражат бөлүп берүү маселесин карайлы. Төрага, тишелүү комитеттерге тапшырма берүүңүздү сунуштайт элем.

Активист Айбек Баратов, күнөөнү ар кимден издебей, ар бир айдоочу  өзүнөн издеш керектигин айтат. Ошондой эле, кетип жаткан президент акыркы күндөрү болсо да жол кырсыктарына олуттуу карап,  элдин эсинде калса болмок деген сунушун билдирди.

-Ар бир жол кырсыгына, андагы адамдарыдын өлүмүнө ар бир айдоочу күнөөлүү. Негизги эле себеп, биздин айдоочулардын жол эрежелеринин сакталбагандыгы. Ошондуктан, айып пулду болушунча көтөрүш керек. Анан Патрулдук милицияда да кемчилик жок эмес. Алардын аты өзгөрүп, заты, иши оңолбой жатат. Ошондуктан, алардын да айлыктарын көбөйтүү менен талапты катуу коюшса, анан “Коопсуз шаарды” тезирээк киргизсе жакшы болмок. Аны менен катар президент Алмазбек Атамбаев унчукпай койбой, акыркы мөөнөттөрүндө болсо да, жол кырсыктарын азайтууга олуттуу кадам таштап, мамлекеттик деңгээлде жарлык же буйрук чыгарып, реалдуу жыйынтык менен элдин эсинде калса жакшы болот эле.

Союз учурунан бери жол коопсуздук тармагында иштеп келе жаткан, учурда Бишкек шаардык патрулдук милиция кызматынын Кылмыш иликтөө башкармалыгын жетектеп турган Ажыбек Майназаров, өз ою менен мындайча бөлүштү.

-Жогорудагы сунуштар менен бирге техникалык кароо, ишеним кат деген талаптарды кайра киргизүү керек. Анан азыркы активисттердин айрымдары милициянын эл алдында кадырын төмөндөтүп жатат. Ошол себептен да жарандар милицияны сыйлабай баштады. Андыктан, милициянын укугун Орусия, Казакстандагыдай кеңейтип, аларга бийликти бергенде, союз учурундагыдай тартип менен иштешет эле. Андан жыйынтык да көрүнмөк.

Патрулдук милиция кызматы жол кырсыктары менен күрөшүүгө айып пулду жогорулатуу боюнча сунуштар киргизилип, башка да бир катар аракеттер  тынбай көрүлүп жатканын маалымдады. Аны менен катар, акыркы окуялардан кийин атайын рейддер да уюштурулуп, жетекчилик тарабынан пландар иштелип жатканын билдирди.

Ошондой эле статистика боюнча, ылдамдыкты жогорулатуу, каршы тилкеге чыгуу, айдоочулук күбөлүктөрдүн сатылышыкөп кырсыктарга себеп болуп жаткандыктан,  рулга олтуруп жатканда, өзүңуздүн жана башкалардын үй-бүлөсүн ойлоого да чакырды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *