Шашылыш кабар:

Өлкөдө коргонуу мүмкүнчүлүгү көбөйүүдө

Ноябрь 8, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
95

Бүгүн, өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиевди кабыл алып, өлкөнүн коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө, техникалык жабдууларды, аскер кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртууга багытталган иш-чаралар тууралуу маалымат алды. Муну менен катар, тышкы чек араларды бекемдөө жана мамлекеттин коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Ушундан улам бүгүнкү күндө чек ара тозотторунун материалдык базасы, аскерлердин социалдык абалы кандай, өзгөрүүлөр болдубу? деген суроолордун алкагында Мамлекеттик чек ара кызматынын мурунку төрага орун басары, генерал Садырбек Дубанаев менен “Күн чекит” программасында маек курдук.

Сиз Мамлекеттик чек ара кызматында жетекчи орун басары кызматын аркалагансыз. Учурда чек ара тозотторунун материалдык-техникалык базасы чыңдалдыбы? Өзгөрүү болдубу?

Президент коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө максатында абдан катуу тапшырмаларды бергени айтылды, бул жакшы көрүнүш. Бирок, бүгүнкү күндөгү абал менен мындан 10-15 жылдагы абалды салыштырып карап көрсөк, кыйла жакшырды. Анткени, 2002-жылдан кийин чек араны өзүбүз кайтарып калгандан бери, абдан кыйын учур болгон. Аскерлердин униформасы жок, чек ара тозоттору курулган эмес, делимитация-деморкация иштери бүткөрүлбөй оор жагдайды баштан кечиргенбиз. Керек болсо заствалар жок болгондуктан, чабандар таштап кеткен үйлөрдү оңдоп, тозотторду ошол жерге алып барганбыз. Азыр Кудайга шүгүр, өткөрмө пункттары эл аралык деңгээлде жасалып жатат. Заставалар курулду, материалдык-техникалык базалары, курал-жарактарды сактоо жайлары, балдардын тамак иччү жайлары салынды. Кызмат өтөөгө барам деген жаштар көбөйдү.

Демек, бүгүнкү күндө чек ара тозотторунун материалдык-техникалык базасы чыңалды десек болот экен. Ал эми, ал жерде чек араны кайтарган аскерлердин социалдык абалы жакшырдыбы?

2000-жылдан бери чек ара кайтарган аскерлерге бир да жолу үй салынган эмес. Биздин учурда 2005-жылы Жал кичи районуна 60 батирлүү үй курулуп башталды эле, аны былтыр гана бүтүрүп колдонууга беришти.  Мындан тышкары, акыркы 3 жылда күч структурасына тиешелүү 76 обьекти курулуптур. Миңден ашуун кызматкерлер батирлүү болушту. Жакында да чек арачыларга көп батирлүү эки үй курулуп бүтүп берилет. Буга чейин офицерлер лейтенанттан тарта, полковникке чейин өлкөнүн алыскы аймактарында да кызмат өтөп жүрүп, эч кандай батир албастан пенсияга чыгып кетишкен. Азыркы учурдагы эмгектенген чек арачылар эл-журт үчүн кызматын кылса, үйлүү болуп, жашоо тиричилиги да оңолот.

Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиевдин президентке берген маалыматында, Баткен облусунда “Миң булак” чек ара заставасы жакында ачылат. Баткенде канча застава бар, ал жердеги тозотторго аскерлер көп барбайт деп айтылат, эмне себептен? 

Мен Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчи орун басары болуп турганда, Баткен облусунда чек ара кызматынын отряды гана болчу, анда 6 гана застава эле. Ошол эле учурда, Тажикстанды карап көрсөк, аларда эки отряд, 15тей застава бар эле. Ушул тапта Баткенде эки чоң башкармалык бар, 10-15тей чек ара тозоту түзүлдү. Жакында “Миң-Булак” жаңы заставасы ачылат, бул абдан жакшы иш.

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *