Шашылыш кабар:

Бүткүл дүйнөлүк соода уюм чек арадагы кырдаалды чечип бере алабы?

Ноябрь 8, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
68

Кыргыз-казак чек арасында текшерүүлөрдүн күчөтүлгөндүгүнө  эки күндөн кийин туура бир ай болот. Бирок кырдаал мурунку калыбына толук келе элек. Чек ара кызматы бүгүнкү күнгө 50гө жакын жүк ташуучу унаа турганын айтууда. Бул көйгөй менен өкмөт бүткүл дүйнөлүк соода уюумуна дагы кайрылган.  Эки күндөн кийин уюмдун атайын комитети карайт.

Дүйнөдөгү эң таасирдүү деп саналган бүткүл дүйнөлүк соода уюму кыргыз-казак чек арасында жаралган маселени 10-ноябрда карайт. Анда  Кыргызстан атайын  баяндамасы менен чыгат. Кыргызстандын айрым экономисттери бул уюм кырдаалды жөндөгөнгө жардам берет деп жатышат.  Башка бир бөлүгү бул процесстер жакынкы аралыкта бүтпөй турганын айтууда. Экономист Айылчы Сарыбаев Казакстан уюмдун шарттарын бузгандагы аныкталса,  Казакстан кара тизмеге кирип калышы дагы ыктымал деди.

Албетте бул уюм Кыргызстанга жардам бере алат. Бул уюмга Казакстан кирип жатканда коңшу өлкөлөрдүн макулдугу берилген. Анын ичинде коңшу өлкөлөрдүкү керек болгон. Биз ошол макулдукту бергенбиз. Эми андагы шарттарды Казакстандын бузушу өзүнө аброй алып келбейт. Тескерсинче Казакстан кара тизмеге кирип калуусу ыктымал.

Бул процесстер жакынкы убакытта бүтпөйт. Экономика илимдеринин доктору Кубанычбек Идиновдун пикиринде чек ара маселеси бүткүл дүйнөлүк соода уюмдун алдындагы арбитраждык сотко өтүп кетиши мүмкүн. Буга кошумча эгер Казакстан текшерүүнү мурунку калыбына алып келбесе Евразия экономикалык биримдиктин сотунда да каралышы ыктымал. Бул иштердин баары бир же эки айда бүтпөйт. Ошону эске алганда маселе быйылкы жылы чечилбейт. Мындан Казакстан чоң айып пулга жыгылаарын Идинов  айтат.

Бул уюм биринчиден өз ара чечкенге аракет кылгыла дейт. Экинчиден Казакстанды айыпка жыгып коюшу мүмкүн. Алардын айып пулунун көлөмү дагы өтө жогору кетет. Ошондуктан бул маселе андан ары бүткүл дүйнөлүк  соода уюмдун алдындагы арбитраждык сотко өтүп кетүү ыктымалдыгы бар. Мындан сырткары Кыргызстан ЕАЭБге кирбедиби…. Бул жакта дагы сот иштери башталышы мүмкүн. Бүгүнкү күнү Казакстандын бул аракети өзүнүн рыногун сактап калууга карата жасалып жатат. Мен ойлойм максатына жетти.

Экономисттердин пикирине таянып айтак, Казакстан өзүнүн рыногун сактап калууга жасалган бул аракеттери коңшу өлкөнү кеминде 100млн долларга айыпка жыгып коюсу ыктымал.

Бирок ал үчүн Кыргызстан аргументтүү фактыларды келтири керек. Болбосо иш сотко өткөндө деле утулуп калуу ыктымалдыгы чоң. Мындай оюн мурунку экономика министри Арзыбек Кожошев Маралга бирдирди. Өз сөзүндө чек арадагы кырдаал көбүнчө экономикалык эмес, саясий себептен улан орун алып жатканын белгилет. Бул өңүттөн алганда бүткүл дүйнөлүк соода уюмдун чечимдери аткарылбай калышы дагы ыктамал деп буларга токтолду.

Албетте бүткүл дүйнө жүзүндө бул уюм таасирдүү деп саналат. Бул жакта дүйнөлүк соода уюмдун эрежелерин бузган мамлекеттерге башка мамлекеттер өз дооматтарын кое алат. Бүгүнкү күндө Казакстан менен болуп жактан окуяларды Кыргызстан алып чыкканга толук укугу бар. Бирок ал жерде конкреттүү факттылар менен далилдеши керек. Болбосо иш сотко өткөн күндө дагы Кыргызстан жеңилип калышы мүмкүн. Анын үстүнө учурдагы жагдай экономикалык эмес, саясий себептерден улам орун алып жатат.

Учурда Кыргызстандын  уюм алдында жасай турган баяндамасы так кандай өңүттө болбоору айтыла элек.

Кошумчалай кетсек, бүткүл дүйнөлүк соода уюму дүйнөдө эң таасирдүү уюмдардын бири деп саналат. Ага жер шары боюнча 168 мамлекет мүчө. Бул аянчада экономикалык эки тараптуу маселелер каралат. Алардын чечими менен күнөөлү деп табылган тарапты айып пулга жыгып, уюмга мүчө өлкөлөрдүн баарына ал мамлекет менен кызматташууда этият болууга чакыра алат.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *