Шашылыш кабар:

Чек арадагы кезектин азайышынын сырдуу себеби

Ноябрь 8, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
1061

Чек ара кызматынын берген маалыматына ылайык, кыргыз-казак чек ара өткөрмө пунктарында оор жүк ташуучу автоунаалардын тыгыны 3 күндөн бери азая баштаган. Бирок учурда кайрадан 50дөй оор жүк ташуучу кезекте  турат. Мындан улам кезектин азаюсуна эмне себеп деген суроо туулат. Өткөрмө пунктарында текшерүү оңойлоштубу же башка жагдайлар себеппи?


Ак-Тилек өткөрмө пунктунда 3 күндөн бери оор жүк ташуучу авто унаалардын тыгыны азайды. Бирок кечээ, 8-ноябрга караган түндөн баштап кайрадан кезек пайда болду. Ал эми адамдардын тыгыны жокко эсе. Чек ара кызматынын басма сөз кызматкери Салкын Абдыкариева билдиргендей, буга бош оор жүк ташуучу автоунаалардын эки тараптын сүйлөшүүсүнө ылайык, текшерүүсүз өткөрүлүшү себеп.

-Биринчиден буга чейин транзит менен кетип жаткан жүк ташуучулардын саны көбөйүп кеткен. Ага кошумча арасында жүгү жок бош жүк ташуучу автоунаалар да болгон. Казак тараптын транзит жана бош оор жүк ташуучуларды текшерүүсүз бат-баттан өткөрүүсүнүн жыйынтыгында 400гө жакын болуп турган тыгын жоголгон.

Мындан улам биз Ак-Тилек өткөрмө пунктундагы абал менен таанышуу үчүн бардык. Анда 50дөй жүк ташуучу кезек күтүп турганына күбө болдук. Чындыгында 3 күндүн ичинде өткөрүлгөндөрдүн жүгү жок беле? Анда эмне себептен буга чейин кезекте турушкандыгы боюнча айдоочулардын өздөрүнөн сурап көрдүк.

“Бизге чейинкилер кантип өткөнүн билбейм. Бирок биз деле бош кетип жатабыз. Эч ким өтө бергиле деп кабар берген жок. Бирок ошентсе да айдоочулардын өздөрүнүн жазылбаган мыйзамдары бар. Эгер азыр мен алдыга жылууга аракет кылсам, кайра ордума кое албай калам”,-дейт кезекте турган айдоочу Нуржигит.

Ал эми андан кийинки кезекте турган Сергей аттуу жүк ташуучу:

Андай нерсе болгон жок. Кезек күтүү жок дегенинен жолго чыкканбыз. Таңкы бештен бери бир дагы бош автоунаа текшерүүсүз өткөн жок. Биз да бош кетип жатабыз. Бирок өткөрүшкөн жок. Ал жөн эле сөз. Эгерде  жүгү жок автоунааларды өткөрсө биздин кабарыбыз болмок. Андай маалымат айтылган жок. Бизге чейинкилер кантип өткөнү боюнча бир нерсе да деш кыйын. Азырынча эч кандай өзгөрүү боло элек”,-деди.

Тилекке каршы, көрүнүп тургандай кезек күтүп тургандардын катарында тургандын болжол менен 30% жүгү жок бош тургандар түзөт. Мындан улам, 3 күн мурда чек арадан жүгү жок унааларды текшерүүсүз өткөрүү келишими бүгүнкү күндө күчүндө эмеспи деген суроо туулат.  Ал эми Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев чек арадагы кезек күтүүнүн азайгандыгы боюнча башка жагдайларга көңүл бурдурду. Анын айтымында буга коррупциялык көрүнүштөр аралашууда. Анткени айрым айдоочулар батыраак өтүү үчүн пара беришкен.

“Чек арадан өткөн айдоочулар менен кабарлаштым. Алар процесстин бат өтүүсүнө акча берип койсо болот дешти. Көпчүлүгү 10 миң теңгеге чейин пара беришиптир. Өткөн жумаларда кырдаал курчуп турганда  20 миң теңгеге чейин берип жатышканын айтышкан”.

Балким Казакстан башындагы максатына жеткендиги үчүн, чек арадан өткөрүү жеңилдеди,  дешет айдоочулар. Анткени буга чейин Торугарт аркылуу Кытайдан келген товарлардын саны бүгүнкү  күндө кыскарып,  Урумчиден түз эле Хоргоско өтүп жатат. Мындан улам буга чейинки тыгынга кошумча, эми жүк ташуучулар жумушсуз калды дейт Темирбек Шабданалиев.

“Айдоочулар бул бир айга жакын кырдаалдан кийин Казакстан өзүнүн максатына жетти деп жатышат. Анткени мурда Кытайдан Торугарт аркылуу Кыргызстанга келген товарлар эми түз эле Урумчи аркылуу Хоргоско кетип жатат экен. Кытайлар биз тарап аркылуу товарларын жөнөтүүдөн коркуп калышыптыр. Казакстандын да максаты ушул болду деп жатышат. Мындан улам эми биз жүк ташуучулар да эми ишсиз калышат. Анткени Кытай тарап эми биздин жүк ташуучулардын кызматын колдонбой калат”.

Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, текшерүү процесси өзгөргөн жок. Мурдагыдай эле саатына 7-8  оор жүк ташуучу автоунаа өтүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *