Шашылыш кабар:

Активисттер мөңгү мыйзамына каршы чыгышты

Ноябрь 8, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
130

Колдоруна «Мөңгүлөрдү талкалоону токтоткула!», «Мөңгүдөн колуңду тарт!», «Мөңгүлөрдү сактайбыз» жана «Мөңгү жок болсо, суу жок» деген плакаттарды көтөргөн 70-80дей киши Суу кодексине өзгөртүү киргизүүгө каршы митингке чыгышты.

Парламент имаратынын алдына чогулган митингдин катышуучулары Кыргызстандын Гимнин аткарып, өкмөт менен Жогорку Кеңешти андагы «Ак мөңгүлүү аска, зоолор талаалар» деген саптарга өзгөчө көңүл бурууга чакырышты. Нааразычылык акциясынын уюштуруучуларынын бири «Коомдук анализдөө институтунун» жетекчиси Рита Карасартова өкмөттүн Суу кодексине сунуштап жаткан өзгөртүүлөрүндө мөңгүгө зыян келтирген тараптарды кенемте төлөөдөн кутулта турган жоболор бар деп айтып чыкты.

— Суу кодексинин 62-беренесинде мөңгүлөрдү ээритүүгө негиз берген иштерге тыюу салынат деп жазылган. Ошол беренеге стратегиялык, бюджетке көбүрөөк акча түшүргөн компаниялардан сырткары деген артыкчылык берип жатышыптыр. Бул туура эмес. Мыйзам баарына бирдей иштеш керек. Ким кандай зыян алып келсе ал төлөнүшү зарыл. Тилекке каршы зыянды эсептеп чыгуу деген өкмөттүн токтомун дагы жокко чыгарып салышыптыр.  

Жарандык коомдун өкүлдөрү сунушталып жаткан мыйзамдагы айрым ишканаларга мөңгүгө жакын жерлердеги кендерди иштетүүгө уруксат берүү, экологияга келтирилген чыгым үчүн төлөнчү кенемте жеңилдиктери сындуу калпыстыктарды сынга алышты. Эгер документ парламенттин дагы президенттин дагы колдоосуна ээ боло турган болсо мөңгүлөргө келген чыгымдарды аныктоо министрлердин деңгээлинде чечилип калат деп кооптонуп жатышат. «Кыргыз эл жаштар кеңеши» бирикмесинин жетекчиси Бекназар Айталиев бул мыйзам мөңгүлөрдү талкалоого жол ачаарын билдирди.

— Жоомарт Оторбаев премьер-министр болуп турганда мөңгүлөрдү иштетүүгө жигердүү эле аракет көргөн. Бирок креслосунан айрылып калгандыгына байланыштуу аягына чыккан жок. Ал ортодо парламенттик шайлоо болуп кетип, саясий жагдайдан улам бул мыйзам ушуга чейин жылып келген. Бирок, кандай болгон күндө дагы бийлик «Кумтөр» жана башка жерлердеги мөңгүлөрдү бузуп, алтын гана эмес башка кен байлыктарды дагы казып, мөңгүлөрдү казууга багыт алганы көрүнүп турат.

Өкмөттүн Суу кодексине өзгөртүү киргизүүнү камтыган мыйзам долбоорун парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети 30-октябрда үчүнчү окууда колдогон. Мыйзам эми 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы кароосуна коюлаарын аталган комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров «Марал» радиосуна кабарлады. Эл өкүлү өкмөт демилгелеген мыйзамдын «Кумтөр» кениндеги Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүнөн башка мөңгүлөргө тиешеси жок деп, митингте активисттер койгон дооматтарды четке какты.

— Башкө мөңгүлөргө эч кандай зыяны тйбейт, алар жөнүндө сөз жок. Башка мөңгүлөргө тийгенге мыйзам жол бербейт. Ал азыр кабыл алына дагы элек. Кабыл алынып, президент кол койгондон кийин гана күчүнө кирет. Андан кийин гана иштеп баштайт. Ага чейин ким чыгым келтирген болсо, мыйзам бузулса ошолор тарабынан төлөнүшү керек.

Жогорку Кеңештин имараты 8-ноябрь 2017-жыл

Өкмөт Давыдов менен Лысый мөңгүлөрү жок болгонун билдирген. Маалымат боюнча учурда аталган эки мөңгүнүн 20 пайыздай гана бөлүгү калган. «Кумтөрдү» иштеткен «Центерра» компаниясы эки мөңгүнүн калган бөлүгүн дагы талкалап, алтын өндүрүп жатат. Аткаруу бийлиги учурда талкууга түшкөн мыйзам менен калган мөңгүлөрдү сактоого кепилдик берүүдө. Бирок, эколог Калия Молдогазиева Суу кодексине өзгөртүү киргизүү канадалык «Центерра» ишканасына дагы да мөңгүлөрдү талкалоого шарт түзүп берүү деп эсептейт.

— Мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен «Центеррага» мөңгүлөрдү аягына чейин талкалагыла, мөңгүлөрдүн үстүнө таштандыларды чогулткула, мурунку жасаган иштерди уланта бергиле деп уруксат берилип жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылы Парижде Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясында сөз сүйлөп, Борбор Азиядагы мөңгүлөрдүн тез ээрип баратканына тынчсыздануусун билдирген. Ал божомолдор боюнча, 2025-жылы Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты орточо эсеп менен 30-40%га кыскарышы ыктымал экенин жарыялаган. Анын натыйжасында Борбор Азиянын дарыяларынын суу деңгээли 25-30%га кыскарып, 2100-жылы Кыргызстандын мөңгүлөрү Жер картасынан таптакыр жоголуп кетүү ыктымалдуулугун айткан. Мөңгүлөрдү сактоо максатында түзүлгөн «Мөңгү» фондунун президенти, эколог Үрүстөм Кабылбеков мөңгүлөрдүн тез ээрип жатканынын себептерин айтып берди.

— Биз мөңгүлөрдүн 30 пайызын жоготуп койдук. 1974-жылга чейин мөңгүлөр Кыргызстандын жалпы аянтынын 4,2 пайызын ээлеп турса, азыр 1,1 пайыз эле болуп калды. Мөңгү күндүн ысыгынан ээрийт. Экинчиси чаңдан ээрийт. «Кумтөрдөн», Аралдан келген чаң. Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан миллиондогон гектар жерлерди иштетип жатат алардан келген чаң мөңгүнү басып жатат.  

«Кумтөрдөгү» экологиялык чыгымдарды иликтеген комиссиялар жана экологдор Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүнүн тез ээришин «Центерра» кени экологиялык талаптарды аткарбагындыгынан улам болду деп келишет. Ал эми канадалык инвесторлор мөңгүлөрдүн ээришин жаратылыштагы өзгөрүүлөргө байланыштырышкан.

Парламент алдында болгон митингде ошондой эле 10-ноябрда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев башында турган жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргеликте Бишкекте Суу кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө байланыштуу жыйын болоору белгилүү болду.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *