Шашылыш кабар:

Төлөм системасынын коопсуздугу: мобилдик банкинг

Октябрь 23rd, 2017 | by Nargiz Bayomurоva
Төлөм системасынын коопсуздугу: мобилдик банкинг
Эколикбез
0

КР банктык системасы бүгүнкү күнү банктык кызмат көргөзүүнүн кеңири тармактарын сунуш кылат. Инновациялык технологиянын өнүгүүсүнүн натыйжасында, банктык кызмат көргөзүү дагы өнүгүп-өсүп, учурда жаңы денгээлге келип жетти. Мындай кызмат көргөзүүнүн түрү катары аралыктагы банктык кызмат көргөзүүнү, банктык төлөм карталарын, төлөм жүргүзүүчү терминалдарды, электрондук капчык жана мобилдик банкингди атасак болот. Бул ирээт сөз кылайын деген темабыз дал ушул мобилдик банкингге арналат. Тагыраак айтсак, мобилдик банкинг жана анын коопсуздугу тууралуу Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын адиси Таалайбеков Нурсултан Таалайбекович «Эколикбез» программасынын алкагында  төмөнкү маанилүү маалыматтарды билдирди.

 Төлөм системасындагы санариптик технология.

 Маалымат технологиясынын тез өнүгүшү менен жашоо деңгээлине жогорулатууга карата муктаждык күчөп, азыркы кезде финансылык кызмат көрсөтүү тармагына да өзгөчө талаптар коюлуп, ага карата бир кыйла жагымдуу шарттар сунушталып жатат. Азыр жарандарды кантип жана кайсы убакытта өзүн тейлеген банк менен байланышып, тийиштүү кызматтарды пайдалана алаары кызыктырат.

Кыргызстан бүткүл дүйнө жүзүндөгүдөй эле санариптик жана таза экономикага өтүү үчүн “Таза коом” долбоорун ишке ашырууга ниетин коюп жаткандыгын жарыялады. Санариптик акчалар жана нак эмес төлөмдөр — бул заманбапа экономиканын негизги жана ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Кыргызстан тоолуу өлкө болгондугуна байланыштуу, калктын саны жана киреше деңгээли өнүккөн өлкөлөргө караганда, салыштырмалуу төмөн. Мунун баары санариптик экономиканын инфраструктурасын өнүктүрүүгө таасирин берет, анткени инфраструктура – бул кымбат долбоор жана ал көпкө барып өзүн-өзү актайт.

Бирок, ошого карабастан, санариптик технологиясынын өнүгүшүнө кызыккандар жылдан жылга өсүп жатат. Улам-улам көп жарандар нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн ыңгайлуу экендигин баалашты. Айтсак:

  • коммуналдык кызматтарды каалаган жерде жана каалаган учурда төлөө;
  • товарларды (анын ичинде интернет-магазин аркылуу сатып алынган) жана тейлөө кызматтардын акысын (жеткирүү кызматы, такси, химикалык тазалоо, ж.б.) төлөө;
  • байланыш (стационардык жана уюлдук телефон, интернет) жана башка кызматтарды (кабелдик жана санариптик телекөрсөтүү, билим берүү) төлөө;
  • акча каражаттарын каалаган жерде жана каалаган учурда которуу;
  • эсептердин ар кандай түрлөрүн ачуу жана аларга акча которуу;
  • санариптик акчаны интернет, мобилдик телефон, банктык карттар аркылуу башкаруу.

Мобилдик банкинг жана анын мааниси.

Бул макаланын алкагында биз уюлдук аппараттар, мобилдик банкинг — деп аталган, аралыктагы банктык кызматтардын бир түрү, аркылуу эсепти башкарууну карап чыгууну сунуштап жатабыз.

Мобилдик банкинг дүйнө жүзү боюнча көп жактоочуларды топтоп жатат. Ал эмне себептен? Мобилдик колдонмо аркылуу төлөмдөр жана акча которуулар бир шилтем аркылуу жана бир секунданын ичинде ишке ашырылат. Уюлдук интернет менен уюлдук аппараттар кызматтык төлөмдөрдү адамдын кайсыл жерде жүргөнүнө жана убакыт-саатына карабайт тейлейт. Аны үчүн болгону, жеткиликтүү Интернет жана анын ылдамдыгы талап кылынат. Мунун баары жашообузду желилдетип жана өз убактыбызды сактоого жардам берет. Анын ар бир технологиясы колдонуучуларга өз каражаттарын аралыктан башкаруу үчүн бир топ мүмкүнчүлүк сунуш кылат.

Азыркы күндө негизги мобилдик банкинг колдонуу кызматтар нак эмес төлөмдөр, баардык операциялар боюнча sms-билдирүү, уюлдук байланыштар менен интернет, коммуналдык төлөмдөр, акча которуулар жана башка төлөмдөр саналат. Мобилдик банкинг жөнөкөй жарандардын арасында популярдуу болуп саналат, анткени күнүмдүк сатып алуулар жана төлөмдөр оңой, ыңгайлуу жана ар дайым жаныңда.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикада мобилдик банкинг кызматын 6 коммерциялык банктар: «Кыргызско-Швейцарский Банк» ЖАК, «Оптима Банк» ААК, «Банк Бакай» ААК, «Халык Банк Кыргызстан» ААК, «БТА Банк» ЖАК, «Коммерческий Банк Кыргызстан» ААК аркылуу көрсөтүүдө.

“ЭлкартМобайл”

Кыргызстандын рыногунда эң новаторлук буюмдардын бири мобилдик колдонмо «ЭлкарМобайл» болуп саналат. Ал  «Элкарт» улуттук төлөм системасынын оператору аркылуу 2017-жылдын сентябрь айында ишке кирди. Бул бир колдонмо аркылуу ар башка коммерциялык банктардан чыгарылган Элкарт төлөм картына байланган бир нече эсепти башкарууга болот. Төлөм картынын жайгашкан ордуна карабай, бир эле тиркеме аркылуу каалаган кызмат көрсөтүүлөр үчүн аралыкта туруп төлөөгө болот. Ошондой эле, уюлдук телефон же планшеттен башка атайын аппараттар кереги жок. ЭлкартМобайл эч кандай банкка байланышсыз, ан кабыл алуучу терминал менен банкоматты талап кылбаган акча которууга жана төлөм жүргүзүүгө жол ачкан мүмкүнчүлүк.

ЭлкартМобайл аркылу өз карттар арасында жана башка Элкарт карттарга которууларды, эсептип балансын кароо, уюлдук телефонго жана электродук кошолекко акча салуу, ЖКХ төлөөлөр, интернет, ТВ жана башка төлөмдөрдү төлөсө болот. Мындан тышкары, бул колдонмо аркылуу карттагы эсебиңизди көзөмөлдөө, карттын минивыпискасын алса жана мындан аркы төлөмдөрдү жеңилдетиш үчүн шаблон түзсө болот. ЭлкартМобайлдын жакында турган төлөм Элкарт картасын кабыл алган банкоматтарды жана соода пунктарды издөө функциясы бар.

Бул колдонмо толук интернет банкингтен кем эмес жана ошондой эле эл аралык коопсуздук стандарттарына ылайык заманбап коопсуздук системасы тарабынан корголгон.

Бирок, ар бир процестин жана аспаптардын өз тобокелдиктери бар (нак акча учурда адамды тоноп, жоготуп же акчаны бузуу, алдамчылардан азап тартуу болушу мүмкүн) жана мобилдик банктын кардарлары банктардан кем эмес тобокелдиктерге дуушар болушу мүмкүн. Биринчи кезекте, бул техникалык себептерге байланышту бир нече убакытта кызмат көрсөтүү алалбагандыктан тобокелдиктер болуш мүмкүн. Алардын арасында үзгүлтүктөр, банктын же төлөм системасынын операторлорунун байланыш же компьютер системаларында авариялар; кардардын уюлдук аппаратына жана банктын систмасына кибератакалыр болу (мисалы, уюлдук телефондогу жеке маалыматтарды жана банктык эсептер маалыматын вирустар аркылу урдоо же блокко салуу); банктык маалыматтык же мобилдик банкинг системалары нормалдуу иштешинен чыгуу; банктын кызматкерлеринин туура эмес иш-аракеттери (анын ичинде алдамчылыктар); форс-мажорлук кырдаарлар (табигый кырсыктар, жана башка кырсыктар). Кардар үчүн тышкы таасирлерден тышкары, мисалы, кардардын уюлдук аппараттын жана электрондук банк системасынын кирүүгө мүмкүндүгүн жоготуу, кардардын туура эмес иш кылуу учурларды айтсак болот.

Алдамчы операциялар жөнүндө өзүнчө карайлы.

Техниканын өнүгүшүнө жана жаңы мүмкүнчүлүктөр менен ар кандай алдамчылык схемаланын өзгөчөлүктөрүнүн өсүшүн эч качан унутпашыбыз керек. Буга байланыштуу өтө ишенимдүү коопсуздук системалары менен дагы сак болушубуз керектигин.

Мүмкүнчүлүк банктык тобокелдикти төмөндөтүү үчүн төлөм системаларынын операторлору эрежелерди иштеп чыгышат. Бул эрежелерди сактаса колдонуучулар акча сактоосун эң жогорку коопсуздугун камсыз кылат, ошондой эле төлөмдөр учурунда төлөм тобокелдигинин азайтууга мүмкүнчүлүк берет.

Мобилдик банктын коопсуздук жана ыңгайлуу ишин камсыз кылуу үчүн кардарлар төмөнкү жалпы сунуштарды жүзөгө ашыруу керек:

  • сиздин ДБО боюнча жеке маалыматтар чочун жак тарабына билүүгөө мүмкүнчүлүгүн болтурбоого (банк картасынын номери, PIN-код, банктагы эсебинин номери, паспорттук маалыматтары, мобилдик банкинг системасына кирүү мүмкүндүгүн алуу);
  • мобилдик колдонмо аркылуу ишенимсиз соода жана тейлөө көрсөтү уюмдарда колдонбоо;
  • мобилдик колдонмо аркылуу операцияларды өткөрүп жатканда мобилдик аппаратты көз астында болуу;
    • банктын SMS-кызматын бүтүмдөр боюнча кабарлоо жана эсепти же картты онлайн-блокко/блоктон чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен пайдалануу;
  • мобилдик банкинг система аркылуу иштеп жатканда өзуңөрдүн уюлдук телефонурды зыян келтирүү программаларга текшерүү. Вирустар жана зыяндуу программалар көп учурда жашыруун маалыматтарды үчүнчү жакка берүүгө багытталган. Анти-вирус программасын орнотуу жана дайыма анти-вирус базаларын жыңыртуу;
  • мобилдик колдонмо ишенимдүү булактардан жүктөө. Байланыш коопсуздук режимде кошулушун текшерүү;
  • мобилдик банкингтин персоналдык маалыматтары башкаларга билинип калганына шектүү болсо логинди жана паролду/кирүү коду алмаштырууга зарыл;
  • банк электрондук почта же уюлдук телефон аркылуу өз кардарларынан жеке маалыматтарды эч качан сурабайт (мисалы, карттын номерин, PIN-кодту, эсептин номерин, паспорт маалыматтарын, мобилдик банкинг системасынын парол/кирүү мүмкүндүк кодун). Банк менен банк кызматынын органдарынын жана пункттарында түздөн-түз келип түшкөн документтерде көрсөтүлгөн байланыш маалыматтарын пайдалануу менен байланышуу керек.

 Эскертүү! Эгерде сиз өзүңөрдүн мобилдик банкинг системасынын персоналдык маалыматын жоготуп же бул жөндө башкаларда маалымат бар же уюлдук телефонугаңарга кирүүгө мүмкүнчүлүк бар экендигине (сиздин уюлдук аппаратынарга чочун жак тарабынан уруксатсыз кирүү аныкталса) шек болсо тез арада мобилдик банкингтин ишин жана картты блокко салууга, мындан тышкары кыска убакытта банк менен байланышууга зарыл.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache