Шашылыш кабар:

Аскерлерге ЖРТнын жарактуу мөөнөтүн узартуу сунушталды

Ноябрь 8, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
49

Армияга кызмат өтөөгө кеткен уландардын жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн жалпы республикалык тестирлөө баракчасын эки жылга жарактуу кылуу сунушталды. Бул багытта Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам долбоорун иштеп чыгышкан. Ага ылайык, аскер кызматын өтөп жаткандардын билим алуусуна болгон укуктары корголуп, аларга жеңилдиктер каралган.


Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, жашы он сезиге толгон уландар армияга чакырылат. Он сегизге толуп, бирок мектепти аяктай элек атуулдар аскердик кызматка өз ыктыяры менен гана бара алат. Бул учур уландардын жогорку окуу жайда тапшыруу мезгилине туш келет.

Армияда кызмат өтөп, учурда мамлекеттик кызматта иштеп жаткан Нуртилек Нурдин уулу аскер кызматтын өтөгөнү баргандардын билим алуусуна тоскоолдуктар бар экенин билдирди.

Ал армияга барардан мурун жогорку билим алган. Себеби, аскерге кетип калса жогорку билимге ээ болбой калуудан чочулаган.

Мен армияда мектепти бүтүп барган жоокерлер менен бирге кызмат өтөдүм. Алар мен жогорку билимге ээ болгонума бир чети суктанышчу. Бирок мектепти бүтүп, күчкө толуп турганда кызмат өтөгөн жакшы экен. Ошондуктан жигиттерге жогорку билим алуудан чочулабай тургандай шарт түзүү керек. Армиядан май айында келген уландар кайрадан тест тапшырууга даярданып жетише албай калышууда. Муну мен армияга барып келген өкүл катары жакшы билем. Мындай учурда тест тапшыруу үчүн армиядан келгенден дагы бир жыл күтүүгө туура келет. Бул жөн гана убакытты текке кетирүү. Ошондуктан, ЖРТнын жарактуу мөөнөтүн армияга барып келген уландар үчүн узартып койгон туура болот.

Мындан улам Жогорку Кеңештин депутаттары Абдувахап Нурбаев менен Жанар Акаев «аскер кызматчыларынын статусу» жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү сунушташты. Демилгечилердин билдиришинче, иштеп жаткан мыйзамдагы керексиз же болбосо иш жүзүндө иштебей жаткан айрым ченемдер алынып салынды.

Эл өкүлү Абдывахап Нурбаевдин айтымында, Баш мыйзамда каралгандай, аскердик бөлүктөрдө ыйык милдетин өтөп жүргөн эр жигиттердин жогорку билим алууга болгон укуктарын коргоп, аларга жеңилдиктерди кароо керек. Ошондой эле, жаштардын жогорку билим алуусуна шарт түзүү зарыл.

 —Азыркы учурда жоокерлерибиз кызматын өтөп бүткөндөн кийин кыйынчылыктарга туш болот. Жогорку окуу жайларга тапшырайын десе, ал жакта жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алат. Анын жыйынтыгы бир жылга гана жарактуу. Көп жигиттерибиз жумуш издеп чет өлкөлөргө кетип калууда. Ошондуктан, бул мыйзам долбоору аркылуу ошол ченемди алып салуу сунушталууда.

Мыйзам долбооруна ылайык, армияга барып келгендер үчүн ЖРТнын жарактуу мөөнөтү узартылгандан тышкары, алардын алган баллдары башка абитуриенттердики менен бирдей болуп калса, мекенди коргоо ишине катышкандардыкы артыкчылыкка ээ болот.

Талкуу жүрүшүндө депутат Алмазбек Токторов сунушталган мыйзам долбоорун колдоп, бир гана ушул артыкчылык менен чектелбестен аскерлердин башкада укуктарын коргоо керек деди.

Ошол мезгилде эл өкүлү  Ирина Карамушкина билим берүү жана илим министрлиги ЖРТнын жарактуу мөөнөтүнүн узартылышына кандай пикирде болгонуна кызыкты.

Министрлик мыйзам долбоорунун концепциясын колдоп, бирок ЖРТбоюнча өздөрүнүн пикирин билдирдиген. Ал эми Коопсуздук Кеңешинин өкүлү депутаттардын демилгесин колдоого алды.

Аскерлер Жогорку окуу жайларга тапшырууну каалашат. Бирок кызмат өтөгөн аскер бөлүктөр алыс болгондуктан алар окууга тапшыра албайт. Ошондуктан депутаттардын сунушун биз колдойбуз.

Соңунда парламент мыйзам долбоорунун концепциясын колдоду.

Кошумчалай кетсек, өлкөдө альтернативдүү кызмат өтөгөндөр 25 миӊ сом, ал эми үй-бүлөлүк жагдайына байланыштуу кызмат өтөгөндөр 18 миӊ сом төлөйт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *