Шашылыш кабар:

Ж. Касаболотов: Өзүн-өзү каржылаган ММКлар жокко эсе

Ноябрь 7, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
75

Бүгүн, 7-ноябрь маалымат жана басма сөз күнү. Айрымдар Кыргызстанды сөз эркиндиги жагынан Орто Азияда алдыңкы орунда экенин айтып келишет. Бирок кээ бирлери өлкөдө акыркы учурда айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына козголгон кылмыш иштерин, айыппулдардын салынышын жүйө карманып сөз эркиндиги калыптана элек деген ойдо. Мына ушул үндүн мааниси, сөз эркиндигинин абалы тууралуу «Күн чабыт» программасында медиа эксперт Жыргалбек Касаболотов менен маек курдук. 

 

Президент Алмазбек Атамбаев, журналистика азыр коомдук пикирди чагылдыруу менен кошо адамдардын турмушун, дегеле дүйнөнү өзгөртүүчү эбегейсиз күчкө ээ экенин белгиледи. Бүгүнкү күндө кыргыз журналистикасынын күчү канчалык?

Кыргыз журналистикасы Кыргызстанды өзгөртүүдөгү өтө чоң күчтөрдүн бири. Башынан бери эле коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу бизде сөз эркиндиги алда канча көп. Балким, бул биздин бирден-бир жетишкендигибиз. Бирок, жалпы жонунан алганда бир нерсени эске алуу керек, сөз эркиндигине байланыштуу процесстер да ар кандай өзгөрүп жүрүп отурган. Мисалы, союз жоюлгандан бери бир чоң толкун тараган да андан кийин сапаттуу секирик жасаганга анчалык аракеттер болгон эмес.

Дагы бир тенденция бар, ушул күндөрдө социалдык тармактар таасири жагынан биринчи орунга чыкты. Ал эми гезиттер, басма түрүндөгү маалымат каражаттары өзүнүн позициясын жоготуп бараткандай.  Муну менен катар, телевидениенин таасири күчөп келе жатат, бирок алардын көпчүлүгү же бийликтин же болбосо байлыгы бар чоң саясий күчтөрдүн колунда. Бүгүнкү күндө маалымат каражаттарынын көбү өз алдынча бизнестин элементи катары өнүккөн эмес, кайсы бир жактын каржылоосу менен күн көрүп келет.

Сиздин айткандарыңыздан улам, бүгүнкү күндө коом үчүн гана иштеген, ар тараптуу маалымат тараткан көз карандысыз массалык маалымат каражаты жок деп айтабызбы?

Андай маалымат каражаттары бар, бирок алар же чет өлкөдөн каржыланат, же ошондой принципти туу туткан тараптар ошондой ММКларды каржылап берип жатышат. Өзүн-өзү бага турган, финансылык жактан көз карандысыз болгон ММКлар дээрлик жок. Бул басма сөздөгү өтө көп процесстерге таасирин бере турчу жагдайлардын бири.

Учурда журналисттердин укугун коргоо, алардын коопсуздугу канчалык камсыз болуп жатат?

Журналисттик кесип — дүйнө жүзүндөгү кооптуу кесиптердин бири болуп эсептелет. Ал коомдун чыр-чатакка канчалык деңгээлде жакындыгы жана чыдамдуулугу бар деген маселеге түздөн-түз байланыштуу. Бирок, бул бир гана журналисттерге эмес, жалпы коомдун деңгээлине, анын ичинде саясий күчтөрдүн деңгээлине байланыштуу болуп эсептелет.

Ошол эле учурда, журналисттердин жоопкерчилиги кандай болушу керек?

Тарыхый жактан караганда журналисттердин ишине карата эки башка стандарт калыптанып калган. Башында биздин муун окуган салттык журналистика, тагыраагы фельетон, памфлетке чейинки жанрларды өзүнө камтыган журналистика жана азыркы учурда эл аралык журналистика деп аталып жүргөн батыш стандарттары камтылган журналистика бар. Бирок эң негизгиси катуу бир талап бар, ал фактынын ыйыктыгы. Башкача айтканда, журналист үчүн факты, чындык ыйык болушу керек, негизги жоопкерчилиги ушул. Бирок,  журналисттер саясий күчтөрдүн куралы болуп калган учурлар көп болот. Ошол эле учурда, эгер журналисттер өздөрүнүн чыныгы күчтөрүн сезип, бейтарап абдан терең талданган маалыматтарды берип турган болсо анда тескерисинче саясий күчтөр алар менен көбүрөөк эсептешмек. Тилекке каршы, андай деңгээлге жеткен маалымат каражаттары саналуу эле.

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *