Шашылыш кабар:

Өкмөттүн мөңгү мыйзамынан шектенгендер

Ноябрь 6, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
388

Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети 3-окууда жактырган Суу кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр коомчулуктун сынына кабылды.

Жарандык активисттер 8-ноябрда өкмөт сунуштап жаткан «Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы Жогорку Кеңештин алдында тынчтык митингин өткөрүшөт. Уюштуруучулардын бири, «Коомдук анализдөө институтунун» жетекчиси Рита Карасартова өкмөт парламентке сунуштап жаткан документте мөңгүлөргө келтирилген зыянды эсептей турчу жол-жобо жокко чыгарылып жатат дейт.

— Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликтен түшө элек кезинде 11-августта, өкмөттүн зыянды кантип өлчөп төлөш керек деген токтомун өзүнүн жаңы токтому менен жокко чыгарып жатат. Демек мөңгүгө келтирилген зыянды эсептөө деген жок болот. Бул зыянды өлчөй турган механизм болбойт деген сөз.

Аткаруу бийлигинин Суу кодексине өзгөртүү киргизүүнү камтыган мыйзамынын долбоорун парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети 30-октябрда үчүнчү окууда колдоп берген. Эми документ Жогорку Кеңештин жалпы кароосуна чыгат. Жарандык коомдун өкүлү Рита Карасартова нааразычылык акциясында парламентке мыйзамды четке кагуу талабы коюлаарын кабарлады.

— Талап бул чыккынчылыкка барабар мыйзамды артка чакыртып алышсын. Парламент артка жибергиле. Керек болсо кол коюуну дагы талкуулабагыла. Азыркы мыйзам менен гани иштеп, кандай чыгым болсо төлөп беришсин. 

Суу кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам ар кандай себептер менен 2015-жылдан бери каралбай келген. Өкмөт «Кумтөр» алтын кениндеги маселени жөнгө салуу үчүн, аталган документти ушул жылдын ноябрь айынын аягына чейин кабыл алуу зарыл экенин айтууда. Анткени менен мыйзам интернетте дагы кызуу талкууга алынып жатат. Жарандардын басымдуу бөлүгү документ өтүп кетсе мөңгүлөргө оңбогондой зыяны тиет деп кооптонушууда. Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев болсо мыйзамдын «Кумтөрдөгү» Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнөн башка бир дагы мөңгүгө тиешеси жок деп ишендирүүдө.

— «Кумтөрдү» үзгүлтүксүз иштетиш үчүн мыйзамды тууралаш керек. Биз ал жерге жазып койдук Давыдов менен Лысый мөңгүдөн тышкары деп. Тилекке каршы бул эки мөңгүдөн эч нерсе калган жок. Жок калды. Калгандарына тиймей жок. Эми жанагы эки чечимди ишке ашырыш үчүн пландарды бекитиш керек. Ал үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл болуп жатат.

Зилалиев белгилеген эки чечим тууралуу айтсак. Ал 2013-жылы Жогорку Кеңеш өкмөткө «Кумтөрдү» үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылууну тапшырган токтом кабыл алганын жана ушундай эле талап менен Жогорку Сот 2016-жылы чечим чыгарганын айтып, өкмөт аны аткаруу үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек деген жүйөнү келтирди. Ал эми Карасартова айтып жаткан өкмөттүн токтому боюнча мындайча жооп берди.

— Менде азыр ушул маалымат жок экен.  Ал жерде эмне жөнүндө сөз болгонун мен көтөрөйүн. Ал эми чыгым боюнча Айлана чөйрөнү коргоо агенттиги иштеп жатат. Алар өзүлөрүнүн сунушун беришет.

Өкмөт «Кумтөрдөгү» Давыдов менен Лысый мөңгүлөрү жок болгонун ачык эле айтты. Сөз болуп жаткан мыйзамды парламент колдоп берсе кенди иштеткен «Центерра» ишканасы эми аталган мөңгүлөрдөн калганынан алтын өндүрүүгө уруксат алаары айтылууда. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Мирлан Бакиров өкмөт алып келген мыйзам тууралуу төмөнкүлөргө токтолгон.

— Азыр бул мыйзамды ушул редакция менен кабыл алсак учурдагы убакытка туура эле болот. Бирок, Давыдов менен Лысый жок болуп кеткени өкүнүчтүү.

«Кумтөрдөгү» экологиялык абалды иликтеген парламенттик жана мамлекеттик эки комиссиянын тең курамында иш алып барган эколог Динара Кутманова «Центерранын» мөңгүлөргө келтирген чыгымы боюнча буларды айтып берди.

— Парламенттик комиссия 2012-жылы, мамлекеттик комиссия 2013-жылы февралда отчет бердик. Ошондо келтирилген чыгым 444 млрд сом эсептелген. Ал биздин мыйзам чегинде бекитилген методика менен эсептелген.

Ушул эле мыйзам Жогорку Кеңештин V чакырылышына 2014-жылы сунушталган. Парламенттеги бир катар талаш-тартыштардан улам өкмөт 2015-жылы мыйзам долбоорун кайрадан артка чакыртып алган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *