Шашылыш кабар:

Бабановго карата козголгон кылмыш иши оппозицияны алсыратабы?

Ноябрь 6, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
147

Фракция лидерине карата козголгон кылмыш ишине карата саясат талдоочулар парламенттеги оппозиция менен бийликтин балансы бир жака оойт десе, айрымдары саясий аренага эч кандай таасир этпей турганын айтууда. 

Башкы прокуратура өткөн ишемби күнү «Республика Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата кылмыш ишин козгоду.  Негизги айып Кылмыш жаза кодексинин 297-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө ачык чакырык жасоо), 299-беренесинин 1-бөлүгү (Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу) боюнча коюлган. Учурда топтолгон материалдар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлүп, тергөө иши башталды.

Эми фракция лидерине карата козголгон кылмыш иштин саясий аренага таасири канчалык? Саясат таануучу Эмил Жураевдин пикиринде Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш иш шайлоодон кийин бийлик менен оппозициянын балансын бийлик тарапты көздөй оодарып, оппозициянын алсыздыгына алып келет. Бул Бабановдун саясаттан алысташына алып келүүсү  мүмкүн.

Кайсы гана саясатчы болбосун, соттоло баштаганда кадыресе иш алып баруу өтө кыйын. Жалаң гана өзүн актоо процесси кандай жүрсө, ошого гана реакция кылып ошонун тегерегинде гана иш алып барышы мүмкүн.  Ошондуктан Бабановдун толук кандуу саясий активдүү иш алып баруу мүмкүнчүлүгү чектелүү болот. Бул нерселер Бабановду саясаттан чыгып кетүүгө түртөт. 

Анткен менен коомдук ишмер Жыпар Жекшеев бул кылмыш иш саясатка эч кандай таасири жок экенин айтууда. Маралга берген маегинде Бабановго тагылган беренелер түздөн-түз кылган ишине  жараша берилип жатат. Бул өңүттөн алганда ар бир жаран  кылган ишине жооп берип, чындык  коомчулукка айтылыш керек деп санайт.

Саясий аренага Өмүрбек Бабановго карата  козголгон кылмыш иши эч кандай таасир бере албайт. Себеби, Бабановго карата козголгон иштин эки беренеси тең саясий мотиви жок. Муну эл деле жакшы түшүнүп турат. Бул беренелер кылмыш ишине гана тиешелүү. Ошондуктан чындык аягына чейин барышы керек. Адилеттүүлүк калыс өкүм сүрүшү керек.

Ал ортодо “Республика Ата-Журт” фракциясынан депутат, вице-спикер Алтынай Өмүрбекова Өмүрбек Бабановго коюлган күнөөгө эч кандай негиз жоктугун айтууда. Ошондуктан саясатчыны саясий аренадан алуу аракеттери гана  жүрүп жатканын төмөнкүчө айтып берди. Бирок канткен күндө дагы бийликти өткөн тарыхтан сабак алууга чакырды.

Өмүрбек Бабанов популярдуу саясатчы катары бирөөлөргө тоскоол болуп жатат. Бирок аны эл колдоп жатат. Анын артында чоң партия турат. Мына акыркы парламенттик шайлоодо 2015-жылы 320миң добушка ээ болгон “Республика Ата-Журт” партиясы бар. Ошондуктан мен ойлойм Бабановду саясий аренадан алуу коюу максаты коюлуп жатат. Бирок биз мындан өткөнбүз. Муну тарых өзү далилдеп турат. Атайын жасалган нерселер бир убакта кайра өзүнүн башына келет. Ошондуктан бүгүнкү күнү чыныгы демократиялуу өлкөнү түзөбүз десек, сөзсүз түрдө тарыхтан сабак алышыбыз керек.

Булардан тышкары юридика илимдеринин доктору профессор Бекбосун Бөрүбашев Бабановдун Он-Адырда сүйлөгөнү менен ката кетиргенин белгилеп, бирок мындай жаңылыштык бир гана фракция лидери тараптан  биринчи жолу кетип жатпаганына токтолду. Өз сөзүндө акыркы 25 жылда саясий элитадагы адамдар элди аймак аймакка бөлүп келгени чындык деди.

Туура Бабанов Он-Адырда сүйлөгөн сөзүндө чоң ката кетирип алды. Бирок ошол эле катаны жалаң эле Бабанов кетирген жок. Кыргызстандын акыркы 25 жылында өздөрүн саясий элита катары санагандар аймак-аймакка, уруу-уруулукка бөлүү кечээ эле пайда боло койгон жок.  

Кошумчалай кетсек, “Республика Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен кошо дагы бир канча кишиге кылмыш иши козголгону айтылууда. Бүгүнкү күнү алардын так аты-жөнү чыга элек. Укук коргоо органдары Бабановдун кайсы жерде экени жана кармалдыбы же жокпу деген маалыматтарды да ачык айта элек. Ал эми Бабановдун кеңешчиси Кубат Болотканов анын Орусияда дарыланып жатканын тастыктаган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *