Шашылыш кабар:

Азыркы саясий кырдаал парламентти таратабы?

Ноябрь 6, 2017 | жарыялаган Канай Анаркулов
339

Коомчулукту «Жогорку Кеңеш тарашы мүмкүн» деген кептер аралай баштады. Буга азыркы саясий абал, негизи эле саясаттагы багыттар менен долбоорлор себеп болушу мүмкүн экени айтылууда. Мындан улам биз ар тармактын өкүлдөрүнүн пикирлерин угуп көрдүк.

Саясат талдоочу Марс Сариевдин айтымында, бүгүнкү саясий абалды карап көрсөк, долбоор менен иш жүрүп жатат. Андыктан, парламент тарашы мүмкүн.

-Учурда президенттик жана өкмөт башчынын кызматын КСДП көзөмөлдөп жатат. Эми парламентти бир жаңсыл кылбаса, логикалык жактан туура эмес болуп калат. Ошондуктан, жаз айлары менен КСДП оппозицияда же такыр эле бийликтен тыш калган мыктыларды чогултуп, күчтүү бийлик куруу аракетин көрүшү ыктымал. 

Бирок КСДП фракциясынын депутаты, конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин мүчөсү Айнуру Алтыбаева бул пикирлерге кошулбайт.

-Жогорку Кеңешти таратууга негиз жок. Улам шайлоо өткөрүү үчүн миллиондогон каражаттар кетээрин эске алышыбыз керек. Ошондой эле, азыркы парламент татыктуу эле иш алып барып жатат. Келип түшкөн мыйзам долбоолору убагында эле каралып, мыйзамдар кабыл алынууда. Негизи биз парламенттик башкаруу системасы менен иштеп жаткан соң ал жакта стабилдүүлүк болушу керек. Ошондо мамлекетте стабилдүүлүк болот. Андыктан, Жогорку Кеңеш мөөнөтү аяктаганга чейин иштейт деп айта алам.

Негизи Конституцияда:

  1. Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл ала алат.
  2. Өзүн өзү таркатуу жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынышы мүмкүн.
  3.  Президент Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркаткан күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду дайындайт. Мөөнөтүнөн мурда шайлоолор дайындалгандан тартып 45 күндөн кечиктирилбестен шайлоолор өткөрүлүшү керек,-деп жазылып турат.

БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бегматов да баш мыйзамдагы жол менен кошо дагы бир жолу бар экенин айтты.

-Парламент менен аткаруу бийлиги олуттуу маселелер менен тирешип, келише албай калса, парламентти таратуу маселесин президент демилгелейт.

Өнүгүү-прогресс фракциясынын депутаты Исхак Масалиев, болсо өз оюн мындайча билдирди.

 -Негизи депутаттар өздөрүн өздөрү тараптпаса, аларды башка орган кетире албайт. Мыйзам боюнча, мандаттан баш тарткан депутаттын ордуна башкасы келет. Бирок, депутаттарды мажбурлап же башка бир жолу менен муну ишке ашырып коюшу мүмкүн. Орустар айткандай, “Табитиң тамак келгенде келет ”. Азыр көпчүлүктүн депутат болгусу келет. Ошондуктан, убагы келгенде көрөбүз. Бирок, кандай болсо да, парламент мөөнөтү бүткөнчө иштеши керек.

Кошумчалай кетсек, Азыркы Жогорку Кенештин 6-чакырылышы 2015-жылы 4-октябрда шайланып келген. Анын мөөнөтү 2020-жылы аяктайт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *