Шашылыш кабар:

Кыргыз футболчулары Макао менен беттеш алдында чет өлкөдө машыгат

Ноябрь 6, 2017 | жарыялаган Айжамал Худайбердиева
47

Футбол боюнча улуттук курама команда Макао менен беттештин алдындагы машыгууну Малайзияда өткөрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда азыр суук болгонуна байланыштуу машыгуу Макаодо болот. Макаодо кун ысык болгондуктан, климатка көнүү үчүн бирдей климаттагы жерди издөө керек болгон.

Эки өлкөнүн беттеши 14-ноябрь күнү Макаодо болот. Футболчулар 6-ноябрда жөнөп кетишет. Ал Азия чемпионаты — 2019 турниринин тандоо турунун алкагында өтөт.

Буга чейин башкы машыктыруучу Александр Крестинин Макао командасына каршы туруучу оюнчулардын тизмесин жарыялаган. Төрт оюндун жыйынтыгында Индия 12 упай топтоп алдыда келе жатат. Ал эми Мьянма менен Кыргызстандын командалары төрттөн упай чогулткан. Учурда Макао бардык оюндардан жеңилүү ызаасын тартып төтүнчү орунда турат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *