Шашылыш кабар:

Өмүрбек Бабанов тагылган айыптарды четке какты

Ноябрь 5, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
63

Депутат Өмүрбек Бабановго Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө ачык чакырык жасоо, улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановго жана бир катар адамдарга каршы кылмыш ишин козгогону 4-ноябрь күнү белгилүү болду. Башкы көзөмөл органынан кабарлашкандай Бабановго Кылмыш Жаза Кодексинин 297-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө ачык чакырык жасоо), 299-беренесинин 1-бөлүгү (Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу) деген айыптар тагылууда. Аталган мекеменин басма сөз кызматкери Алманбет Абдраманов иш Бабановдун шайлоо алдындагы үгүт маалында сүйлөгөн сөзүнүн негизинде ачылганын билдирди.

— Тергөөгө чейинки жүргүзүлгөн текшерүүлөрдө аныкталгандай президентикке талапкер Өмүрбек Бабанов шайлоо алдында үгүт жүргүзүүдө, 2017-жылдын 28-сентябрь күнү Ош шаарынын «Амир Тимур» кичи районунун жашоочулары менен жолугушуу өткөргөн. Жолугушууга катышкан элдин басымдуу бөлүгүн өзбек улуту түзгөн. Өмүрбек Бабанов чогулган элдин алдында сүйлөп жатып, алардын добушун алуу максатында өлкөдө улуттук теңсиздик болуп жаткандыгын, өзбек улутундагылардын укугу басмырланып жаткандыгын жана өзбек улутундагыларга карата мамлекеттик органдар тарабынан басым көрсөтүлүп жаткандыгы жөнүндө оюн айткан.  

Өмүрбек Бабанов ушул жылдын 28-сентябрында шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүндө Ош шаарындагы мурдагы «Он-Адыр» азыркы «Амир Тимур» кичи районунун жашоочулары менен жолуккан. Анда Бабанов аталган райондо таза суу жоктугун, милиция кызматкерлери шайлоо ишине аралашып, элдердин аны менен болгон жолугушууга келүүсүнө бут тосуп жатканын айтып, буларга токтолгон.

— Урматтуу элим, урматтуу өзбек калкым. Чөгөлөп жашаганча тике туруп өлгөн жакшы. Бардыгыңар бирге болсоңор, бирөөнү уруп жатса бардыгыңар чыксаңар эч ким силерге каршы тура албайт. Элди бул сел дейт. Эл турганда сел болуп агызып кетет. Мен ушул жерде турган укук коргоо органдарына дагы кайрылып кетет элем. Ушул жерде жүргөн министрдин орун басары Сүйүн Өмүрзаковго дагы кайрылып кетет элем. Өзүңөрдүн укугуңарды аткаргыла. Мыйзамдын алдында сөзсүз түрдө жооп бересиңер.

Башкы прокуратуранын маалыматында Бабановдун билдирүүсүнө комплекстүү филологиялык-саясий экспертиза жүргүзүлгөнү дагы белгиленген.   Анда улут аралык кастыкты козутуу, элди провокацияга чакыруу, азыркы бийликке баш ийбөө жана кулатууга багытталган чакырыктар аныкталганы айтылат. Ошондой эле мамлекеттик соттук-экспертизалык кызматтын бүтүмү боюнча депутаттын айткандары тууралуу интернетте жарыяланган маалыматтарда монтаж табылган эмес делинет. Ал эми Бабанов «Он-Адырдагы» сөзү боюнча буга чейин төмөнкүлөрдү айткан.

— Менин сүйлөп жаткан сөзүмдү ортосунан жулуп алып туруп, монтаж кылып туруп, ким монтаж кылганы боюнча УКМК иш козгобой туруп, толук көрсөтпөй, Бабанов эки улуттун ортосунда от жагып атат деп айтып жатышат.  Мынакей «Он-Адырга» барганда милициялар, спортсмендер түнү менен элдерди коркутуп, чөгөлөсөңөр дагы келбейсиңер деп айтканы мага жеткенден кийин мен ошондо чөгөлөп жашаганча, тике туруп өлгөн жакшы деп айткам.  

Эл өкүлүнө козголгон иш Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилип, Атайын кызмат ишти тергөөнү баштады. Ал арада «Республика» партиясынын штабы Бабановдун ага карата козголгон иш боюнча билдирүүсүн таратты. Анда төмөнкүлөр камтылган.

Бүгүн биз баарыбыз укук коргоо органдары тарабынан мага карата ойдон чыгарылган, саясый кылмыш ишинин козголушуна күбө болдук. Мунун жалган жалаа экендиги баарыбызга маалым. Тилекке каршы, мага ушундай өзүм-билемдикке жол бербей турган реформаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк беришпеди. Бийликтегилер бардык көйгөйлөрдүн булагы Бабанов эмес экенин түшүнбөй жатышат. Мен саясий аренадан кетсем эле өлкөдө жашоо жакшырып, маселелер чечилип кетпейт. Ар нерсеге эле мени жабыштырып, күнөөлөп, каралай берүүгө болбойт. «Ак ийилет, бирок сынбайт» дегендей, чындык эртеби, кечпи белгилүү болот. Мен али да болсо бийлик даанышмандык кылып, бул ишти жаңылыштык катары четке кагат деп ойлойм.

Учурда Бабановдон тышкары дагы кимдерге иш козголгону тууралуу прокуратура маалымат бере элек. Ал эми Өмүрбек Бабанов болсо азыркы тапта Кыргызстанда эместиги кабарланды. Парламенттеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын лидеринин орун басары Руслан Казакбаев Бабановдун Орусияда жүргөнүн айтканын айрым Массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Казакбаев 1-ноябрда «Марал» радиосуна фракция лидери кыска мөөнөттөгү дарыланууда экенин билдирген эле.

 Учурда фракциянын лидери Бабанов Өмүрбек Токтогулович жана лидери бойдон кала берет. Азыр кыска мөөнөттүү дарыланууда жүрөт. Лидер өзү келгенде фракциянын жыйыны болуп, ошол жыйында бардык маселелерди карайбыз.

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайра качан келээри азырынча белгисиз. Бул тууралуу анын жакындары менен партиялаштары ачык маалымат берише элек. Бабанов 15-октябрда өткөн президенттик шайлоого катышып 568 миң 665 адамдын эшенимине ээ болуп, жалпы шайлоочулардын 33, 49 пайызынын добушун алган. Ал мындай жыйынтык менен шайлоодо Социал-демократтар талапкерлигин көрсөткөн Сооронбай Жээнбековдун кийинки эле экинчи болуп келген. Бабанов парламенттеги КСДПдан кийинки эң ири «Республика-Ата Журт» фракциясын жетектейт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *