Шашылыш кабар:

Исаков КМШ саммиттине катышып келди

Ноябрь 4, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
64

Өкмөт башчы Сапар Исаков кыргыз делегациясы менен эки күндүк иш сапары менен Өзбекстанга барып,  КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын самиттине катышып келди. Анын алкагында  өкмөт башчы бир катар жолугушууларды өткөрдү.


Премьер-министр Сапар Исаков башында турган Кыргызстандын Ташкентке барган курамы эки тараптуу бир катар олуттуу маселерди бекемдөөгө көңүл бурду. Мындан улам коңшу өлкөгө барган Кыргызстандын делегациясында өлкөнүн негизги министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери бар.

Албетте, өкмөт башчынын эки күндүк жумушчу сапарынын алкагындагы негизги иш-чара көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кезектеги саммитти болду.

Сапар Исаковду Ислам Каримов атындагы Эл аралык «Ташкент» аэропортунан Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Нодир Отажанов тосуп алды. Андан ары Сапар Исаков баштаган делегация өзбек премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Баарлашууда коңшу эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономика, маданий-гуманитардык жана чек ара маселелеирине олуттуу көңүл бурулду. Анын үстүнө быйыл соода жүгүртүүнүн көлөмү 193 млн долларга чыккан жана жакынкы келечекте бул көрсөткүч 500 млн долларга чейин жеткирилет. Бул жана башка жагдайлар премьер-министрлер Сапар Исаков жана Абдулла Ариповдун көзмө-көз баарлашуусунда сөз болду.

Тараптар белгилеген дагы бир оорчундуу маселе чек араны делимитациялоо жана деморкациялоо боюнча жумушчу топтун иши болду.

Өзбек премьер-министри Абдулла Арипов жакынкы арада эки өлкөнүн чектеш облус жетекчилеринин алгачкы жыйынын өткөрүүгө чакырды.

Өзбек тарап бул маселеге колдон келген көмөктү көрсөтүүгө, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө даяр.

Андан соң тараптар транспорттук коридорлорду, анын ичинде «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун, ошондой эле эки өлкө ишкерлери ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү келечегин талкуулады.

Ташкенттеги Мирзо Улукбек атындагы Улуттук Университеттеги «Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан» экспозициясында Сапар Исаков баш болгон жазуучунун мекендештери болду. Андагы текчелерде Айтматовдун өзбек тилине которулган баардык чыгармалары бар. Исаков аталган экспозицияга жазуучунун томдук чыгармаларын белеке берди.

Ошону менен бирге Исаков Ташкенттеги Кыргызстандын элчилинде болуп, оңдоп-түзөөдөн өткөн эки кабаттуу имараттын ичин көрүп кайтты.

Жумушчу сапардын экинчи күнүндө өкмөт башчы КМШ өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынына катышты. Отурумда соода-экономикалык, мунай, газ, унаа курууну өнүктүрүү, бажы көзөмөлү сыяктуу маселелер талкууланды.

Сапар Исаков жыйында сөз сүйлөп жатып кыргыз-казак жана орус-казак мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалга тийиштүү маселелерди козгоду. Ал маалымдагандай, чек арадан өттүүдө кыйынчылыктар пайда болуп,  жүк ташуучу унаалардын саны көбөйдү. Күн сайын 500 дөн 600 гө чейинки жүк ташуучу унаалар кезекте турат.

— Казакстан тараптан негизсиз коюлган токсоолдуктардан бир эле кыргызстандык же казакстандык жүк ташуучулар эмес, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдүн да бизнес чөйрөсү зыян тартып жатат.  Жасалма тоскоолдуктарды коюу ишкерлерди чон чыгымдарга учуратып, бул интеграциялык биригүүгө, эркин товар жүгүртүү идеясына каршы келет. Жогоруда айтылган жагдай өз кезегинде калктын жашоосуна да таасирин берүүдө.

Ал эми казак өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев саммитте чек ара боюнча айтууну каалабаганын билдирип, бирок Сапар Исаковдун айткандарына жооп берүүгө мажбур экенин айтты. Мында Казакстан өз кызыкчылыгын гана  эмес биримдиктин кызыкчылыгын коргоп жатканын белгилеп,  Кыргызстанга карата конструктивдүү 5 позицияны атады.

-Бул маселе боюнча биздин позициябыз баарына белгилүү. ЕАЭБдин талаптарына толук  жооп берет. Казакстан Кыргызстан тарап менен сүйлөшүүлөргө даярбыз. Бирок Кыргызстанга койгон беш негизги позициябыз бар. Алар Кыргызстан салыктык башкаруу боюнча улуттук мыйзамдарын ЕАЭБдин мыйзамдарына шайкеш келтирүү, мыйзамсыз экспортко бөгөт коюу, ЕАЭБ талап кылган ветеринардык жана фитосанитардык текшерүүлөрдү байма-бай жүргүзүп туруу, транспорттук мыйзам бузгандарга эскертүүлөрдү күчөтүү. Ошондой эле кыргыз-казак чек арасы аркылуу курал, баңгизат жана ок дарыларды алып өтүүгө  тыюу салынат.  

Эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын кайым айтышуусу менен уланган чек арадагы кырдаал боюнча эми КМШ өкмөт башчыларынын жыйыны болот. Бул тууралуу Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев саммитте айтты.

КМШ саммитинин  дал ушундай  форматта өткөнү  жакшы жана өтө пайдалуу. Кыргызстандык жана Казакстандык коллегаларым  соода экономикадык жактагы негизги маселеге токтолушту.  Өз позицияларын билдиришти. Бул жаман көрүнүш эмес. Эми маселени чечилет деп үмүт кылабыз.

Жыйын негизги 19 документке кол коюу менен жыйынтыкталды. Анын ичинде КМШнын эркин соода зонасы тууралуу келишиминин жоболорун ишке ашыруу боюнча чечим дагы бар.

Өкмөт башч жумушчу сапардын аягында өзбек башчысы Шавхат Мирзеев менен да жолукту. Анда Мирзеев КМШ алкагында кызматташууну активдештирүү керектигин белгиледи. Ошондой эле кыргыз-өзбек мамилелеринин келечиги да сөз болду. Айрыкча Кыргызстан Өзбекстанга айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча жүмиштүү сүйлөшүүлөргө жетти.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *