Шашылыш кабар:

Жергиликтүү бийликтер салык чогултууга көмөктөшөт

Ноябрь 4, 2017 | жарыялаган Канай Анаркулов
54

Мамлекеттик салык кызматы 9 айда 52 млрд 37 млн сом салык чогултуп, белгиленген план 100 пайызды түзгөн. Бул тууралуу мекеменин коллегиялык жыйынында маалым болду. Мекеменин  Кирешелер боюнча башкармалыгынын башчысы Чынара Мамырбаева, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 4 млдр сомдон ашык же 9% га салык көп жыйналганынан кабар берерин билдирди . Анын айтымында, жалпы рреспубликанын планы аткарылганы менен бир катар аймактык башкармалыктар өз милдетин аткарган эмес. Алардын катарында,  Свердлов, Ленин, Жумгал  райондору, Майлуу-Суу шаары жана Бишкек шаары менен Чүй облусундагы ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыктары бар.

Чынара Мамырбаева, аймактарда пайда салыгынан бошотулгандан кийин бюджет 2 млрд сомго түшүп кеткен. Азыр салык чогултуунун кошумча жолдору каралып жатат. Ошондой эле жергиликтүү бийликтегилерге салык чогултуу укугун берүү боюнча сунуштар каралууда. Анткени, алар өз аймагын ийне жибине чейин билип, ким кандай салык төлөөгө милдеттүү экенин билишет. Бул мамлекеттик каттоо кызматы жана Кыргыз почтасы менен иштешүүдө жакшы жол экенин көрө алдык. 

Аны менен катар Мамырбаева, күн сайын ар тараптан киреше табууга аракет кылгандар ар кандай иш баштап жатканын, бирок арасында көмүскө иштеп жатканды бар экенин да айтты. Мыйзамда, киреше тапкан ар бир жаран салык төлөөгө милдеттүү болгондуктан, катуу текшерүүлөр уюштурулуп жатканын кошумчалады.

Интернет менен иштегендер, тамада, ырчы, чоорчулар жана башка ар кандай тармак менен иштеп жаткандарды аныктап, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен салык төлөөгө милденттендирип жатабыз.

Ал эми Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Октябрь Абдыкаимов, салык чогултуу жакшы деңгээлде жүрүп жатканы менен кемчиликтер жана планды аткара албай калгандар же чыгаша менен иштеп жабылып жаткан, кирешеси жок ордунда токтоп калган ишканалар пландарды толтурууга тосколдуктарды түзүп жатканын маалымдады.

-Иштебей кайра жабылып калган курулуш  компанаиялар же башка ишканалар, убактылуу иштеген мекемелер, өзгөчө биздеги Кант жана Кызыл-Кыя цемент заводдору иштеп чыккан товардын чыгымы, импорттолгон цементтке конкурент боло албай калууда. Бул дагы бир топ кедергисин тийгизүүдө. Аны менен катар Кыргыз-казак чек арасындагы абал да бизди бир топ кыйынчылыктарга учуратат. Бирок, ишкерлерге өкмөттүн токтомунда белгиленген бардык жардамды беребиз. Ошондой эле жаңы салык төлөөчү булактарды издөө зарыл. Бул тармактагы ишти жакшыртыш керек.

Бишкектин Свердлов району планды толтура албай, райодук башкармалыктын жетекчиси Рустам Абдрахманов, ЦУМдун жанындагы базардын, жер алдынан өтүүчү жайлардын жабылышы сыяктуу бир катар себептер бар экени менен түшүндүрдү.

Бирок, салык кызматынын төрага орун басары Кубанычбек Кумашов,  анын ордун ГУМ Чынардын жана башка дүкөндөрдүн ачылышы толуктап жатканын айтып, шалтоолор менен коргонбоого чакырды.

Коллегиянын жыйынтыгында кетирилген кемчиликтерди эске алуу менен кийинки отрурумда пландар толук аткарылсын деген талап коюлду.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *