Шашылыш кабар:

Бишкекте сарык көбөйдү. Бир бала жандандыруу бөлүмүндө жатат

Ноябрь 3, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
75

Бишкекте гепатиттин А түрү менен ооруп калгандардын саны көбөйүүдө. Учурда республикалык инфекциялык ооруканасында бир бала оор абалда жандандыруу бөлүмүндө. Аталган ооруканадан кабарлашкандай, ооруканага жаткырылгандардын жарымы жаш балдар. Балдарда сарык оорусун кантип байкоого болот, кантип алдын алуу керек, кантип өтүшкөнгө жеткирбөө жолдору боюнча адистердин кеңешин топтоп көрдүк.


Бишкекте гепатиттин А түрү менен ооругандардын саны көбөйүүдө. Республикалык жугуштуу оорулардын клиникалык ооруканасынын берген маалыматына ылайык, азыркы күндө гепатиттин А түрү менен 74 бейтап ооруканада жатат. Алардын жарымы жаш балдар. Бир бала оор абалда жандандыруу бөлүмүндө. Аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Алиевдин берген маалыматына ылайык, мындай абал жыл сайын ушул мезгилде кайталанат. Ал билдиргендей, октябрдан тартып бейтаптардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу, азыркы учурда эки бөлүмгө жаткырылган.

Учурда жалпысынан 74 бейтап ооруканада дарыланып жатат. Алардын 34 жаш балдар. 8 бала бакчага барат, 23 мектеп жашындагы балдар. Ошондой эле 10 бейтап студент.

Гепатиттин А түрү-мезгилдик мүнөзгө ээ. Көпчүлүк учурда күз-кыш мезгилинде жогорку көрсөткүчкө жетет. Медицина илимдеринин доктору, профессор жана гепатолог Сапарбү Тобокалова белгилегендей, жайында жугузуп алган оору күзүндө байкалышы мүмкүн. Анткени,  бул оорунун белгилери 40 күнгө чейин деле байкалбай калышы толук ыктымал.

Жай мезгилинде балдар колун жуубай, тазалыкты сактабай жугузуп алышат. Анын белгилери 40 күнгө чейин, орточо эсеп менен 20 күнгө чейин байкалбашы мүмкүн. Инкубациялык мезгилде белгилери билине баштайт. Ал күз мезгилине туура келет. 

Маалыматка ылайык, бул дартка көпчүлүк учурда жаш балдар кабылат. Анткени, бул оору гигиенага байланыштуу. Балдар мектеп жана бала бакчада жеке тазалыкты сактабаган учурда бат жугат. Эгерде балада алсыздык, дене табы көтөрүлүү белгилери болсо, педиатр Гүлзана Сатиева дароо дарыгерге кайрылууну сунуштайт.

Балаңыз алсыз болуп, дене табы көтөрүлүп, бат-бат кусса, анда дароо дарыгерге кайрылуу керек. Антпесе өтүшүп кетет. Бул учурда баланын табити качат. Зарасы, заңы өзгөрөт. 

Бул ооруну чоңдор оор өткөрөт. Өтүшүп кеткен учурда мурду канап, боору чоңоет. Анда өзгөчө диета талап кылынат. Көбүрөөк суюктук ичүү сунушталат.

— Өтүшүп кеткен учурда боорго залакасы тиет. Мурду токтобой канайт. Сарысынын көрсөткүчү жогорулайт. Бул учурда диета талап кылынат. Куурулган тамак жебеш керек. Суюктук ичүү зарыл.

Адистердин айтымында, мезгилдик мүнөзгө ээ болгон гепатиттин А түрүнө коомчулукта көп көңүл бурула бербейт. Бул айрым учурда өкүнүчтүү жыйынтыктарга алып келет. Гепатологдор гепатиттин А түрүнө карата вакцина берилсе, алдын алууга болмок дешет.

Маалыматка ылайык, сарыкка карата эмдөө улуттук эмдөө календарына киргизилген эмес, бирок акы төлөп ар бир жаран эмдөө алууга болот.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *