Шашылыш кабар:

Юрий Краковецкий дзюдо боюнча дүйнө чемпиондугуна катышат

Ноябрь 2, 2017 | жарыялаган Түмөнбай Абдинаби уулу
46

Кыргыз дзюдочусу Юрий Краковецкий Марокконун Марракеш шаарында 11-12-ноябрда өтө турган Ачык Дүйнө чемпиондугуна катышат.Мындай маалыматты дзюдо федерациясынан маалымдашты. Ага ылайык, мелдеш 27 өлкөдөн барган 60тан ашуун спортчунун катышуусунда өтөт.

Юрий Краковецкий 100 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, биринчилик үчүн күрөшөт.

Краковецкий Ачык Дүйнө чемпиондугуна чейин клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугуна катышат. Анда Кыргыз дзюдочусу Германиянын «Гамбург» клубунун атынан чыгат.

Эске салсак, Юрий Краковецкий октябрда Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн «Grand Prix Tashkent 2017» мелдешинде күмүш медалын жеңип алган.  Бул жеңиши менен дүйнөнүн мыкты дзюдочуларынын арасында 7-орунду ээлеген.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *