Шашылыш кабар:

Кыргызстан-Оман беттеши: эки тарап тең каталарды кетирди

Ноябрь 3, 2017 | жарыялаган Түмөнбай Абдинаби уулу
57

2-ноябрда футбол боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугун тандап алуу этабынын алкагында Кыргыз курама командасы Оман командасы менен беттешип 0:3 эсеби менен жеңилип калды. Кыргыз курамасынын машыктыруучусу Николай Южаниндин айтымында, беттеш абдан кызыктуу болуп, атаандаштык жогорку деңгээлде болду.

Оюн тууралуу айта кетсем, биздин команданын оюну жакшы эле жүрүп жатты, сапаттуу оюн көргөздүк. Гол киргизе албаганыбыз бул биринчи жолу кайталанган жок, ал эми өткөрүп жиберген голдор жаштык катадан улам келип чыкты. Биз үчүн бул жакшы сабак болду,”- деди Кыргыз командасынын машыктыруучусу.

Ал эми Оман курамасынын машыктыруучусу Рашид Аль Яфаи оюн абдан оор өткөнүн айтты. «Жыйынтыктагы эсепке карабаганда, бул оюн биз үчүн абдан оор өттү. Кыргыз курамасы уюшумдуу команда экенин жана басым менен ойной турганын билгенбиз. Биринчи таймда эки команда тең каталарды кетирип жатты,”-деди ал.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *