Шашылыш кабар:

Кыргызстанда билим берүүнү либералдаштыруу бүгүнкү күндүн талабы

Ноябрь 2, 2017 | жарыялаган Каныкей Бозгунова
55

Кыргызстанда билим берүү системасын либералдаштыруу тактап айтканда эркин билим берүү системасын киргизүү бүгүнкү күндүн талабы. Бул тема алкагындагы тегерек столду бул жолу «Кереге» фонду уюштурду. Анда CAF деп аталган борбордун негиздөөчүсү Айнура Чолпонкулова бул багыттагы өзүнүн сунуш-долбоорун тааныштырып, талкууга алынды.

Жалпы адамзаттык баалуулуктарды коомго таанытуу жана жайылтуу максатын көздөгөн  «Кереге» фонду жумасына бир жолу өз багытына жараша ар кандай темадагы талкууларды уюштуруп келет. Анда кыргыз интеллигенциясынын пикирин, алардын эмгектерин коомго таратуу, экинчиден, Кыргызстанда билим берүү тармагын жаңылоо, жаңы тепкичке көтөрүү, ошондой эле, кыргыздын улуттук баалуулуктарын, үрп-адаттарын кийинки муунга таанытууга өзгөчө басым жасалууда. Бул жолу аталган фонд өлкөдөгү билим берүү системасын либералдаштыруу маселеси боюнча тегерек стол уюштурду. Иш-чаранын максаты тууралуу «Кереге» фондунун төрагасы Искендер Ормон уулу буларга токтолду.

— Биздин фонд билим берүүнүн дагы бизди бир кадам алдыга сүрөгөн моделдерди таанытуу, ошол аркылуу коомубузда баалуулуктардын жайылуусуна ишенебиз. Ошондуктан, бул жолу тегерек столду билим берүү тууралуу кылдык. Анын ичинде либералдаштыруу, же эркиндикти, жоопкерчиликти алдыга чыгарган модель, анын өзгөчөлүктөрүн таанытуу, түшүндүрүү боюнча маалымат бердик.

Иш-чарада CAF деп аталган борбордун негиздөөчүсү жана машыктуруучу Айнура Чолпонкулова  «Кыргызстанда билим берүү системасын либералдаштыруу: кайсы жолду тандайбыз?» деген аталыштагы сунуш-долбоорун тааныштырды. Анын пикиринде өлкөдө билим берүү тармагын канчалык заман талабына ылайыкташтырууга аракет кылганыбыз менен, дагы деле биздин билим берүү системасы толук түрдө жаңыланууну талап кылат. Андыктан, либералдаштыруу – бул бүгүнкү күндүн талабы, — дейт Айнура Чолпонкулова.

— Акыркы 26 жылдан бери бизде билим берүү тармагында кандайдыр бир жаңы кадамдар жасалып, реформалар жүргүзүлүп жатат. Бирок, либералдаштыруу болгон эмес. Либералдаштыруу өлкөдө саясат, экономика тармактарында болду. Анын жыйынтыктарын бүгүнкү күндө көрүп жатабыз. Ошондуктан, мен бул темага абдан кызыгып калдым. Менимче биздин билим берүү системасын түп тамырынан берүү өзгөртүү, либералдаштыруу зарыл. Мындан улам мен мамлекетке бул багытта жардам берүү максатында өз идеяларым менен бөлүшкүм келди. Муну жарандык милдетим деп эсептейм.

Айнура Чолпонкулова өзүнүн сунуш-долбоорунда билим берүүдө иштеп жаткан либералдык, советтик жана азиялык деген сыяктуу бир канча моделдерин көрсөткөн. Ал эми, Кыргызстандагы билим берүүдө советтик модель калыптангандыгын кошумчалайт.

Либерализация процесси – бизче которгондо жарандардын коомдук турмуштагы укуктары менен эркиндигин кеңейтүү деген түшүнүктү берет.  Ал эми билим берүү тармагындагы мындай модель дүйнөнүн көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрүндө колдонулат. Билим берүүнү либералдаштыруу баланын эркин жана сынчыл көз карашта тарбияланышына мүмүкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле, ал  маселени өз алдынча чечүүгө, өзүнүн кадамдары жана иши үчүн жоопкерчиликти алууга үйрөнөт.

Мындай ыкмалардын айрымдары, Кыргызстандагы «Сапат» эл аралык билим берүү мекемелеринде колдонулуп жаткандыгын аталган мекеменин директорунун орун басары Ислам Иманалиев айтат.

— Окуучулардын сынчыл ойлонуу жөндөмдөрүн өнүктүрүү боюнча биздин мекемеде атайын курстар коюлган, окуу программаларынын ичинде элементтер камтылган. Предметтер аралык атайын курстарды коюу бүгүнкү күндүн талабы. Ошондуктан, биз быйылкы жылдан баштап төрт мектепте тармактык окутууну киргиздик. Анда окуучулар өздөрүнүн жөндөмүнө, шыгына, кызыгуусуна жараша бир кесипти тандап алып, 10-класстан тартып бул багытта билим алышат.

Кыргызстандагы билим берүү тармагын либералдаштыруу бүгүнкү күндүн талабы. Андыктан, окутуунун мындай моделине кандай гана билим берүү мекемеси болбосун коркпостон кадам таштай берүү керектигин адистер белгилешет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *