Шашылыш кабар:

Маданият кызматкерлери үйлүү болушат

Ноябрь 2, 2017 | жарыялаган Айжамал Худайбердиева
97

Ажарбүбү Каримова төрт жылдан бери Тарых музейинде улук көзөмөлдөөчү болуп иштейт. Алтымыш жаштагы кызматкер буга чейин мугалим болуп эмгектенген. Анын айтымында, башкаларга салыштырмалуу маданият кызматкерлерине аз көңүл бурулуп жатат.

-Маданият министрлигинде иштеген кызматкерлерге аз көңүл бурулганын байкадым. Билим берүү тармагында эмгектенгендерге салыштырмалуу да аз. Өзүм 35 жыл мугалим болуп эмгектенгенмин. Пенсияга чыкканда музейге келип, иштеп калдым. Бул жерде эмгектенгендердин айлык маянасы таптакыр төмөн. Жеке социалдык абалды жакшыртуу боюнча эч нерсе болгон жок. Билбейм, мындан ары эле колдоо көрсөтүлбөсө, азыр эч нерсе уккан да жокпуз.

Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын актеру Ален Турдубаевдын айтымында, маданият кызматкерлери десе эле актерлорду да, эстрада ырчыларындай ойлошот. Натыйжада кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлбөй келет. Мындан улам аткарылчу иштер аксап турат.

-Бизде кызматкерлер 3500-4000 сом айлык менен иштешет. Ал эмнеге жетмек эле? Айла жок. Өз кесибин сүйгөндүктөн чыдап жүрүшөт. Биздин пенсияга да эч кандай кошумча каражат каралган эмес. Азыр жеңилдиктердин баарын алып салган. Өкмөттөгүлөр бизди эстрада ырчылары менен салыштырат. «Актерлор да ошолордой бай жашашса, алардын айлыгын көбөйткөндө эмне пайда?» деп ойлошот. Өзгөчө аймактардагы актерлер каражаттын жоутугунан аксап жатышат.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова: «Маданият кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу максатында кызматкерлерге үйлөр салынат,»- дейт. Мындан сырткары, алардын айлык маянасын көтөрүү иштери да каралып жатканын белгиледи.

Дайыма эле билим берүү жана башка тармактарды ойлой бербестен, эң чоң стратегиялык маселе маданиятты көртөрүү болуш керек. Дал ушул максатта маданият кызматкерлерине үй салып берүү боюнча Өкмөттүн токтому чыккан. Азыркы күндө жер меселеси боюнча документ иштери жүрүп жатат. Кудай буюрса, үйлөр салынат. Театр өнөрпоздорунан башка маданият кызматкерлеринин маянасын көтөрүү иштери да каралып жатат.

Бирок, баардык маданият кызматкерлеринин айлык маянасы көтөрүлбөй жатат деген да туура эмес. Мисалы, Улуттук филармония кызматкерлеринин айлык маянасы 1-8 коэффициентке көтөрүлгөн. Аталган мекеменин директору Кыргызбай Осмоновдун пикиринде, ар бир жетекчи ишмер, өзгөчө фантазияларга ээ болуш керек. Ошондо гана материалдык да, моралдык да өнүгүү болоорун айтты.

-Өткөөл мезгилде абдан кыйналганбыз. Бирок, акыркы убакта алдыга жылуулар болду. Көп жылдан бери көтөрүлбөй келе жаткан маянаны 1-8 коэффициентке көтөрүп, айлыктар 80%га өстү. Андан сырткары, былтыр бир жылдын ичинде биз 28 Мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар алдык. Ар бир тармактын жетекчиси иштебесе болбойт. Ал ишкер, ишмер болушу зарыл. Бала ыйлабаса эмчек кайда дегендей, жетекчи өз кесиптештери үчүн күйүш керек.

Кошумчалай кетсек, бул дата 1926-жылы 2-ноябрда биринчи жолу кыргыз тарыхында Молдогазы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» пьесасынын коюлушуна байланыштуу тандалып алынган. Майрам 1995-жылдан бери белгиленип келет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *