Шашылыш кабар:

Д.Зилалиев: Жетинчи классымда жүк ташып акча тапкам

Ноябрь 1st, 2017 | by Чолпон Бейшелең кызы
Д.Зилалиев: Жетинчи классымда жүк ташып акча тапкам
Саясаттан сырткары
0

Кыргыз Республикасынын вице-премьер–министри Дүйшөнбек Зилалиевдин саясат сыртындагы кызыктуу күндөрү  тууралуу «Саясаттан сырткары» программасында айтып берди.

Дүйшөнбек Зилалиев 1973-жылы 16-июлда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында туулган. СССР ИИМинин Караганды шаарындагы жогорку мектебинде билим алып, 1995-жылы Анкарадагы полиция мектебин аяктаган. 1999-жылы Россиянын ИИМ башкаруу академиясын бүтүргөн. Үй бүлөлүү 3 баланын атасы.

Жетинчи классымда жүк ташып акча тапкам

1973-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу  Кара-Көл шаарында төрөлгөм. Бала чагым ошол энергетиктердин шаары деп белгилүү болгон Кара-Көлдө өттү. Ал кезде кыялдар абдан көп болчу . Эстесем учкуч болгум келчү. Кийин эс тартып калганда тергөөчү болом деп максат койдум. Мектепте жазган дил баянымда дагы тергөөчүлүк кесипти баса белгилеп жазыптырмын. Кийин ушул кыялым ишке ашып, максатыма жеттим.

Иштеп эң биринчи  айлыгымды 7-классымда алгам. Каникул маалында жүк ташуучу болуп иштегем. Бир жарым айда тапкан акчамды рубль менен алганым эсимде.  Бул айлык мен үчүн өтө башкача болгон. Ошондуктан тапканымдын баарын толук бойдон ата-энеме алып барып бергем. Андан кийин  Бишкек шаардык милиция мектебинде окуп жүргөндө тарыхтан берген мугалимим экөөбүз гезиттердин бирине бир макала чыгарып гонорар алганбыз. “Дүйшөн, почтадан барып ошол акчаны алып кел”- дегенде толкунданып агай өзүңүз алып бериңизчи деп айткам. Бирок агайым бул сунушумду кабыл алган эмес. Азыр темасы дагы күнү бүгүнкүдөй эсимде.  Бийликтин бутактары жөнүндө жазганбыз.

Ата-энеме ар аптанын жекшемби күнү барам

Ата-энеме таазим этем. Бул кишилердин менин тарбияма, жеткен ийгиликтериме салымы абдан чоң. Атам, апам бүгүнкү күнү бар. Атам өмүр бою Кара-Көл шаарында куруучу болуп иштеген. Ал киши азыр 68 жашка келди. Бул аралыкта эмгек сиңирген куруучу наамын алды. Атам өтө катуу киши. Азыр дагы тартипти бекем сактап, тарбиясын берип келет. Мен ойлойм, эркек киши үчүн катуу тарбия сөзсүз керек. Себеби, эркек киши өзүнүн үй-бүлөсүнө, кийин мамлекет үчүн жооп бере турган адам болот. Ал эми апам тейлөө тармагында сатуучу болуп иштеген. Өзү жумшак абдан мээримдүү киши. Азыркы тапта экөө тең ардактуу эс алууда. Биз үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз. Ар жуманын аягында төртөөбүз тең ата-энебиздин жанына барып ал акыбалын сурап турабыз. Бул бизге адат болуп калыптанган.

Саясат менен сен алек болбосоң, саясат сени менен алек болот

Министрлик кызматка түздөн-түз милициядан келген жокмун. Милициядан биринчи жарандык жумушка өтүп, башка  жөнөкөй кызматтан баштап иштедим. Кийин ошол жакта көтөрүлүп, кызматтарды көрүп келдим. Өзүмдү саясатчымын деп толук айта албайм. Мамлекеттик кызматкермин десем жаңылбайм. Себеби, мен дайыма эле айтып келем, мен 18 жашымдан баштап мамлекетке кызмат кылуунун үстүндө жүрөм. Бирок бул дагы аз. Мамлекетиме өмүр бою иштесем дагы карызымды бере албайм.  Ал ортодо орус элинин сөзү эсиме түштү. «Эгер сен саясат менен алектенбесең, саясат сени менен алек болот». Анын сыңарындай саясатка каалайсыңбы, каалабайсыңбы бары бир аралашканга туура келип жатат. Балким биринчи кадамдарды жасап жатам. Бул кадамдарым балким окшобой турат. Шайлоо маалында ушундай окуяларга түш келдим. Эми акырындан үйрөнөбүз. Бирок мен ачыкмын. Мен ойлойм саясатта ачыктык жана түз жүргөн принцип болушу керек. Ошондо гана жетишкендик болот.

Милицияга карата сын айтылганда кабатыр болом

Милициянын дарегине сын пикирлер көп айтылат. Албетте сын пикир айтылганда мага баары бир эмес. Мен дагы кабатыр болом.  Бирок чындык үчүн айтып коюу керек. Бүгүнкү күнү милицияга катара объективдүү сын пикир бар. Биз милициядан көптү күтөбүз. Бул туура!  Милицияга тартиптүү, таза адамдар келиши керек. А милицияга ким барат?  Ал жакка биздин эле балдар, туугандар барат. Милицияны башка өлкөдөн же башка планетадан келген адамдай кабыл албашыбыз керек.  Демек коомчулукта кандай оору же  кемчиликтер бар болсо, милицияда деле ошол кемчиликтер  болот.

Менин карьералык өсүүмө чоң саясатчылардын тиешеси жок

Менин жакын досторум, өмүр бою жанымда жүргөндөрдөн жогорку бийликте иштегендери жок. Бул досторумду студент кезимде, классташтардан калган. Албетте жакын тааныштыгым бар адамдар бийликте бар. Бирок мени өстүрө тургандардан эч ким жок. Менин ушул ийгиликтерге жетишим бул тагдыр. Ошону менен бирге ар бир ийгиликтин артында талыкпаган эмгек жатат. Сенин иштегениңди көрүшөт, чакырышат анан колдойт. Кээде достор сунуштайт. Мындай көрүнүштөр болгон. Мен милициядан кеткенде юрист катары мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна чакырышкан. Кийин президенттик аппаратка. Бул үчүн кудайга ыраазымын. Бирок дагы бир жолу айтайын президенттер, премьер-министрлер же парламенттеги төрагалар менен эч кандай туугандыгым же тааныштык байланышым жок.

Келинчегим татар улутунун кызы

Менин келинчегим башка улуттан. Улуу татар элинин кызы. Жубайым экөөбүз Кара-Көл шаарында таанышканбыз. Бул шаарда союз маалында курулуштар жүргөн. Ошондуктан ал жерде жүздөн ашык улуттун өкүлдөрү жашачу. Мен орус мектепти бүтүргөм.  Биздин класста эле 12 улуттук балдары окудук. Келинчегим менден алты жаш кичүү болсо дагы, бир мектепте чогуу окуганбыз. Ата-энелерибиз чогуу иштеп, бири бири менен жакшы катышышчу. Мектепти бүтүп, кийин студент болгон кезимде Кара-Көлгө кайттым. Ошол учурда байкасам баягы кичинекей кыз чоңоюп, татынакай болуп калыптыр. Кийин сүйлөшүп, таанышып анан үйлөнүп калдык. Жаш болгону менен акылы тунук. Негизги тартып алган сапаты мени түшүнө алганы болду окшойт. Анткени менин татаал мүнөзүм бар.  Ошол мүнөздү көтөрүп 17 жылдан бери чогу түтүн булатып келе жатабыз. Башыбыздан көп нерсе өттү. Бирок кандай гана кырдаал болбосун жанымда мени колдоп келет.

Дем алыш күндөрү үй-бүлөмө убакыт бөлгөнгө аракет кылам. Үч балалуубуз.Балдарым өспүрүм. Экөө мектептепте окуйт. Эң кичинебиз  3 жашта. Жекшемби күндөрү балдарымды алып ата-энеме барабыз. Дагы убакыт боло калганда тоону көздөй качабыз.

Бокс менен профессионалдык деңгээлде машыктым

Атам спортко жакын кылып тарбиялады. Өзү бокс менен машыкты. Кийин мен 3-классымдан баштап  атам, байкем болуп күндө эртең менен бокс менен машыктык. Мунун артында жетишкендиктер окуучу кезимде болду. Кийин төрт жыл казармада жашадым. Ал жерде дагы спорт күнүгө болчу. Бул ден соолук үчүн абдан жакшы. Бирок акыркы кездери убакыттын тардыгына байланыштуу профессионалдуу  деңгээлде көңүл бура албай жатам. Бирок спорт менин жашоом. Күнүгө эртең менен 40 мүнөт чуркабасам дагы басып, көнүгүүлөрдү жасап турам.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache