Шашылыш кабар:

Улуттук илимдер академиясында 13-президент шайланды

Октябрь 31, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
41

Улуттук илимдер академиясы түзүлгөндөн берки 13-президентин шайлады. Жалгыз талапкер катары көрсөтүлгөн, буга чейин президенттин милдетин аткаруучу болуп турган техника илимдеринин доктору Мурат Жуматаевдин талапкерлигин шайлоого катышкан  116 окумуштуу колдошту.


Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары кезектеги президентин шайлоо үчүн жыйынга чогулушту. Академиянын жаңы уставынын 41-пунктуна ылайык, президенттикке талапкерди өкмөт сунуштайт. Ага буга чейинки президенттин милдетин аткаруучу болуп турган техника илимдеринин доктору Мурат Жуматаев көрсөтүлдү. Өкмөттүн сунушу менен Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы департаменттин директору Абдыманап Муратов тааныштырды.

КР мыйзамына киргизген өзгөртүүлөргө ылайык жана Улуттук илимдер академиясынын жаңы уставына жараша өкмөт Улуттук илимдер академиясынын президенттигине талапкер катары Мурат Жуматаевдин талапкерлигин сунуштайт. Шайлоону өткөрүүгө тийиштүү тармактарга  тапшырмалар берилген.

Добуш берүүгө жалпы 142 шайлоого укугу бар окумуштуулардын ичинен 125 киши катышып, 116 окумуштуу Мурат Жуматаевдин талапкерлигин колдошту. Ушуну менен Мурат Жуматаев Улуттук илимдер академиясы түзүлгөндөн берки 13-президент болуп шайланды. Медицина илимдеринин доктору, академик, профессор Сабырбек Жумабеков, көрсөтүлгөн талапкер эң татыктуу деп эсептейт. Анткени илимдин ордосу болгон академияны көтөрүүдө бул чөйрөгө баш-оту менен кирген жана аны түшүнгөн киши керек болчу дейт.

Академияга илимпоз бирөө келиш керек. Анткени, бул жер илимдин ордосу. Андыктан, бул чөйрөнү түшүнүүсү зарыл. Ал эми өкмөт сунуштаган талапкер татыктуу деп ойлойм. Анткени Мурат Жуматаевдин эмгек китепчесин карасаң башынан баштап эле ушул жерде иштеп келе жатканын көрөсүң. Бир гана “Улуттук илимдер академиясы” деп жазылып турат. Ал бул жактын бардык жагын билет.

Ал эми жаш муун болсо президенттен окумуштуу болуусу менен бирге заманга жараша чарбачыл болуусун каалашат. Анткени академиянын алдыга жылуусунда жетекчинин ролу чоң дейт ага илимий кызматкер Бахтияр Өмүров. Кызматкерлердин айлык акысы аз болуп турса, илим да жазылбайт. Андыктан, аны кантип алдыга жылдыруу жана колдоо табуу жетекчинин колунда деген пикирде.

-Азыркы талапка ылайык, менин пикиримде чарбачыл да илимди жакшы түшүнгөн да бирөө болуш керек. Анткени, илимпоз адам үйдө отуруп да илимин жаза алат. Бирок жетекчи илим менен кошо аны өнүктүрүүнүн жолун да таба билиш керек. Бизе азыр эң биринчиден айлык маселеси бар. Ооба, чыныгы илимпоз акчага карабайт. Бирок азыркы кырдаалда бала-чака багам десең анда илимди токтотуп туруш керек болуп калат.

Эскерте кетсек, академиянын буга чейинки президенти Абдыганы Эркебаев быйыл март айында кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетүү боюнча арыз жазган. Ошондон бери президенттин милдетин Мурат Жуматаев аткарып келген. Мурат Жуматаев 1957-жылы төрөлгөн. Техника илимдеринин доктору.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *