Шашылыш кабар:

Айылда тамеки тарткан кыз-келиндер көбөйдү

Октябрь 31, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
129

Акыркы 5 жыл аралыгында Кыргызстанда тамеки тарткандардын саны кескин өскөн. Бул туурасында Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматында айтылат. Тамеки тартуу өзгөчө аялдар арасында көбөйгөндүгү байкалган. Айрыкча айыл жергесинде. Тамеки тартуунун аялдардын ден-соолугуна тийгизген таасири, анын кесепети боюнча кийинки материалда сөз болот.


Кыргызстанда тамеки тарткан аялдардын саны 5 жылдын ичинде 3 эсеге өскөн. Айрыкча айыл жергесинде. Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы пульманологу, профессор Талантбек Сооронбаев, мындай көрүнүштү алардын физиологиялык түзүлүшү жана эрки менен байланыштырат. Мурда айыл жергесинде тамеки тарткандар жалаң эркектер болсо, азыр аялдар үчүн да кадыресе көрүнүштөй кабыл алынып жаткандыгы өкүндүрөт дейт.

-Тилекке каршы, Кыргызстанда тамеки тарткан аялдардын саны кескин түрдө өсүүдө. Эң өкүнүчтүүсү жаш кыздар арасында. Дагы бир таң калыштуу жагдай, айылда аялдардын тамеки тартканы нормалдуу түрдө кабыл алына баштады. Мурда эркектер арасында гана болсо, азыр кыз-келиндер арасында байкала баштады. Алардын көпчүлүгү тамеки тартууну престиж, имидж катары эсепетешет. Бул жаңылыштык.

Статистикалык маалыматтар боюнча жалпы эркектердин 48% тамеки тартат, ал эми аялдардын 3-4% пайызы чылым чегет. Бирок аялдар боюнча айтылган сандар мындан көп болушу мүмкүн. Анткени, менталитетке жараша биздин коомдун аялдары тамеки тартса да, ачык айткандар жокко эсе дейт Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун консультанты Алина Алтымышева.

Жүргүзүлгөн иликтөөлөргө ылайык, эркектердин жарымы тамеки тартат. Ал эми аялдар азыраак. Бирок, ошентсе да бул алар үчүн чоң көрсөткүч. Ага кошумча аялдар сурамжылоодо так айтпай коюу ыктымалдуулугу да бар. Бул биздин менталттетке жараша деп билебиз. Бирок тамеки тарткан аялдардын саны көбөйгөндүгү айдан ачык көрунүп турат. Мурда шаарда көп десек, азыр алыскы аймактарда да көбөйө баштаган.

Адистер аялдар физиологиясына жараша эрте жана өзгөчө көз каранды болоорун айтышат. Андыктан тамекинин даамын тарткан аялдын аны таштоосу да кыйын болот. Саламатыкты сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу башкармалыгынын башкы адиси Гульмира Ибраева, жаш кыздардын чылым чегүүсү тукумсуздукка, балдардын жүрөк кемтиги менен төрөлүүсүнө алып барууда.

-Аялдар тамекиге бат көнүшөт. Андан кийин таштоосу да кыйын. Анткени, физиологиясы, эрки ошондой. Таштаган күндө да кеч болууда. Анын кесепетинен балдар жүрөк кемтиги менен төрөлүүдө же такыр төрөй албай калышууда. Эгерде жаш кезинде тамеки тарткан болсо да ал кийин баары бир таасирин тийгизет. Ошондуктан, андан алыс болуу керек.

Ошондой эле, үй-бүлө мүчөсүнүн бирөө гана тамеки тартса да, пассивдүү түрдө тамекинин түтүнүн ичине тартып алган балдарда да барган сайын көз карандылык пайда болот.

-Жада калса балдар да ошол тамекинин түтүнүн тартып отуруп, көз каранды болуп калышы мүмкүн. Үйдө атасы же апасы чылым чексе анда балада көз карандылык 5 эсе көп болот.

Дүйнө калкынын үчтөн бир бөлүгү чылым тартат. Ал эми Кыргызстандын көрсөткүчүндө жумушка жарамдуу катмардын 40%, жаш өспүрүмдөрдүн 20% тамеки чегет. Адистердин айтымында, көз карандылыкка алып келген бул адат өпкө, рак жана жүрөк кан-тамыр ооруларына алып келет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *