Шашылыш кабар:

БШК: С.Жээнбеков президент болуп шайланды

Октябрь 31, 2017 | жарыялаган Түмөнбай Абдинаби уулу
70

Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн расмий жыйынтыгын чыгарып, президенттик кызматка Сооронбай Жээнбеков шайланганын кабарлады. 15-октябрда өткөн президенттик шайлоого өлкөдөгү добуш берүүчүлөрдүн 56,34 пайызы катышкан. Талапкерлердин арасынан СДПК партиясынын атынан көрсөтүлгөн талапкер Жээнбеков 920 620 добушка ээ болуп, 54,22 пайызга жеткен. Мындай маалыматты Борбордук  шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов кабыл алган токтомуна таянып айтты. Ал өз сөзүндө добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган участоктордун маалыматы алынып салынганын билдирди.

Кыргызы Республикасынынын президенттигин шайлоогомлн 697 миң 868 жаран катышат алды. Бул добуш берүүгө укуктуу болгондордун 56,34 пайызын түзөт. Өмүрбек Бабанов 568 миң 665 добуш алды. Бул жалпы шайлоочулардын добушунун 33, 49 пайызын түзөт. Сооронбай Жээнбеков 920 миң 620 добушка ээ болуп, пайыздык көрсөткүчү 54,22ге жетти.

Ошондой эле бардык талапкерге каршы берилген добуштардын саны 12 371ге жетип, 0,73 пайызды түзгөн.

Бул жолку шайлоо мурдагыларына салыштырмалуу техникалык жактан мыкты камсыздалганы менен өзгөчө болду. Анткени автоматтык эсептөөчү урналарды добуш берүүдөн мурун тестирлөөдөн өткөргөндө, алардын 97 пайызы оң жыйынтык берген. Ошол эле учурда добуш берүү системасына хакердик чабуулдар да жасалган. Мындай маалыматты БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Ага ылайык, жалпысынан 26 өлкөдөн чабуул жасалганы менен системанын коопсуздугу бекем болгону үчүн таасир бере алган эмес.

-Добуш берүү күнүн 80 миңден ашуун хакердик чабуулдар болду. Өзгөчө ошол күнү 9:05те бир учурда 18 358 сокку бир учурда жасалды. Бирок биздин система ченемдик актыларды эске алып жасалгандыгы үчүн коопсуздукка зыян тийген жок.

Төрайым сөзүнүн уландысында коомчулукта талкууга түшкөн Самара.кг сайтындагы шайлоочулардын тизмеси боюнча да айтып, андагы маалыматтар шайлоо системасынан алынбаганын белгилеп, бул боюнча атайын кызматтар өз баасын берет деди.

Шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялоо боюнча БШКнын отурумуна 12 мүчөнүн 10у катышты. Жыйынга келбеген Гульнара Джурабаева жыйынтык менен макул эместигин айтып, атайын билдирүүсүн да берген. Ошондой эле БШКнын төрагасынын орун басары Атыр Абдырахматова да жыйынтык менен макул эмесмин деп кол койду. Анткени шайлоонун жыйынтыгы бир гана добуш берүү менен эмес анын алкагындагы 4 айда болгон иш-аракеттердин негизинде чыгарылышы керек. Анда талапкерлерге бирдей шарт түзүлбөй, админстративдик ресурска жол берилди дейт.

-Админстративдик ресурстун колдонулушу жана шайлоочулардын тизмеси боюнча чыккан ызы-чууну эске алган менен БШКнын уюштуруучулук иши кандай болгонун баары көрдү. Мен бул шайлоону таза жана ачык өттү деп атоодон алысмын. Мен мигранттардын шайлоодогу укугун кеңейтип берели деп бир ай бою айтып келдим. Бирок андан дагы баш тартышкан.

Бирок БШКнын мүчөсү Алмаз Асаналиев бул айтылгандар куру кеп экенин, чынында шайлоо таза өткөнүн айтты. Анткени шайлоонун жүрүшү боюнча 4, жыйынтыгы боюнча 4 арыз түшкөнү жогорку көрсөткүч деп эсептейт. Мунун баары шайлоо системасынын реформаланышынын жыйынтыгы экенин айтып, төмөнкүлөргө токтолду.

-2375 шайлоо участкасынан болгону 4 арыз түштү. Бул – өтө чоң көрсөткүч. Мындай жыйынтык өлкөдө болуп жаткан шайлоо реформаларынын натыйжасы деп айтууга болот.

Кошумчалай кетсек, мыйзамга ылайык, жаңы шайланган президенттин ант берүү аземи шайлоонун расмий жыйынтыгы чыккандан кийин 30 күндөн кем эмес убакыт ичинде өтүшү керек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *