Шашылыш кабар:

Алымкан Мансурова: Апам чыгармачылыгын 50-жылдары гана баштаган

Октябрь 30, 2017 | жарыялаган Каныкей Бозгунова
147

Быйыл Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Нинакан Жүндүбаеванын 100 жылдыгы белгиленет. Мындан улам «Улут уюткусу» уктуруусунун кезектеги чыгарылышында дал ушул залкар инсандын чыгармачылыгы, кыргыз элине кылган эмгектери, деги эле анын өмүр жолу тууралуу сөз кылып, эскерип, анын кызы Алымкан Мансурова менен маектештик.

АЛЫМКАН МАНСУРОВА:

Апам 15 жашынан баштап жооптуу кызматтарда иштеген…

— Апабыздын өмүр жолу оор жана жакшы болгон деп баалайм. Анткени, ал Октябрь революциясы болгон 1917-жылы Кочкор районунда төрөлгөн экен. Туулган күнүн так билбегендиктен, «биринчи буудайдан биринчи нан бышкан күнү төрөлгөм» деп айтып калчу. Ошондон улам, паспортунда 20-октябрь деп жазылып калган. Апам ата-энесинен эрте ажырап калып, атасынын Жүндүбай деген бала көрбөгөн бир тууганы багып калыптыр. Бирок, революциядан кийин жакшы турмуш курууга жол ачылгандан кийин Кочкор өрөөнүндө дагы мектептер ачылып баштаган. Апам 7 жашка келгенде анын биринчи мугалими Аалы Кулубеков зээндүү кыз экендигин байкап, ата-энесинен аны окууга жиберүүсүн суранган экен. Ал кезде өзгөчө кыз кишинин алыска барып окуйт деген түшүнүк болбогондуктан, өтө оор болгон. Алгач, ата-энеси макул болбой, мугалим келе жатканда жуурканга ороп, жүккө жыйып, катып койгон учурлар болгон.  Мугалим келгенде ата-энеси макул болбогонуна карабай, алып кетип, Кочкордун мектебинде  бир жума окутуп, андан соң Нарын шаарындагы балдар үйүнө жибериптир. Өзүнүн айтымында, Кочкордон 4-5 жакшы окуган балдарды топтоп, эшек араба менен балдар үйүнө алып келишип, ал жерде 7-класска чейин окуган. Окууну мыкты аяктаган соң, 15 жаштагы кезинде Кочкордогу өзү биринчи окуган мектебине мугалим болуп келген. Андан кийин Жумгалга мугалим болуп которулган. Ал кезде Комсомол жаңыдан түзүлүп, элди, өзгөчө кыз-келиндерди окууга, ишке тартып жаткан учур болгон.  Ошондо Жумгал райком Комсомол комитетинин биринчи катчысы болуп иштеп баштаган. Демек, анын эмгек жолу 15-16 жашында ушундай кызматтар менен башталган. Бирок, анда эски жол менен калыптанып калган элди Партиянын программасына көндүрүп, аны түшүнбөгөндөр көп болгондуктан, ишке ашыруу өтө оор болгон. Апамдын айтканына караганда ошол учурда алар күндүр-түндүр иштешкен экен.

Нинакан Жүндүбаева чыгармачылыкка өтө кеч, согуш жылдарынан кийин аралашкан…

— Эгер Октябрь революциясы болбосо, партиялык,  советтик кызматкер, жазуучу болмок эмесмин деп апам айтып калчу. Ал көп убакытка чейин чыгармачылыкка шыгы бар экендигин өзү деле билбептир. Ыр жазуу деген анын оюнда болгон эмес, себеби, ага иштен эч убактысы болбоптур. Андан кийин эле согуш башталган. Ал учурда апам Ат-Башы райком партиясынын секретары, Нарын обком партиясынын 3-секретары болуп иштеген.

Белгилүү болгондой, согуш учурунда бардык жүк аялдарга түшкөн. Алардын ой-санаасы, ишинин бардыгы жеңиш үчүн болгон. Бирок, ошого карабай апам жалпы 20 жыйнак чыгарыптыр. Учурдан анын 18ин гана таптым. Ошол жыйнактарын окусам, анын көпчүлүк ырлары согушка, согуштун жеңишине, кыйналган элдин кыйын доорун, аялдардын кара жоолук салынып ыйлаган күндөрүн көп жазган. Ошолордун бири, Мукан Рыскулбековдун обонундагы Эрмек Мойдунов аткарган «Эсте энелер» деген ыры.

Негизи апам чыгармачылыкка согуш бүткөндөн кийин аралашыптыр. Ал Чолпон районунда райисполкомдун төрагасы болуп иштеп жүргөн кезинде уйкаш ыр саптары өзүнөн өзү оюна келип калгандыгын айтчу. Бала кезимде эсимде, апам түнкү саат 2-3төрдө дагы мештин түбүндө, атамдын ичигин жамынып алып, бир нерселерди жазып отурчу. Атам болсо бизге «апаңдын чымындары келип калыптыр» деп койчу. Кышында Нарында кайдагы чымын деп биз таңданчубуз. Ошондо 50-жылдын аяктарында ыр саптары келип жаткандыгын сезип, иштен кийинки убакыттарда чыгармачылыкка көңүл буруп баштаптыр. Өзү дагы көп интервьюларында адабиятка өтө кеч кайрылгандыгын, адабият агымдарын убагында сезбегендигин айткан.

Бирок, апам 60 жашка келип калган учурларында чыгармачылыктын үстүндө өтө шашкандай иштеп, иштерин бүткөрүүгө жетишпей жүрдү. Мен кезегинде ага түшүнгөн эмесмин. Азыр ойлосом, апам өз мезгилинде жүрөгүндөгү, оюндагы жаза албай калган нерселерин жетишип жазып калайын деп жанталашып жүргөн экен. Анын 100 жылдыгына карата бардык архивдерин карап атам. Апам 10 чакты пьеса жазып, анын үчөө сахнага коюлуптур. «Нарын правдасы» гезитинде редактордун орун басары болуп иштеп турган кезинде чыгармачылыкка көбүрөөк көңүл буруп, 2-3 китеп жазган экен. Ушул учурларда Нарында драм театр ачылып, анын алгачкы директору кылып бекитишкен. Театрда иштеп жүргөндө адабият, өзгөчө драматургия менен жакын болуп, чыгармачылыкта көбүрөөк иштеп, көп ырлары жазылган.

Апамдын 100 жылдыгына карата «Мен аялмын» аттуу жыйнагын чыгарабыз. Бул анын тилеги болгон…

— Апамдын 100 жылдыгын белгилөө боюнча Өкмөттүн токтому бар экен. Жазуучулар бирикмеси баш болуп, учурда иш-чараларды уюштуруп жатышат. Ал эми, биз бир туугандарыбыз менен Кочкордо Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясы бар. Ошол мектепте биз жыл сайын мугалимдер арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрөбүз. Аны өткөрүп келдик.

Мындан сырткары,  Кочкор районундагы мектептердин окуучуларынын арасында  Нинакан Жүндүбаеванын чыгармаларын көркөм окуу боюнча сынак өткөрдүк. Эми Нарында апам төрөлүп, өскөн, иштеген жерлерге барып, конференцияларды өткөрүп, чыгармаларын эске салып, окуу күндөрүн өткөрөлү деп жатабыз. Ошондой эле, апамдын орусчага которулган, бирок, жыйнакка кирбей калган ырлары бар экен. Ошолорду топтоп, «Мен аялмын» деген жыйнагын жыл аягына чейин чыгаралы деп атабыз. Бул апамдын өзүнүн дагы каалоосу болгон. Кол жазма бойдон калган чыгармалары дагы абдан көп экен. Апам каза болгондон кийин 2004-жылы «Кышкы гүлдөр» деген жыйнак чыгарганбыз. Калган чыгармаларын дагы топтоп, иреттеп жатабыз. Өзүбүз жазбагандан кийин ал кол жазмалардын бардыгын түшүнүү кыйын болуп жатат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *