Шашылыш кабар:

С.Раев: Маданият министрлигине келчү жаңы жетекчиден көп нерсе көз каранды

Октябрь 30, 2017 | жарыялаган Айжамал Худайбердиева
73

28-октябрда Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков ээлеген кызматынан бошотулган.  Экс-министрдин кызматтан кетишинин себептери айтылган эмес, бирок буга чейин мумиянын көмүлүшү боюнча атайын комиссия түзүү чечими кабыл алынган. Министрдин отставкага кетишинен мурда  Коопсуздук кеңеши аталган министрликте 26 жемкорлук тобокелдиктерин жана паракорлуктун 7 зоналарын аныктаган. Бирок, Экс-министр Түгөлбай Казаков бул иштерди каралоо катары эсептейт.

Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы күрөшүү мамлекеттик саясат стратегиясын ишке ашыруу боюнча жумушчу тобунун мүчөсү Бакыт Сатыбековдун маалыматына ылайык, маданият министрлигинде көпчүлүк көйгөй иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктады жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базанын жоктугунда.

-Башкы малеле аларда макулдашуулар, келишимдер тууралуу процедуралар жазылган эмес. Мисалы археологиялык иштердин макулдашуулары жөнүндө десек болот. Документтер, түрдүү келишимдердин так түзулбөгөндүгүнөн улам коррупциялык тобокелдиктерге жол ачылып жатат. Маданият министрлигинде жөнгө салынбаган нерселер көп. Баалуу экспонаттарды сактоо жагында, музей бюмдарын кароо жагында да мүчүлүшүктөр бар экенин көрдүк.

Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун эксперттери белгилегендей, жемкорлук тарыхый жана маданий эстеликтерди көзөмөлдөө; экспертиза милдеттерин жүзөгө ашырууда; уруксат берүүдө; туризм чөйрөсүндө мамлекеттик көзөмөл маселелеринде; мамлекеттик сыйлыктар үчүн арыздарды карап чыгуунун эрежелеринде; мамлекеттик сатып алуулар жана каржылык бузуу жагдайлары боюнча аныкталган.

Бирок, Маданият министрлигинин экономика жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Маратбек Асаналиев бул министрликте каржылык бузуу болуп жатат деген маалыматты четке кагат. Адис министрликтин каражаттары кайда, кантип жумшалаарын тизмектеп берди. 2016-жылы өлкө башчынын тапшырмасы менен кошумча 41 млн 300 миң сом берилгенин айтты.

-2016-жылдын жыйынтыгы боюнча 1 млрд 672 млн 159 миң 800 сом каражат бөлүнүп берилген. Бул каражаттар жалпы министрликке караштуу туризм, киноматография жана маалымат департаментине бөлүнөт. Мындан сырткары, министрликтин өзүндө каралган маданият жана окуу жайлар бөлүмүнө да каралып келет. Айлык акы менен Социалдык фондго жалпы каражаттын 73%ы сарпталат. Калганы бөтөн чыгымдарга керектелет. Бизге берилген каражаттарды өз нугу менен эле колдонуп жатабыз. Эч кандай мыйзам бузуу, туура эмес каржылоо болгон жок.

Маданият министрлигине келчу жаңы министр жогоруда айтылган жемкорлукту жоё алабы деген суроо туулат. Бул боюнча мурдагы маданият министри Алтынбек Максүтов жетекчилер бат-бат өзгөрсө, бул көйгөйлөрдүн жоюлушу кыйын экенин айтып, кызматкерлердин айлык акысын көтөрүүнү сунуштайт.

-Эң биринчи бул көйгөйлөр менен күрөшүүдө Маданият министрлигинин аппаратын күчтөндүрүш керек. Ал жерде 45 эле киши иштейт. Кызматкерлердин айлыгын көтөрсө жакшы болмок.  Аларга эртеден-кечке иштегиле деп талап коюш үчүн. Пландуу иштегени  убакыт керек. Жетекчилер азыркыдай бат-бат алмашчу болсо, министрлик эч өзгөртүүгө учурабайт.

Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев акыркы жылдары Маданият министрлигине бул тармакты билбеген жетекчилер келгендиктен, алмашуу бат-баттан болуп жатканын белгилейт. Ал маданият менен улут тарбияланаарын эскертип, кийинки мезгилде бул жаатка көп көңүл бурулбай жатканын айтып кейийт. Анын айтымында, жаңы келген министрден көп нерсе көз каранды болот.

-Маданият — системалуулукту талап кылган өзгөчө тармак. Ошондуктан, аны мамлекеттик саясаттын негизги приаритеттүү багыты катары карашыбыз керек. Маданиятты сактап калуу улутту сактап калуу менен байланышта. Эң негизги нерсе акча эмес. Кеп биз ошол тармакты терең билгенибизде болуш керек. Жаңы келген министрден көп маселе чечилет. Ошол тармактын стратегиялык багыттарын билиш керек.

Деген менен КР Эл атристи Саламат Садыкова: “Маданият министрлери жакшы иштеди дейт.” Анын пикиринде, маданияттын өнүгүшү жетекчиден көз каранды эмес. Анткени, жетекчи менен кошо биртоп чыгапмачыл адамдар, кызматкерлер иштейт.

Маданияттын күрө тамырын билбеген министрлер иштеди деп айта албайм. Келген жетекчилердин баары эле жакшы иштеди. Министр өзү отуруп, баардык ишти жасабайт. Анын астында башка кабинеттер да бар. Чыгармачыл адамдар, искуствонун чоң чеберлери баш болгон маданияттын тегирмени иштеп жатат. Келчү министр көйгөйлөрдү чечүүдө көсөм болуш керек. Улуттук нарк-дөөлөттөрүбүзгө үлгү боло турган бирөө керек.

Эске салсак, Түгөлбай Казаков Маданият, маалымат жана туризм министрлигин 2016-жылдын 27-июлунан тарта жетектей баштаган эле.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *