Шашылыш кабар:

Бишкекте К.Осмоналиевдин урматына оор атлетика боюнча мелдеш өтөт

Октябрь 30, 2017 | жарыялаган Түмөнбай Абдинаби уулу
48

Бишкекте 24-26-ноябрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт Ордосунда Каныбек Осмоналиевдин урматына арналган оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдады.

Ага ылайык, аталган мелдешке Орто Азиядан, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн спортчулар келип катышып, байгелер үчүн күч сынашат. Эркектер арасындагы мелдеш үчүн спортчулар салмак боюнча 8 категорияга, ал эми кыз-келиндер 7 категорияга бөлүнгөн.

Каныбек Осмоналиев оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку, Европанын 2 жолку чемпиону. СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *