Шашылыш кабар:

А.Карымбаева: Жарандардын 70% эмгек келишими жок иштешет

Октябрь 28, 2017 | жарыялаган Гүлбарчын Тилембаева
103

БУУнун маалыматына таянсак, жылына 2,5 миллион адам өндүрүш үстүндө ар кандай кырсыктардан, кесиби боюнча оорулардан  каза болот. Ал эми «Бүткүл дүйнөлүк эмгек уюму»  жылына 2,3 миллион адам өз жумуш ордунда көз жумаарын эсептеген. Кыргызстанда болсо ар түрдүү кырсыктар жыл сайын 120-130 окуяга чейин өсүүдө. Бир жылда түрдүү өндүрүш тармагында иштеген 50 адам каза табат. Ал эми 600 дөн ашуун адам жеңил жаракат алат. Бүгүнкү күндө бул жагдайды караганда, жумушчулардын укугун коргоо, эмгек шартын жакшыртуу аракети канчалык деңгээлде зарыл жана кандай ишке ашып жатат? Ага жумушчу дагы, иш берүүчү дагы кызыктар болуп жатабы? Ушул суроолор алкагында «Марал» радиосунун студиясында талкуу болду.

Конокто Кыргыз өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык инспекциянын коопсуздук боюнча эмгекти коргоо жана эмгектик мамилелер бөлүмүнүн башкы инспектору Асел Карымбаева жана Кыргызстан профсоюздар федерациясынын техникалык эмгек инспекциясынын инспектору Жеңишбек Казакбаев болушту.

Марал: Бүгүнкү күндө эмгек келишими деген эмне, ал канчалык деңгээлде жумушчу менен иш берүүчүнүн ортосундагы мамилени жөнгө сала алат?

Асел Карымбаева: Эмгек келишими бул — Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде бекитилген. Ага ылайык, иш берүүчү жумушчуга белгиленген өлчөмдө айлык акысын төлөп бергенге милдеттенет. Ал эми жумушчу ошол айлык акынын негизинде ага түзүлгөн шарттар боюнча эмгек функцияларын аткарып берүүгө жоопкерчилик алат. Ошол келишимди эмгек келишими деп эсептейбиз.

Андан тышкары эмгектик укук ченем актылары дагы бекитилген. Бул норма боюнча иш берүүчү ар бир жумушчу менен эмгек келишимин түзүшү керек. Эгерде иш берүүчү келишим түзбөстөн бирөөнү иштетсе, оозеки түрдө алардын ортосунда келишим түзүлгөн болуп эсептелет жана Эмгек кодексинде каралган бардык шарттар аларга дагы тиешелүү болот. Бирок, ошол эле учурда жумуш берүүчү эмгек келишимин түзүү милдетинен ажырабайт.

Жеңишбек Казакбаев: Эмгек келишиминин негизги максаты жумушчунун иштөө убактысын, эмгек маянасын, эки тараптын укуктары жана милдеттерин көрсөтүү, жылда бериле турган эс алуу күндөрүн аныктоо. Азыркы учурда 80 пайыз жумушчу менен мекеме ортосунда келишим түзүлбөйт.  Жумушчу кандайдыр бир кырсыкка учурап калганда эле бул маселе козголуп калат.

Асел Карымбаева: Эгер келишим түзүлбөй калаган болсо, жумушчулар инспекцияга кайрылышса болот. Инспекторлор арыздын негизинде текшерүү жүргүзүп, иш берүүчүнү милдеттендиришет.

Марал: Буга чейин сиздерге жарандар кайрылган канча учур катталды?

Асель Карымбаева: 2017-жылдын башынан бери 671 жаран кайрылган. Ал арыздардын 80 пайызы канааттандырылды.

Угармандан суроо: Мен фармацевт болуп иштейм. «Прима интернейшнл» ЖчК-на үч ай иштеп, айлыгымды ала албай калдым. Келишим түзүлгөн, колумда турат.

Асел Карымбаева: Бул эже бизге арыз менен кайрылса болот. Дарегибиз: Ахунбаев көчөсү 119, 2-кабат, 227-кабинет.  562906 номуруна байланышып, консультация алат. Эмгек кодексинин 157-беренесине ылайык, жумушчу айлык акысын убагында албаса иш берүүчү ар бир кармаган күнү үчүн 0,5 пайыз үстөк төлөп берүүгө милдеттүү. Ошол себептен, келишимин алып бизге келсе, биз тиешелүү үстөктү төлөтүп берүүгө аракет кылабыз.

Марал: Биз билишибизче Профсоюздар федерациясы жумушчулардын укугун коргоо, эмгек шарттарын жакшыртуу максатында түздөн-түз иш алып барган уюм. Анан Жеңишбек мырза айтыңызчы, бир жылдын ичинде сиздердин уюмга канча арыз  түштү жана анын канчасына реалдуу жардам бере алдыңыздар?

Жеңишбек Казакбаев: Бир жыл ичинде жарандардан 390 арыз келип түштү.  Алардын мазмуну ар кандай: негизсиз жумуштан айдап жиберген, айлыгын бербей койгон.  Биз арыз ээлеринин талабын талашып, соттошконго чейин барабыз.

Марал: Сиздер профсоюз уюмуна мүчө болгон мекемелердин гана жумушчуларынын укуктарын коргойсуздарбы?

Жеңишбек Казакбаев: Арыз менен кайрылган учурда биз сурабайбыз мүчөсүңбү же жокпу деп. Бизге баардык жарандар кайрыла алышат.

Угармандан суроо: Эмгек кодекси деген түшүнүк, жумуш берүүчүлөрдө барбы? Ал тууралуу маалыматка ээби? Аны текшересиңерби?

Жеңишбек Казакбаев: Былтыр,  мурдагы жылы Грузинский вариант  киргизебиз деп, 51 статьяга алып келебиз дегенде кош бойлуу аял ооруканага жатып, жумушка келбей калса, иш берүүчү аны эч негизсиз эле иштен алып коюусу каралган. Биз Профсоюздар федерациясы каршы чыкканбыз, жарандык коом менен бирге алып калдык, бул өзгөртүүнү киргизбей.

Көбүнчө мекемелер салыктан жана социалдык төлөмдөн кутулуу үчүн билимсиздерди жумушка алышат.

Угармандан суроо:  Нарындан чыгып жатам, атым Кубаныч. Жумуш издеп жатып анкета толтурабыз дагы анын жообун чексиз күтөбүз. Бирок, орто жолдон тааныш аркылуу бирөөнү жумушка алып алышат. Бул качан токтолот?

Жеңишбек Казакбаев: Бул көйгөйлүү маселе. Туура көп учурда иш берүүчүлөр жумушка тааныш аркылуу жана пара алуу менен алышат. Бул боюнча бир система түзүп, көзөмөлгө албасак токтобойт бул көрүнүш.

Угармандан суроо: Кыргызстанда жумушчулардын укугу канчалык корголуп жатат? 100 пайыз деп айта аласыздарбы?

Жеңишбек Казакбаев: Жоок, 100 пайыз деп айта албайм.  Бузулуп калган укугу тууралуу жумушчу кайрылса гана биз жардам бере алабыз. Биздин жарандардын мыйзамды билбестиги, коркуу сезими кайрылууга чек коет.

Асел Карымбаева: Биздин экологиялык жана техникалык инспекциянын өлкө боюнча 27 эле кызматкер бар. Алардын иши көп, жетишпейт, бирок биз жарандарга маалымат берүү жана окутууту иштерин жүргүзөбүз.

Марал:  Кырсык болгон жерге барып, жумушчулардын коопсуздугун укуктук маселелерин текшересиздерби же арыз менен кайрылайынча реакция болбойбу?

Асел Карымбаева: Жумуш үстүндө адамдардын кырсыкка учурашын тергөө боюнча атайын жобо бар. Ошонун негизинде кайсы өндүрүштө кырсык болсо, иш берүүчү пракуратура органдарына, мамлекеттик инспекцияга жана профсоюз уюмдарына кабарлаганга милдеттүү. Бирок кээ бир учурда  ММКлардан угуп калаганда же кырсык болгону жашырылып, кийин ачыкка чыкса дагы мөөнөтү өтүп кеткенине карабастан териштирүү иштерин жүргүзөбүз.

Марал: Мисалы жакында эле көп кабаттуу курулуш имаратынан эки адам учуп кетип каза болду. Бул ММКларда кеңири мааламдалды. Буларга кандай реакция кылдыңыздыр?

Асел Карымбаева: Мындай учурларда Эмгек кодекси менен бекитилген атайын компенсация бар. Жабырлануучуларга иш берүүчүлөр көмүүгө кеткен төлөмдөр жана башка жардамдарды берип жатышат. Багуучусун жоготкон үй-бүлөлөргө каралган компенсацияларды төлөп берип жатышат.  

Угармандан суроо: Мен күзөтчү болуп бир компанияга жумушка кирейин десем, келишим түзбөйт экен. Үч адам менен келишим түзүп коет экен, калганын көмүскөдө иштете берет экен.  Анан штраф деп эле айлыгын кесе берет экен. Буларды ким текшерет? Качан тартипке келет биздин мамлекет?

Жеңишбек Казакбаев: Азыр күзөт жумушун көбүнчө эле жеке менчик компаниялар жүргүзүп калбадыбы. Алар мамлекеттик болбогон үчүн контролго алынбайт. Ошол себептүү бир нече гана жумушчуну каттап коюп, налог, социалдык фонддун төлөмдөрүнөн качышат.

Асел Карымбаева: Ошол маселени жоюш үчүн биз жакында эле тигүүчү цехтерди текшерип чыгып, келишим түзүүгө милдеттендирдик.

Угармандан суроо: Жеке адамдын үйүнө барып бир күн иштеп, анан кырсыктап калса не болот?

Жеңишбек Казакбаев: Мындай учурларда биз иликтөө жүргүзүп, тиешелүү  компенсация төлөттүрүп беребиз. «Марал» радиосуна дагы рахмат. Сиздер бул маселени көтөрүп, элге маалымат жеткизүү менен алардын укугун коргоп жатасыздар. Мындан ары сиздер менен тыгыз иштешүүгө кызыктарбыз.

Угармандан суроо: Эмгек келишими боюнча жеке сектордо иштесек, анда жумуш саатыбыз бир жумада канча болушу керек?

Асел Карымбаева: Эмгек кодексинде белгиленгендей, бир жумушчу ар жумада 40 саат иштеши керек. Ал эми атайын белгиленген категориялар боюнча 14-16 жашка чыга элек жумушчуларга жумасына 24 саат кана иштөөгө уруксат берилген. 16-18-жаштагылар 32 саатка чецин иштесе болот. Оор шарттарда иштегендер жана биринчи-экинчи топтун майыптары дагы 36 саат иштешет.

Угармандан суроо: Уулум 17 жашта Бишкекте коомдук тамактандыруучу жайда иштейт. Келишим түзүлгөн эмес, кээде айлыгын толук албай калат. Кимге кайрылсак болот?

Асел Карымбаева:  Биздин дарек  Дарегибиз: Ахунбаев көчөсү 119, 2-кабат, 227-кабинет.  562906 номуруна байланышып, консультация алсаңыз болот.

Угармандан суроо: Мен майыпмын. Иштеген жеримде пандус жана башка шарттар түзүлгөн эмес. Бул укугубузду бузуу болуп эсептелеби?

Жеңишбек Казакбаев: Ооба бул укук бузуу болуп эсептелет. Иш берүүчү негизги шарттарды түзүп бериши керек.

Угармандан суроо: Мен тигүүчү цехте иштейм. Кышында абдан суук. Жайкысын аптапта иштейбиз. Бирок, айлыгыбызды убагында албайбыз. Биздин укугубуздун бузулушу катары  цехтин ээси жооп бериш керекпи?

Асел Карымбаева: Жумуш берүүчү жооп бериш керек. Ар бир жумуш берүүчү эмгек шарттарын түзүп берүүгө милдеттүү.

Угармандан суроо: Мамлекеттик экологиялык коопсуздук инспекциясы жумушчулардын коопсуздук эрежелеринин туура так сакталышын көзөмөлдөп бере алабы?

Асел Карымбаева: Биздин мекеме коопсуздуктун сакталышы, эмгек маселелери, шарттары, өндүрүштүк кырсыктарды тейлөөчү жалгыз мамлекеттик орган.

Угармандан суроо: Аялдардын өзгөчөлүгүнө байланыштуу эмгек мыйзамдарында жеңилдетилген шарттар барбы? Эгер ошондой болсо, биз кантип укугубузду коргой алабыз?

Жеңишбек Казакбаев: Бул боюнча Эмгек кодексинде жеңилдетүүлөр каралган. Өзгөчө оор шарттарда иштегендер үчүн мыйзамдар каралган. Мисалы, көмүр чыгаруучу жайда же зыяндуу жерде иштегендерге сүт берүү каралган. Убактысынан көп иштегенде маянасы эки эсе төлөнүп берилет.

Асел Карымбаева: Мен дагы кошумчалай кетсем, эмгек кодексинде белгиленген. Мисалга алсак, жаш балалууларга эмизип алууга атайын бөлмөлөр каралышы керек. Андан тышкары, аялдарды оор шарттарда ишитеткенге болбойт.

Угармандан суроо: Менин күйөө балам кырсыктады эле, эки жыл мурун токко урунуп каза болуп калды. Мекемеси жамандыгына карасын союп эле кутулуп кеткен. Ушул ишти кайра козгосо болобу?

Жеңишбек Казакбаев: Анда мөөңөтү өттү деген болбойт. Эгер ал жумуш учурунда каза болсо бул иш иликтенүүгө тийиш.  Эгер анын мекемесинде профсоюз уюму болсо, бизге кайрыласыздар. Болбосо Экотехинспексияга кайрыласыздар.

Сиздерге маек куруп бергениңиздер үчүн рахмат айтабыз!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *