Шашылыш кабар:

Айтыштырган чек ара, парламенттеги кадрдык өзгөрүү

Октябрь 28, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
46

Узап бара жаткан аптадагы окуяларга сереп.

Бул жуманын башында өкмөт башчы Сапар Исаков Арменияга эки күндүк иш сапары менен барып,  Евразиялык экономикалык биримдиктин кезектеги жыйынына катышып келди. Анын алкагында кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча казак премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушту. Тараптар чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча иштелип чыккан жол картасынын долбоорун талкуулашып, бирок орток пикирге келе алышкан жок. Андан соң биримдиктин жыйынында Сапар Исаков чек арада көзөмөлдүн күчөтүлүшү Бажы биримдигинин эрежелерине каршы келет деген маселе көтөргөн эле. Өз кезегинде казак тарап Кыргызстандын чек араларындагы аткезчиликтен улам Казакстан зыян тартып жатканын белгилеп, өткөрүү бекеттери күчөттүлгөн тартипте иштеп баштаганын билдирген.

Арменияда 24-октябрда Кыргызстандын төрагалыгы астында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны болду. Жыйында Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин кызматташтыгы тууралуу актуалдуу маселелер талкууланды. Ага биримдиктеги мамлекеттердин өкмөт башчылары катышты.

Отурумдун жүрүшүндө Кыргызстандын Өкмөт башчысы Сапар Исаков кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы абалга токтолду. Ал 10-октябрдан тарта Казакстанстан кыргыз-казак жана орус-казак чек араларында транспорт каражаттарынын, жүргүнчүлөрдүн жана товарлардын өтүүсүнө күчөтүлгөн тартип киргизгенин маалымдады.

-Биз Премьер-министрлердин деңгээлинде өзүбүздүн өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жургүзүп жатабыз. Ортодо айрым маселелер болгонуна жана алардын кээ бирлери чечилгенине сиздер баарыңыздар күбө болдуңздар. Бүгүнкү күндө бул маселе чечилбей жатат. Бирок биз казак тараптын бул маселени чечерине ишеним арткыбыз келет. Анткени, биздин ортодогу түзүлгөн келишимдерге ылайык, бардык жүк ташуучу жана жеңил унаалар, жүргүнчүлөр жана товарлар эч кандай тоскоолдуксуз чек арадан өтүшү керек.

Өз кезегинде казак өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев Казакстан чек арада бажы жана салык төлөмдөрүнө зыян келтирип жаткан аткезчилик агымына каршы көзөмөлдү күчөтүп жатканын билдирди. Анткени, Астана аткезчиликтин айынан ири каржылык жоготууларга учурап жатат. Жыйында Сагинтаев бажы төлөмдөрүндөгү көрсөткүчтөргө токтолду.

Казак өкмөт башчыныны келтирген жүйөсүнө ылайык, Кытайдан ЕАЭБге товар импорттоонун анализи 2014-2016-жылдарда Кыргызстандан башка мамлекеттердин баарында импорт азайганын көрсөткөн. Өз кезегинде бажы төлөмдөрү боюнча 2014-16-жылдагы иликтөөлөрдө Кыргызстан менен Армениядан башка өлкөлөрдө түшкөн акча азайганы аныкталган.

Ал арада Президент Алмазбек Атамбаев ЕАЭБге ишеним жоголгонун айтып, Кыргызстандын биримдиктеги үмүтү акталбаганын билдирди. Ал өкмөткө өлкөдө өндүрүлгөн продукцияларды экспорттоого башка жолдорду издөөнү тапшырды.  Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз өкмөтүнө ушундай тапшырма бергенин Ак үйдө чет өлкөлүк жаңы элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алгандан кийин сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Айыл чарба продукцияларын чыгарууга альтернативдүү рынок катары алыска барып кереги жок. Жаныбызда 32 миллион калкы бар Өзбекстан турат жана 1,5 млрд эли менен Кытай турат. Ошондуктан өкмөт тез арада ушул өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү башташы керек.

Андан сырткары Кыргызстандын экономикалык блокададан чыгуунун бир аргасы катары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун атаган Алмазбек Атамбаев айрым депутаттардын популисттик билдирүүлөрү долбоорду токтотконго салым кошконун айтууда.

Өзбекстан темир жолдун курулушуна ынтызарлыгын билдирген соң долбоор башталышы керектигин, өкмөт тез арада насыя табууга тийиштигине токтолду.

Эске салсак, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине 2015-жылдын август айында толук кандуу мүчө болуп кошулган. Анда Армения, Беларусия, Казакстан, Орусия жана Кыргызстан аймагында товарды бажы көзөмөлүсүз сатууга шарт түзүү каралган.

«Марал» радиосу кыргыз-казак чек арасындагы абалга байланыштуу өкмөт мүчөлөрү, тиешелүү мекеме өкүлдөрү, бизнес коомчулук менен саясат талдоочулар катышкан тегерек стол уюштурду. Жыйында эки өлкөнүн чегиндеги акыркы абал жана ишкерлерге кенемте төлөп берүү сындуу бир катар маселелер көтөрүлүп, Казакстандын Кыргызстанга койгон дооматы талкууланды.

«Кыргыз-казак чек арасындагы көйгөй жана аны чечүү жолдору» аталышындагы тегерек стол 27-октябрда «Марал» радиосунун демилгеси менен уюштурулду. Жыйында Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы учурдагы абал жана андан жапа чеккен ишкерлер тууралуу сөз болду.

Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков Казакстанды чек-ара бекеттериндеги көзөмөлдү күчөтүп, Евразиялык экономикалык биримдиктин эркин товар айлантуу, кызмат көрсөтүү, капитал жана жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылдашы сындуу негизги төрт шартын бузуп жатат деп айыптады. Ошондой эле чек-ара бекеттеринде кезек күткөн жүк ташыган автоунаалардын саны боюнча расмий маалыматты берди.

— Биздин кызматкерлер бардык өткөрмө бекеттерин көрүп келишти. Алардын ичинен «Ак-Тилек» бекетинде жүк ташуучулардын кезеги узун болуп кетти. Эсеп боюнча бүгүнкү күндө 450дөн ашык машина турат. Кезектин узундугу 9 км болуптур. Биз бардык 450 айдоочудан кандай зыян болуп атат, эмне маселелер бар экенин сурадык. Эми муну аназилиздегенден кийин адамдардын өтүүсүн дагы көрөбүз.

Жыйында ишкерлер тарабынан аткаруу бийлиги менен парламентке ачуу сындар айтылды. Алар депутаттар менен өкмөт чек ара кризисин тезирээк чечпей, октябрдын ортосунда шайлоо менен алек болуп алышкан деген жүйө келтиришти. Эл өкүлү Сайдулла Нышанов болсо чек ара маселесин чечүү парламент менен өкмөттүн колунан келбейт дейт.

— Өкмөттө кемчиликтер болуп атат. Бирок, өкмөт деген тирүү организмдей маселелер чыгып турат, аны чечиш керек. Казакстандын чек ара маселесин өкмөт, парламент чече албайт. Муну бир эле адам чечет. Урматтуу министрдин орун басары азыр барып бийлеп берсе дагы чечилбейт. Маселени чече турган адамдар башка адамдар. Же эмне премьер-министр барып алып жакалашыш керекпи?

27-октябрда кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча Экономика министри Артем Новиков дагы маалымат жыйын өткөрдү. Жыйында коңшу өлкөлөрдүн чегиндеги маселе 10-ноябрда Дүйнөлүк соода уюмунун атайын комитетинде каралаары белгилүү болду. Анда кыргыз өкмөтү чек арадагы жагдай боюнча атайын баяндама менен чыгат.

Президенттик шайлоодон кийин Жогорку Кеңеште кадрдык саясий жүрүштөр көп талкуунун темасына айланды. 25-октябрдагы парламент жыйынында спикер Чыныбай Турсунбеков төрагалыктан кетүү тууралуу билдирүү жасады.  Анын кетүүсү буга чейин эле бир катар басылмалар Жогорку Кеңештеги кээ бир депутаттарына шилтеме кылып, Турсунбековдун төрагалыктан кетерин жазып чыгышкан. Анын ордуна “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков спикер болуп шайланды. Парламент төрагасынын алмашуусуна эмне себеп болду?

Чыныбай Турсунбеков 25-октябрда өз каалосу менен Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын тапшырды. Ал спикерликтен кетүү боюнча парламенттин жалпы жыйынында билдирүү жасап, төрагалыктан баш тартканы менен саясаттагы ишин улантаарын жарыялады.

 Акыркы президенттик шайлоо алдында башталган Кыргызстандагы жалпы саясий басым түшүп келе жатат. Анткени эл өзүнүн жаңы президентин шайлап алды. Бирок ал температура толугу менен түшүш үчүн мен дагы отставкага кетишим туура болот деген чечимге келдим. Эң башкысы мен төрагалыктан кетип жатам, саясаттан кеткен жокмун, парламенттен кеткен жокмун, сиздер канча ушул жерде отуруп иштесеңиздер дал ошончо отуруп иштешем деп турам.

Чыныбай Турсунбеков Кыргызстан парламенттик башкаруу системасына өткөнүн эске салып, бирок бул башкаруу өлкөдө бышып жетиле элек деген баасын берди. Ушундан улам өлкөнү толук парламенттик мамлекет кылуу үчүн Конституциялык реформа жасоо зарылдыгын ачык айтты. Бирок, ошол эле учурда Кыргызстандагы парламентаризм КМШ өлкөлөрү үчүн үлгү деген ойдо.

Парламенттеги айрым депутаттар Турсунбековдун кызматтан кетишин анын партиялык иши менен байланыштырышты. «Бир Бол» фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев эгер иш чын эле ушундай өңүттө боло турган болсо аны мамлекеттик кызматка байланыштырбоого чакырды.

Мен ойлоп жатам, депутаттардын арасынан сизди бирөө кет дедиби? Бирөө сизге нааразычылыгын билдирдиби? Сиз кимге таарынып кетип жатасыз? Ким менен ишенимиңиз болбой калды ачык айтпайсызбы? Анткени, биз сизди шайлаганда кыргыз мамлекетинде төбөсү көрүнүп калган, чет мамлекеттеби ички саясатта туура идеология менен иш алып бара ала турган инсан деп төрага кылып шайлаганбыз. Анан сиз ишеним болбой калды деп эле кетип калганыңыз… Анда түшүндүрүш керек. Мындай да урматтуу депутаттар, партиянын ички идеологиясы менен ички саясаты мамлекеттик кызматка аралашпаш керек.

Кызматын тапшырган спикер депутат Абдылдаевдин суроосун жоопсуз калтырды. Турсунбековдун билдирүүсүнөн кийин эле көпчүлүк коалициядагы депутаттар дароо жаңы спикерди шайлоо маселесин көтөрдү.

Ал эми парламенттеги коалициялык көпчүлүк спикерликке «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Дастан Жумабековду көрсөттү. Ал эми  «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын атынан депутат Исхак Масалиев сунушталды. Парламенттеги жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында спикер болуп Дастан Жумабеков шайланды. Добуш берүүгө катышкан 117 депутаттын 80ни Жумабековдун талапкерлигин колдосо, 32 депутат Масалиевге ишеним арткан. Беш эл өкүлү экөөнө тең «каршы» добуш берген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынып, жаңы шайланган төрага Жумабеков парламентте калыс иш алып барууга убада берди.

 Урматтуу депутаттар, урматтуу жыйындын катышуучулары, маалымат каражат өкүлдөрү азыр мага КРнын эл өкүлдөрү ишеним көрсөтүп, мени төрагалыкка шайлап беришти. Ошондуктан кесиптештер терең ыраазычылыгымды билдиремин. Мен мамлекет үчүн, Кыргызстан эли үчүн таза иштеп бергенге, баардык фракцияга тегиз караганга сөз берем. 

Саясат талдоочулар Кыргызстан парламенттик башкаруу системасына түшкөнүн эске алганда парламенттин орду жогору экенин эскертишет. Бирок, бул милдетти Дастан Жумабеков кандай аткараарын ар ким ар кандай божомолдоп жатат. Жарандык активист Адил Турдукулов жаңы төрага жаш жана татыктуу кадр экенин, бирок төрагалыкка бийликтин кандайдыр бир тапшырмасы менен келиши мүмкүн деп кооптонуп жатат.

— Татыктуу кадр деп эсептейм. Бирок, азыркы системада ал тең салмактуулукту сактап, бийликке көз каранды болбой, парламенттин күчүн даңазалап иштөөсү бир аз бүдөмүк. Ал ушул кызматка кандайдыр бир тапшырма менен, керек болсо бир шарт менен келди го деген оюм бар.

Дастан Жумабеков 1976-жылы Талас облусунун Кара-Буура районунда туулган. Ал 2001-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин «юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.

2015-жылдын 4-октябрында «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен парламенттин VI чакырылышына депутат болуп келген.

Кыргызстан-Казакстан  чек арасындагы абал өлкөдөгү бир катар турмуш тиричиликке керектүү товарлардын кымбаттоосун алып келди. Маселен, көмүрдүн баасы азыркы тапта  республика 890 сомго кымбаттап, бир тоннасы 3800-6500гө чейин сатылууда. Негизи өкмөт күз-кыш мезгилине карата көмүрдүн баасын жөнгө салат. Ага ылайык, учурда атайын  долбоор экономика министрлиги тараптан  коомдук талкууга чыкты.  Эми  көмүрдүн элге сатылып жаткан наркы министрлик тараптан да көзөмөлдөнө баштайт.

Кыргыз-казак чек арасында абал күчөтүлгөндөн бери Казакстан көмүр экспортун токтотту. Муну Казакстан жергиликтүү керектөөлөрдү толтуруп жатканы менен түшүндүргөн. Ошону менен Кыргызстанда көмүрдүн баасы көтөрүлдү. Азыркы тапта көмүр дээрлик 890 сомго кымбаттап, бир тоннасы 3800-6500 сомдон сатылууда. Бул абалды жөнгө салуу үчүн Экономика министрлиги атайын токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Эми ага ылайык көмүрдүн элге сатылып жаткан баасы көзөмөлдөнөт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Зайнидин Жумалиев«Марал» радиосуна билдирди.

— Элди көмүр менен камсыздоого толук мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан баа өтө өөдө болуп кетет дегенден алыспыз. Анткени өкмөттүн, Экономика министрлигинин деңгээлинде иш жүргүзүп жатабыз. Башкача айтканда, мамлекеттик көзөмөлдү киргизип жатабыз. Себеби, соңку кырдаалдан пайдаланып бааны жогорулатканды киргизбешибиз керек. Бул боюнча токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгардык.

Көмүрдүн кымбатташына Казакстандан келген ташуулардын токтогону эмес, маселе көмүрдү алып келген унаалардын жетишсиздигинде турганын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрага орун басары Кубан Мырзаканов маалымдады. Бирок бул сындуу маселени жоюу үчүн тапшырмалар берилген. Ага ылайык, эртеңден баштап бардык унаалар бир күнү жылуулук борборлоруна, экинчи күнү жергиликтүү элге көмүр ташыйт.

 Биздин көмүрчүлөрдүн маалыматында көмүрдүн өзүндө маселе жок. Болгону казылган көмүрдү ташый турган унааларда маселе бар. Бүгүнкү күнү унаа жетишпей жатат. Бирок ал деле өтө орчундуу маселе эмес. Бир аз унаа кошумча болгондо маселени жеринде чечмекпиз. Ага карабай кечээ атайын чечим кабыл алдык. Эми көмүр ташыган жалпы унаалар бир күн жылуулук берүү борборлоруна, экинчи күнү эл үчүн алып келишет.

Кыргызстан жылына жалпы 2 млн 300 миң тонна көмүр керектейт. Анын 1 млн 800 миң тоннасы жергиликтүү көмүр. Калганы Казакстандан алынат. Бирок учурда Казакстан кайсы маалда көмүрдү экспорттой баштаарын так айта элек. Анткен менен Кыргызстандын көмүр кендери өлкөнүн керектөөлөрүн толук жапканга күчү жетээрин, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучу Надыр Бекжанов айтты.

Азыр күнүнө 250 унаа көмүр ишканаларынан чыгып жатат. Анын 10 пайызы жылуулук борборуна, калганы жеке менчик ишкерлер алып жатат. Мен нерсени айтып коюшум керек. Бүгүнкү күнү Кыргызстандын өзүнүн запасы жалпы керектөөгө жетет. Күз-кыш мезилинде үзгүлтүктүз камсыздай алабыз. Буга толук ишендирип кете алам.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күнү көмүр өндүрүүчүлөр өкмөт бекитип берген баа менен сатып жатат. Тоннасы 1 200 сомдон айланат. Ал эми жергиликтүү элге отурукташкан аймагынын алыстыгына жараша 3 800-6 500сомдон сатылууда.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *