Шашылыш кабар:

Кыргызстанда энелердин өлүмү кыскарууда

Октябрь 27, 2017 | жарыялаган Айжамал Худайбердиева
70

Төрөт маалында аялдардын каза болуу учурларын азайтуу максатында Кыргызстанда энелер өлүмүн иликтеген  конфиденциалдуу иликтөө комитети түзүлгөн. Жүргүзүлгөн аудиттин  маалыматтаргына ылайык, 2014-2015-жылдары кош бойлуулук, төрөт учурунда жана төрөттөн кийинки мезгилдеги 42 күндүн ичинде өлкө боюнча 148 аял көз жумган. Бул ар бир тирүү төрөлгөн 100 миң ымыркайга 44 учурду түзгөн. Өлкөдөгү мындай көрсөткүч Белорусияга караганда 11, ал эми Өзбекистанга салыштырмалуу 2.5 эсеге жогору. Өлүмдүн негизги себептери: кансыроо (33.1%), жогорку артериялык кан басым (14.9%), инфекциялык татаалдашуулар (14.2%) ошондой эле, аялдын мурдагы жана жаңы ооруулары (23.7%).

Саламаттыкты сактоо министрлигинин дары-дармек саясат башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева белгилегендей, акыркы убакта энелер өлүмүнүн саны азаюуда. Алсак, 2015-жылы 63 аял каза тапса, 2016-жылы бул көрсөткүч 48ти түзгөн. Кош бойлуу болгондо энелер мурдагы жана жаңы оорууларынан улам көз жумат.

-Кыргызстанда энелер өлүмүнүн саны азайганы байкалууда. Эки жылды салыштырганда 21%га төмөндөдү. 2017-жылдын тогуз айында болсо, сегиз пайызга азайган. 2016-жылдын тогуз айында 41 өлүм катталса, бул жылы 36 эне көз жумган. Жүрөк, кан-тамыр, өпкө, бөйрөк ооруулары менен жабыркаган энелер кош бойлуу болгондо кыйналып, өлгөндөр көп болот.

2014-2015-жылдары каза тапкан энелердин ичинен төрөткө чейинки кам көрүүгө кеч катталгандардын үлүшү 41%ды түзгөн. Калган 14 пайызы медициналык текшерүүнү үзгүлтүккө учуратышкан. Ал эми, каза болгондордун отуз пайызы ооруканага такыр катталган эмес. Үй-бүлөнү пландаштыруу алянсынын жетекчиси Бактыгүл Бозгөрпоева билдиргендей, энелердин өлүмүнүн артышына аялдардын кош бойлуу учурдагы коркунучтуу белгилер бонча маалыматынын төмөндүгү чоң таасир берет.

-Каза болгон 14 аялдын сегизи үй ичинен, ал эми, алтысы жолдо көз жумган. Медицина кызматкерлери убагында карап, көңүл бурбаганынан улам 83 эне өлгөн. Көбүнчө социалдык абалы начар болгон үй-бүлөдө жашаган аялдар көп. Себеби, балдарды пландаштыруу деген маселе каралбай жатат.

Мындан сырткары аялдардын туруктуу жумушунун жоктугу энелер өлүмүнүн тобокелчилигинде маанилүү социалдык фактор болуп саналат. Анткени, көз жумган аялдардын 17 пайызынын гана жумушу болгон. Энелер өлүмүн конфиденциалдуу иликтөө комитетинин катчысы Чолпон Салтакеева өлүмдүн артышына финансылык кыйынчылыктар менен катар аялдардын медицина кызматкерлери менен кызматташуудан баш тартышы өзгөчө таасир эткенин айтат. Анткени, көп учурда кош бойлуулар кургак учур, эпилепция сыяктуу оорууларын айтпай, атайын жашырып коюшат.

Кош бойлуулар кургак учур, эпилепция сыяктуу оорууларын атайын жашырып коюшат. Зыяны өздөрүнө эле тиет. Эпилепция менен ооругандар уялып, дарыларды ичүүдөн баш тартышат. Натыйжада, абал оорлошот. Бул кош бойлуу аялдардын өлүмүнө себеп болууда. Эч бир дарттын уяты жок.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев: “Энелердин өлүмү медициналык кызматтардын сапатын жакшыртуу менен эле чечилбейт, мында ар бир аял эне болуу чоң жоопкерчилик экенин сезе билиши керек,”- дейт. Анткени, каза болгон балдардын 60 пайыздан көбү бир жашка чыга элек көз жумушат. Жетекчи анын башкы себеби эненин саламаттыгы менен тыгыз байланышта экенин белгиледи.

Бүгүнкү күндө энелердин өлүмүн төмөндөтүү боюнча секторлор аралык ишти күчөтүшүбүз керек. Энелерге жана балдарга болгон медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу зарыл. Бирок, муну менен эле өлүм санын түшүрө албайбыз. Биринчи кезекте эл эне болуу ыйык милдет экенин түшүнүшү абзел. Ал жоопкерчиликтүү мамиле талап кылат. Эгерде жүрөгүндө көйгөйлүү ооруулар болсо, аз кандуулук менен жабыркаса, алардын баарын алдын ала даарылаш керек. Андан кийин гана эне болууга аттанышса.

Кошумчалай кетсек, энелердин өлүмү өзгөчө Жалал-Абад облусунда көп катталат. Тагыраак айтканда, ушул жылдын эсебинин аталган аймакта 10 эне көз жумган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *