Шашылыш кабар:

Окуу жылын баштоо 10-сентябрга жылдырылат

Октябрь 27, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
70

Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылын 10 же 15-сентябрдан баштоо демилгесин карап чыкты. Атайын жумушчу топ эки вариантка тең көңүл буруп, окуу планынын концепциясын иштеп чыгышкан. Ага ылайык, эң жумшак вариант катары жаңы окуу жылын 10-сентябрда баштоо аныкталган. Анда окуу жылын 31-майда же 1-июнда бүтүрүүгө туура келет. Бул демилге боюнча министрлик жаңы жылга чейин аймактардагы ата-энелер менен баарлашып, алардын сунуш-пикирлерин да эске алышмакчы.


Өткөн жылы Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясы, жаңы окуу жылын 1-сентябрда эмес, 15-сентябрдан баштоо керек деген демилгени көтөрүп чыккан. Анткени, бул маселенин чечилиши менен өлкөнүн туризм тармагына кайсы бир деңгээлде таасирин тийгизе турган жагдайлар бар.

Демилгечилердин келтирген жүйөсүндө, эгер жаңы окуу жылы 10-сентябрда башталса, өлкөнүн туризм тармагы бир кыйла өнүгөт. Маселени алып чыгаардан мурда демилгечилер туризмдин өзөгү делген Ысык-Көл облусунун тургундары менен жолугушууларды өткөргөн. Ошол учурда эс алуу жайларынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар тараптан дагы бул сунуш колдоо тапкан.

Бирок ошол мезгилде Билим берүү жана илим министрлиги депутаттардын сунушун иш жүзүнө ашырууга мүмкүн эместигин айтып, кийинчерээк карап көрүүгө макул болгон.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева «Кыргызстан»  фракциясынын сунушун карап чыгып, жаңы окуу жылын 10-сентябрдан баштоо вариантына токтолдук деди.

Окуу жылынын башталышын 20-сентябрга эмес, 10-сентябрга жылдырууга болот. Муну менен туристтик сезон дагы узартылат, ошону менен катар окуу программасын дагы өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок болот. Окуу жылынын башталышын которууну 2018-жылдан 2020-жылга чейин сынап көрүп, андан соң акыркы чечим кабыл алууну болжоп жатабыз. Бул окутуу саатын, көлөмүн жана окуучуларды азыркы окутуу стандартына байланыштуу программаларды өзгөртүүгө туура келет. Ошондой эле, мугалимдердин окутуу жүктөмдөрүн кыскартуу жана алардын эмгек акысын кыскартуусуна алып келет. Аны менен бирге социалдык чыңалууну жаратат.

Мындан сырткары, Г.Кудайбердиева ЮНИСЕФтин бул аралыкта балдар эс албай эле, түшүм жыйноого көмөктөшүү менен алек болот деген корутундусу бар экенин кошумчалады.

Бул демилге боюнча министрлик ноябрь жана декабрь айларында өлкөнүн баардык аймактарында ата-энелер жана мугалимдер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Андан соң өкмөттүн күн тартибине киргизилип, ошону менен катар бул маселе 2018-жылдын башында өкмөттүн тиешелүү токтому демилгеленмек.

«Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Батырбеков демилгени министрлик түшүнүү менен карап чыкканына ыраазычылык билдирип, сунуш мамлекеттин кызыкчылыгын жана экономиканын өнүгүүсүн көздөйт деп белгиледи.

Күзгү түшүм жыйноо мезгилинде айылдарда балдар ат-энесине жардам берип сабакка барбай калып жатышат. 10 күнгө жылдырса мугалимдерге да жакшы болот. Ошондой эле, туризм мезгилине да ыңгайлуу.

Өзгөн районунун Ийри-Суу айылында мугалим болуп иштеген Гүлбара Балтабаеванын баамында, мектеп программасына кесепети тийбегендей болуп, бөлүнгөн сааттардын баардыгы эсептелинип чыкса, анда окуу жылын 10 күнгө кечеңдетип баштоого мүмкүн. Анан калса, окуучулардын эс алуусу менен ден-соолугу да унутта калбашы керек.

Балдар окуудан деле артта калышпайт. Майрам күндөрү деле көп болуп жатпайбы, ошол майрам күндөрүн да азайтса болмок. Ар бир чейрекке бир жумадан бөлсө деле көйгөй чыкпайт, бир ай кышкы каникулда да отурабыз. Айыл жергесинде жашоо оор, көбү болбосо да жарымы жайлоого кетишет. Жарым-жартылай келгенден көрө толук окууну баштаганы жакшы.

Мындай демилге өзгөчө Ысык-Көлдүктөргө майдай эле жакты. Анткени 10 күн айта келгенде аз эле көрүнгөнү менен туристтик сезонду айтпаганда да, оруп-жыюу жана жайлоодон көчүп түшүү сыяктуу күзгү жумуштардан ата-энелер алагды болбой калмак. Ысык-Көлгө сезон маалында бир айда 300-400 миңге чукул турист келет. Ошондо балдарын мектепке даярдоонун камын көрүп августун аяк ченинде ишти жыйынтыктаган ата-энелердин 10 күндүн ичинде иштелбей калган кирешеси эле 45 млн сомго жакын экен. Демек окуу кечирээк башталса ушул каражат өзүбүздүн эле жарандардын капчыгына түшмөк деген пикирин облус тургуну Максат Мамытов айтты.

-Биздин райондо туристтик сезонду узартсак, элге пайдалуу болмок. Ошол эле учурда айылдагылар оруп-жыйноосун бүтүрүп алат.

Өлкөдө жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталганы менен окуучулардын баардыгы толук келбейт. Ал эми билим алуу сапаттуу болсун үчүн окуучулар биринчи кезекте сабактарын калтырбашы керек. Бирок шартка байланыштуу мындай көрүнүш жыл сайын эле кайталанат. Андыктан, окуу жылынын 10 күнгө кечирээк жылдырылышы балдардын билим алышына жакшы эле таасирин тийгизмек дешет мугалимдер. Ал эми көтөрүлгөн демилге көпчүлүктүн колдоосун табабы же жокпу, аны убакыт көргөзөт.

Кошумчалай кетсек, өнүккөн өлкөлөрдө окуу жылы элдин социалдык-экономикалык кызыкчылыгына байланышкан. Мисалы, Туркияда, АКШ жана Германияда сентябрдын акыркы күндөрүндө башталат. Япония жана Индияда окуу мезгили аба ырайына байланыштуу болот.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *