Шашылыш кабар:

Эрмек Нурбаев: “Тамашоудан” чыккан балдар бааласа пайдалуу устатпыз”

Октябрь 26th, 2017 | by Субанбек Исмакеев
Эрмек Нурбаев: “Тамашоудан” чыккан балдар бааласа пайдалуу устатпыз”
Радио желе
0

“Тамашоу” лигасын Эрмек Нурбаевсиз элестете албагандай эле, Эрмек Нурбаевди да Тамашоусуз элестете албайбыз. Өзү жаш болсо да көптөгөн таланттуу жаштарды тарбиялап чыгарган Эрмектин эмгеги туурасында “Шакирти көптү мыкты устат деп атаса болобу” деген темада «Радио Желе» программасында кеп курдук.

“Эмне үчүн кыргызча КВН ойнобойбуз?», — деген суроо жүрөгүмдү өйүп жүрдү”

Мен мурда орусча лигада КВН ойноп жүргөндө региондордон келген орусча сүйлөй албаган көптөгөн таланттуу балдарды көрдүм, бирок тил барьеринен улам катыша алышпайт. Ошондуктан аларды көрүп «эмне үчүн кыргызча КВН ойнобойбуз» деген суроо жүрөгүмдү өйүп жүрдү. Кошуна казак элинин казакча КВНни бар деп укканда да катуу таасирлендим. Негизи идея 2005-жылы эле пайда болгон, бирок 2008-жылы “Тамашоу” долбоору ишке ашып, балдар биринчи жолу сахнага чыга башташкан.

Өсүп чыккан балдар бааласа, сыйлашса демек пайда келтирген устаттарданбыз

“Тамашоу” аркылуу көп балдардын таланты ачылды. Алгач балдар даярдыгы жок келишкен. Арслан Ибрагимов экөөбүз тамаша жазганды, сахнага чыгуу маданиятын уйрөтүп, колдон келишинче жардам көрсөттүк. Азыр айрымдары теледолбоорлордо иштеп жүрсө, кино тартып, актердук менен алектенип, тойлордун көркүн ачып тамадалык кылып жүргөн балдарыбыз да көп. Бул мени абдан кубандырат, анткени, максатым жаштардын талантын ачып, аларга жол салып берүү болчу. Кудайга шүгүр, учурда баардык балдарым менен жакшы мамиледемин. Четинен үйлөнүп жатышат, тойлоруна чакырышат, арасынан өкүл ата койгондору да бар. Өсүп чыккан балдар баалашса, сыйлашса демек пайда келтирген устаттарданбыз.

Бизде тартип катуу

Негизи келген ар бир команда менен жолугуп, жакшы каалоо-тилектеримди айтып, жакшы жактарын мактайм, бирок ошону менен биргеликте камчыны бекем кармайм. Анткени, бизде тартип катуу. Ичимдик ичпе, тамеки тартпа. Керек болсо айланасына түкүргөнгө тыюу салам. Балдар аны билип тартипти кармашат. Жетишкендиктерге жетип, эл көзүнө көрүнүп калгандары анча-мынча жылдыз оорусуна чалдыгышты. Менден убактылуу да алыстап кеткендери болду, бирок мен андайды адам катары түшүнөм, анткени өзүм да көрүп ал нерседен өткөм.

Барган сайын жаштар жалкоо болуп барткандай

Албетте, биздин жаштар деле тегиз эмес. Бирок барган сайын чынын айтсам жаштар жалкоо болуп бараткандай. Мунун себеби, же китеп окушпайбы же интернет деген балээ келгенден кийин баары кызыксызбы, ошол “Тамошоуда” деле КВНде деле балдардын сапаты төмөндөп калды. Мурун он, он беш команда ойносо алардын баары күчтүү болушчу. Азыр деле уучубуз куру эмес, таланттуу, күчтүү балдар бар, болгону арасынан бешөө суурулуп чыкса, калгандары артына келе жатат.

Буюрса жакында 29-октябрда “Тамашоу” лигасынын 10-юбилейлик сезонунун ачылышы болот. Даярдыктар жакшы, Тамашоунун баардык бүтүрүүчүлөрү келип, конок катары эмес кадимкидей дипломдорго ат салышып ойношот.

Comments are closed.