Шашылыш кабар:

Тарых музейиндеги 503 экспонат качан жана кайда жоголгон?

Октябрь 25, 2017 | жарыялаган Айжамал Худайбердиева
96

2016-жылдын аягында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан Маданият министрлигине бюджеттик жана атайын каражаттарды пайдалануу боюнча аудит жүргүзүлгөн.

Анын негизинде мамлекеттик тарых музейинде 503 экспонат жоголгону маалым болгон. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын социалдык жана курчап турган чөйрө чыгымдарына аудит жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Арстанбеков билдирди. Бөлүм башчы белгилегендей, Эсептөө палатасынын жумуштук планынын негизинде бул маалымат коомчулукка эми жарыяланууда.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында, тарых музейинде 503 экспонаттын жетишсиздиги аныкталган. Алардын ичинде сырткы келбети өзгөргөндөр, сынгандар бар. Көргөзмөлөргө алып барганда жоголгондор да бар. Бул маалымат бизге 2016-жылдын аягында белгилүү болду. Пландык жумуштар боюнча ушул жылы айтылып жатат. Эч кандай башка себеп же кызыкчылык жок.

Мамлекеттик тарых музейинин директору Анаркүл Исиралиева экспонаттар 1970-2000-жылдарда жоголгонун айтат. Жетекчи музейдеги бир катар текшерүүлөрдөн кийин жоголгон буюмдар тууралуу Башкы прокуратурага маалымат берген. Бул маселе Маданият министрлигинин коллегиясына да коюлган. Маалыматка ылайык, жоголгон экспонаттардын көпчүлүгү чоподон жана колодон жасалган.

Бул экспонаттар 1970-2000-жылдар аралыгында жоголгон. Жетпеген экспонаттар боюнча Башкы прокуратурага маалымат бергенмин. Мындан сырткары, Маданият министрлигине да билдиргенбиз. Аталган министрликтин коллегиялык жыйынында бул маселе каралып, айрым жушушчулар иштен кеткен. Бүгүнкү күндө жок болуп жаткан элементтер чоподон, колодон жасалган эле.

2008-жылы Маданият министрлигинин атынан тарых музейинин фондун текшериш үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Комиссияга Илимдер академиясынын тарых жана маданий мурастар институнун археология бөлүмүнүн башчысы Калича Ташбаева да мүчө болгон.

Мүчө билдиргендей, ошол жылдарда эле 367 буюм жоголгон. Эрежеге ылайык, музейдеги ар бир материалдын мүнөздөмөсү журналга жазылат. Буюм кандай материалдан жасалганы, кимге таандык экени жана башка өзгөчөлүктөрү тууралуу кенен маалымат берилет. Бирок, тарых музейинин материалдары 2003-жылы гана журналга түшүрүлгөн. Муну айткан Калича Ташбаева: “Музейдеги боюмдар туруктуу бир жайда турса, жоголбой сакталат,”-дейт. Бөлүм башчы мындан сырткары, ар бир буюмду сактоонун жол-жобосу бар экенин, бирок музейдин кызматкерлери ага маани бербей жатканын айтат.

2003-жылы гана музей буюмдары журналга түшүрүлгөн. Биз текшерип жатканда музейдин фондунда археология жаатында эле 357 буюм жок болчу. Алардан 69 өтө баалуу буюмдар болчу. Азыр деле канчалаган буюм тизмеге кирбей, жөн эле жатат. Музейдеги материалды коргоонун, сактап калуунун илимий инструкциялары бар. Кызматкерлер ага маани бербей жатпайбы. Буюмдарды бир орундан экинчи орунга бат-баттан которууга мүмкун эмес. Бирок, музей жыл сайын жылдырып жатат. Анда иштеген кызматкерлер деле арызданып жүрүшөт “улам жылдыра беребиз” дешип. Атайын ошол жок болгон буюмдар билинбесин деп жылдырат окшойт.

Ал эми маданият министри Түгөлбай Казаков 70-80-жылдары жоголгон экспонаттардын бүгүн жарыкка чыгып жатканын каралоо катары баалайт.

Өткөн кылымдын 70-80-жылдары жоголгон экспонаттардын баарын эми айтып жатпайбы. Кудум эле кечээ жоголгонсуп. Каралоо сыяктуу болуп жатат. Андан башка эмне болмок эле? Болбосо, эмнеге ушул убакытка чейин унчукпай отуруп, эмне максат менен бүгүн алып чыгып жатат?

Эске салсак, Кыргыз мамлекеттик тарых музейи 1925-жылы 9-декабрда негизделген.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *