Шашылыш кабар:

БШК 8 шайлоо тилкесинин жыйынтыгын жокко чыгарды

Октябрь 25, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
51

Борбордук шайлоо комиссиясы жыйын өткөрүп, 15-октябрда өткөн президенттик шайлоону өткөрүү жана даярдоо мезгилинде БШКга келип түшкөн арыздар боюнча маалыматты укту. Аны менен бирге президенттик шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду бекитти. Ал эми 8 шайлоо тилкесинин жыйынтыгы жокко чыгарылды.


Кыргызстанда 15-октябрда президенттик шайлоо өткөрүлдү. Алдын ала жыйынтыктар анын эртеси эле билинген. Ал эми БШК расмий акыркы жыйынтыктарды жарыялай элек.

25-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жыйынга чогулуп, шайлоого байланыштуу келип түшкөн арыздар боюнча маалымат укту.

Анда шайлоо процессинде 1243 арыз түшкөнү айтылды. Бул тууралуу БШКнын коомдук кабылдамасынын кызматкери билдирди.

Анын маалыматында, 102 арыз жумушчу топко келип түшкөн, алардын ичинен тогузу канааттандырылып, төртөө укук коргоо органдарына жиберилген. Он беш арыз маалымат каражаттарына байланыштуу болгон.

Арыздардын 900дөн ашыгы телефондук чалуулар аркылуу катталган. Келген арыздардын көпчүлүгү өздөрүн тизмеден таппай калган жарандарга байланыштуу.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул жолу шайлоодо мурдагы көп кемчиликтер чечилгенин айтты.

Быйыл чоң өзгөрүү болду. Мурда добуш берүүгө катыша албай калса, эч ким жооп бербейт болчу. Учурда атайын топ түзүлгөн. Ошол топ атайын арыздарды кабыл алып, жооп берип иштеп жатты. Телефондук чалуулар боюнча жалган чалуулар да болду. Ар бир түшкөн арыздар боюнча биз жооп берип, иликтөө жүргүздүк.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө, БШК президенттик шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду бекитти.

Маалымат боюнча, Борбордук шайлоо комиссиясы 2367 шайлоо тилкесинен протоколдорду кабыл алган. Шайлоого катышкан жарандар боюнча БШКнын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтарында дал келбөөчүлүк болгондуктан 8 шайлоо участогунун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Боршайкомдун шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмүнун башчысы Айбек Өмүралиевдин айтымында, жокко чыгарылган 8 участокто 11 336 добуш болгон.

Жокко чыгарылган шайлоо участкалары Кара-Суу, Сузак райондорунда, Бишкек шаарында, Сокулук районунда жана Тышкы иштер министрлигине тиешелүү тилкеде болгон. Анда бюллетендеги идентификациясы туура эмес экени такталган.

Андан соң күн тартибине ылайык, БШК  президенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгармак. Бирок белгисиз себептер менен тыныгуу жарыяланып, бул маселе 26-октябрда кароого калтырылды.

Айта кетсек, президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктар боюнча, Сооронбай Жээнбеков добуштардын 54,81 пайызы менен биринчи орунда турат. Экинчиде Өмүрбек Бабанов (33,7 пайыз), ал эми Адахан Мадумаров 6,48 пайыз добуш менен үчүнчү орунда.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *