Шашылыш кабар:

ФИФА: Криштиану Роналду — жылдын мыкты футболчусу

Октябрь 24, 2017 | жарыялаган Түмөнбай Абдинаби уулу
153

23-октябрдан 24-октябрга караган түнү Англиянын Лондон шаарында ФИФАнын «The Best» сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Анда жылдын мыкты футболчусу болуп «Реал Мадрид» клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду аталды. Португалиялык оюнчу бул сыйлыкка экинчи ирет ээ болууда. Аталган наам үчүн аны менен бирге «Барселонанын» жылдызы Лионель Месси жана «ПСЖнын» чабуулчусу Неймар ат салышкан.

Ошондой эле ФИФАнын чыгарган жыйынтыгынын негизинде “Реал Мадрид” клубунун машыктыруучусу Зинедин Зидан мыкты машыктыруучу болуп табылды. Ал эми мыкты дарбазачы сыйлыгын “Ювентус” клубунун жана Италия курама командасынын капитаны Жанлуижи Буффон алды. «Ференц Пушкаш» атындагы сыйлык 2017-жылдын кооз голунун ээси катары “Арсенал” клубунун чабуулчусу Оливье Жируга ыйгарылды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *