Шашылыш кабар:

Быйыл сасык тумоого каршы вакцина 20% көп алынды

Октябрь 23, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
85

Быйыл сасык тумоого каршы вакцина 20% көп алынды. Анткени, ага болгон талап жыл сайын өсүүдө. Акысыз эмдөө алуу тобуна өнөкөт оорусу бар бейтаптар, кош бойлуулар, жаш балдар, медициналык кызматкерлер жана социалдык камкордуктагы балдар кирет. Андан тышкары каалаган кишилер жеке клиникалардан 450-650 сомдун тегерегинде ала алат.


Жыл сайын күз-кыш мезгилинде курч респиратордук вирустук оорулар жана сасык тумоо күч алат. Бейтаптардын саны октябрь айынан тартып, декабрда эң жогорку көрсөткүчкө жетет. Маселен, өткөн жылы ооругандардын көпчүлүгүн, 65% -14 жашка чейинки жаш балдар түзгөн. Ал эми быйылкы көрсөткүч боюнча 9 айдын ичинде Бишкекте 2миң 140 учур катталса, акыркы айда сасык тумоонун көрсөткүчү туруктуу түрдө болууда. Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасынын башкы врачы Гүлжигит Аалиев билдиргендей, аба ырайынын суук болушу менен сасык тумоо күч алат, өзгөчө балдар арасында.

«Негизи сентябрдын аягы, октябрдын башынан баштап, аба ырайына байланыштуу сасык тумоого кабылып, балдар ооруканага кайрыла баштайт. Бирок азыркы күндө стабилдүү. Өткөн жылы декабрь айында эң жогорку чекке жеткен».

Ага карата Саламаттыкты сактоо министрлиги сасык тумоого каршы вакцина менен калкты камсыздайт. Бул жылы өткөн жылга салыштырмалуу вакцина көбүрөөк алынган. Анткени жыл сайын эмдөөгө болгон талаптын күч экендиги байкалган. Жугуштуу ооруларды алдын алуу башкармалыгынын башчысы Абдыкадыр Жороевдин берген маалыматында быйыл 23млн 700 миң сомго 84миң 642 вакцина алынып, аймактарга таркатылган.

«Бүгүнкү күндө Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бөлүнгөн каражатка 84миң 642 вакцина алынып келинди. Аймактарга таркатылган. Эмдөө аяктап жатат. Жыл сайын эмдөөгө болгон талап күчөп жатат. Ошондуктан, быйыл өткөн жылга салыштырмалуу 20% көп алынды».

Маалыматка ылайык, эмдөө алган кишинин организминде 10 күн аралыгында ооруга каршы иммунитет иштелип чыгат. Натыйжада анда пайда болгон антителолор оорунун бат жана жеңил өтүүсүн шарттайт. Тартип боюнча дене табы көтөрүлгөн учурда жасоо сунушталбайт. Эмдөө эпидемиялык мезгил башталганга чейин жасалышы керек. Жугуштуу ооруларды алдын алуу башкармалыгынын  эпидемиологиялык бөлүм башчысы Динара Сатарова билдиргендей акысыз эмдөө өнөкөт оорусу бар бейтаптарга, жаш балдарга, кош бойлуу аялдарга, медициналык кызматкерлерге жана балдар үйүндөгү балдарга жасалат.

«Анткени бул адамдардын иммунитети алсыз болуп, ооруну бат жуктурушат. Ошондуктан, эмдөөнү алганда организминде иммунитет пайда болуп, 1 жыл сакталат. Ооруп калган учурда да жеңил өткөрүшөт. Ал эми кош бойлуу энелер эмдөө алганда антитело түйүлдүктү сактап калуу күчүнө ээ болот. Натыйжада балага зыянын тийгизбейт».

Бирок каражаттын жетишсиздигинен улам, алынып келинген вакциналар калктын баарын эмес, эмдөө жасалышы керек болгон калктын катмарынын дагы 13 % гана камсыздай алат. Ошондуктан, ар бир министрлик кызматкерлерин вакцина менен камсыздаса, борборлоштурулган тартипте сатып алууга мүмкүнчүлүк болмок, дейт Абдыкадыр Жороев.

Жогоруда айтылган тобокел топторунан тышкары ар бир каалаган киши жеке клиникаларда 450-650 сомдун тегерегинде эмдөө жасата алат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *