Шашылыш кабар:

Эркектердин саламаттыгы акысыз текшерилип жатат

Октябрь 23, 2017 | жарыялаган Канай Анаркулов
135

Бишкекте “Эркектердин саламаттыгынын жумалыгы” өтүп, анда уролог жана андрологдор эркектерди акысыз текшерүү менен консультация берип жатат. Саамалык 23-октябрдан 1-ноябрга чейин уланат.

Республикалык урология илимий борборунунун бөлүм башчысы Токтобек Термечиков, мындай акция 6 жылдан бери уюштурулуп келе жатканын айтып, анын негизги максаты тууралуу буларга токтолду.

-Буга чейинки жылдары өткөрүлгөн акцияларда  40 жаштан жогору 60 пайыз эркектер простатит оорусу менен жабыркай турганды аныкталган. Анын бир канча түрү бар. Айрымдары өтө эле кооптуу. Бирок, бул ооруну дарылоого мүмкүнчүлүк бар. биздин максатыбыз да так ушул ооруларды алдын алып, биздин мырзалардын саламаттыгын бекемдөөгө көмөктөшүү.

Простатит оорусунан тукумсуздук эле эмес, акыркы жылдары рак оорусу да көбөйүп жатканын уролог Нурбол Курманбеков билдирди. Ошондуктан мырзаларды өз ден-соолугуна, келечегине кайдыгер карабай, бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланууга чакырды.

-Соңку учурда эркектердин оорулары өсүп жатат. Өзгөчө простата безинин оорулары жыл өткөн сайын жогорулап жататр. Андан  эркектердин дарттары да көбөйүп, өмүрү да кыскарып жатат. Акыркы убакта простата безинин рак оорусуна чалдыккандар да арбыды. Биз ошолорду алдын алууга аракет кылып, атайын түзүлгөн топ да иштеп жатабыз.

Маалым болгондой, Кыргызстандагы эркектер оорусун же кемчиликтерин ачык айтуудан уялышып, ооруканаларга кайрылбай жүрө беришет. Айрымдары материалдык жактан көп чыгымга учурап калам деген коркунуч менен барышпайт.  Анан өтүшүп, дартты дарылоого оор болуп калган учурда келишет. Ошондуктан, бул сыяктуу иш чаралар оорууну алдын алууга өбөлгө болот.

Бул жолку акциянын алгачкы күнүндө эле кезек күткөн эркектер көбөйгөнүн көрө алдык. Бирок, алардын көпчүлүгү дарты тууралуу айтуудан баш тартышты. Дарыгерлердин айтымында, 55 жаштан жогору 70 пайыз эркектер түнкү заара кылуудан жабыркашат. Бул көйгөй адамдын эрте өлүмүнүн негизги себептеринин бири болгондугуна карабастан, алардын 8%ы гана дарыгерлерге кайрылышат.

Таластан келген 58 жаштагы Кудайкул Досумбетов да, жаш өткөн сайын жогорудагы көйгөйгө кабыла баштаганын билдирди.

-Түнкүсүн кыйналып калган учурларыбыз болот. Жаш курак ошого алып келет экен. Азыр алгач көрүнөйүн, анан  дарыланайын деп жатам. Дарыгерлердин жардамын акысыз алууга шарт түзүп берип жаткандарга ыраазычылыгымды айтат элем. Себеби, көпчүлүк бул жакка батынып же каражаттыцн айынан келе алышпайт.

Дарыгерлердин айтымында  кайрылган мырзалардын басымдуу бөлүгү простатит менен ооруганын, анын пайда болушуна, кыймыл аракеттин аздыгы, суук тийүү, стресс , алкоголду көп колдонуу сыяктуу бир катар факторлор себеп болот. Ошондуктан, ар алты ай сайын дарыгерге кайрылып турууну ак халатчандар эскертет.

Кошумчалай кетсек, бул акция облустук ооруканалардын урология бөлүмдөрүндө да өтүп жатат. Бир жума боюу 09:00дон 15:00гө чейин акысыз көрүнүүгө болот. 12:00-13:00го  чейин тыныгуу бар экенин унутпаныз.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *