Шашылыш кабар:

Акжол Махмудов Түркияда өткөн эл аралык турнирде алтын медаль тагынды

Октябрь 23rd, 2017 | by Каныкей Бозгунова
Акжол Махмудов Түркияда өткөн эл аралык турнирде алтын медаль тагынды
Кыска кабар
0

Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов Түркияда өткөн күрөш боюнча жаштар арасындагы эл аралык турнирде алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдирди.

Аталган турнир 20-21 октябрь күндөрү Стамбул шаарында өттү. Ага Кыргызстандын атынан 8 спортчу катышкан.

Акжол Махмудов 74 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты. Турнирдин финалында Махмудов түркиялык спортчуну жеңип, алтын медалды багындырды.

Бул медаль Акжол Махмудовдун 2017-жылдын ичиндеги үчүнчү  байгеси болуп саналат.  Буга чейин Кытайда өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын жана Финляндияда өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган.

Comments are closed.